Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Акчага келбей турган үч нерсе

Акчага келбей турган үч нерсе

НЕГИЗИ, адам баласы кызык келет: жумушунан, үй-жайынан, акчасынан ажырап калганы турса да, ар кандай буюм-тайымдарга ээ болууну эле ойлоп, деги эле көзгө урунгандын баарын алганга умтула берет.

Андай кишилер чоңураак үйгө, жакшыраак унаага ээ болуу, атактуу фирманын кийимдерин кийүү керектигин таңуулаган соода-сатык жүргүзгөн ишканалардын олжосуна айланат. Жарнамачылар: «Тыйын жокпу? Анда насыяга алсаң болот!» — дешет. Көптөр карызга батып турса да, бай болуп көрүнгүсү келет.

Албетте, кыялдар эртели-кеч буу сымал тарап кетет. Бир китепте мындай делген: «Колунда бар болуп көрүнүш үчүн насыяга ар нерсе алууну көңүлдү көтөрүш үчүн эң арзан баңгизатты колдонгонго салыштырса болот. Башында насыяга алуу да, андай баңгизат колдонуу да, арзан түшкөндөй көрүнөт жана эргиткен сезимди пайда кылат. Бирок ал кыска эле убакытка созулат. Адам алардын кесепетин узакка чейин тартат: акчасынан айрылып, депрессияга дуушар болот» («Narcissism Epidemic»).

Ыйык Китепте колдо бар нерселерге мактануу акылсыздык экени айтылат (1 Жакан 2:16). Буюм-тайымдарга ээ болууну эле ойлоо жашоодо алда канча маанилүү болгон, акчага келбей турган нерселерден алаксытат. Келгиле, маанилүү болгон нерселердин үчөөнө токтололу.

 1. ҮЙ-БҮЛӨНҮН БИРИМДИГИ

Кошмо Штаттарда жашаган Бриан * деген өспүрүм кызга атасы жумушуна, акчага өтө көп маани бергендей сезилет. «Бизде баары эле бар,— дейт ал.— Бирок атам эч качан үйдө болбойт, ал жумушуна байланыштуу ар кайсы жакка көп кетет. Анын жумушу ошондой экенин түшүнөм, бирок бизге да көңүл бурушу керек да».

Ойлонуп көргүлө: Бриандын атасы кийин эмнеге өкүнүп калышы мүмкүн? Анын акчага, буюм-тайымдарга көп көңүл бурганы кызы менен болгон мамилесине кандай таасир этип жатат? Үй-бүлөсү анын тапкан акчасына караганда эмнесине көбүрөөк муктаж?

Ыйык Китептеги принциптер:

  • «Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры. Кээ бирөөлөр акчаны сүйүп,.. көптөгөн азаптарга дуушар болушту» (1 Тиметей 6:10).

  • «Жек көрүү бар жерде семиз өгүздүн этин жегенден көрө, сүйүү бар жерде жашылча тамак жеген артык» (Накыл сөздөр 15:17).

Жыйынтык: Үй-бүлөнүн биримдигин акчага сатып ала албайсыңар. Өмүрлүк жарыңарга, балдарыңарга убакыт, көңүл бөлгөнүңөрдө жана аларды сүйүүдөн өксүтпөгөнүңөрдө гана биримдик болот (Колосалыктар 3:18—21).

 2. ЧЫНЫГЫ КООПСУЗДУК

«Апам: „Бай жигитке турмушка чык, кийин кыйналып калбаш үчүн жакшы жумушка иштей ала тургандай окууга тапшыр“,— деп айта берет. Апам мага акчадан башка эч нерсени ойлобогондой көрүнөт»,— дейт 17 жашар Сара.

Ойлонуп көргүлө: Келечекти ойлогондо эмнелерге тынчсызданасыңар? Орундуу нерселерди ойлоп тынчсызданганыбыз кандай учурда чектен чыккандыкка жатып калат? Саранын апасы канткенде тең салмактуу көз карашта боло алат?

Ыйык Китептеги принциптер:

  • «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула. Жерде аны күбө жейт, дат басат, уурулар кирип, уурдап кетишет» (Матай 6:19).

  • «Силер эртең эмне болоруңарды билбейсиңер» (Жакып 4:14).

Жыйынтык: Акча келечегибиздин жакшы болушуна кепилдик бере албайт. Аны уурдап кетиши ыктымал, ошондой эле акча оорулардан айыктырып, өлүмдөн куткара албайт (Насаатчы 7:12). Ыйык Китепте Кудайды жана анын ой-ниетин билгенде гана чындап коопсуз боло аларыбыз айтылат (Жакан 17:3).

 3. БАКЫТ

«Ата-энем мени жупуну жашаганга үйрөткөн,— дейт 24 жаштагы Таня.— Майкөл-сүткөл жашабасак да, эгизим экөөбүздүн балалыгыбыз бактылуу өттү».

Ойлонуп көргүлө: Бар нерсеге топук кылуу эмне үчүн кыйынга турушу мүмкүн? Үй-бүлөңөргө акчага карата кандай көз карашта болуу керектигине байланыштуу силер кандай үлгү көрсөтүп жатасыңар?

Ыйык Китептеги принциптер:

  • «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу» (1 Тиметей 6:8).

  • «Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар бактылуу» (Матай 5:3, шилтеме).

Жыйынтык: Жашоодо акчадан жана акчага сатып ала турган нерселерден да баалуу нерселер бар. Ыйык Китепте: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деп айтылат (Лука 12:15). Чынында, төмөндөгүдөй суроолорго жооп алганда гана жашоодон канааттануу алабыз:

  • Эмне үчүн жаралганбыз?

  • Келечегибиз кандай болот?

  • Кудай жөнүндө билгим келген каалоомду кантип канааттандыра алам?

Бул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү ушул суроолорго жооп алганга жардам бере алат. Силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же www.pr418.com/ky веб-сайтына кирсеңер болот.

^ абз. 8 Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.