Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Адепсиздик доорон сүргөн дүйнө. Ыйык Китепте эмне делет?

Адепсиздик доорон сүргөн дүйнө. Ыйык Китепте эмне делет?

 Адептүүлүк күндөн күнгө төмөндөп баратат. Каякты караба, доктурларга ызырынган бейтаптар, ресторандын кызматкерлерине орой мамиле кылган кардарлар, учактын экипажына баш ийбеген жүргүнчүлөр, мугалимдерди шылдыңдаган, коркуткан, аларга кол салган бейбаш окуучулар. Айрым саясатчылар өздөрүнүн канчалык адептүү экенин көрсөткөнгө аракет кылып жатышса, башкалары төбө чачты тик тургузган иштерди кылып жатышат.

 Ыйык Китепте адептүү жүрүм-турум чынында кандай болору сүрөттөлөт. Андан тышкары адептүүлүк эмне үчүн ушунчалык төмөндөп кеткени жөнүндө да айтылат.

Адепсиздик доорон сүргөн дүйнө

 Дүйнө жүзү боюнча адептүүлүктүн жоголуп баратканы, башкача айтканда, адамдардын ыйманы кетип, жүрүм-туруму бузулуп баратканы байкалууда.

  •   Гэллаптын акыркы изилдөөсүнө ылайык, Американын тургундары Кошмо Штаттарда адеп ахлактык баалуулуктар жоголуп баратканын, акыркы 22 жылда мынчалык деңгээлде болгон эместигин билдиришкен.

  •   28 өлкөдө жүргүзүлгөн дагы бир сурамжылоого ылайык, ага катышкан 32 000ден ашуун кишинин 65 пайызы адамдардын ынсабы кеткенин, буга чейин мындай кейиштүү абал эч качан болбогонун айтышкан.

 Ыйык Китепте адамдардын жүрүм-туруму ушундай болору эбак эле айтылган.

  •   «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген,.. ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген... болушат» (2 Тиметей 3:1—3).

 Бул пайгамбарлык кандайча аткарылып жатканы тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китепте адамдардын бузулары алдын ала айтылды беле?» деген макаланы окуп көргүлө.

Чыныгы адептүүлүк кандай болот?

 Адептүүлүк жоголуп бараткан бул дүйнөдө миллиондогондор Ыйык Китептен жакшы жүрүм-турум өрчүтүш эмне кылыш керектигин билип жатышат. Ал кеңештер «кылымдарга, түбөлүккө орнотулган» (Забур 111:8). Бир нече мисалга токтололу:

  •   Ыйык Китепте эмне делет?: «Ошентип, башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (Матай 7:12).

     Мааниси: Эгер башкалардын бизге боорукердик, урмат-сый менен мамиле кылышын кааласак, биз да аларга ошондой мамиле кылышыбыз керек.

  •   Ыйык Китепте эмне делет?: «Жалгандыктан баш тарткан соң, мындан ары ар бириңер жакыныңарга чындыкты айткыла» (Эфестиктер 4:25).

     Мааниси: Биз бардык жагынан — сөзүбүз менен да, ишибиз менен да — чынчыл болгонубуз маанилүү.

 Бул тема жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн төмөнкүлөрдү окуп көргүлө: