Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-СУРОО

Эмне үчүн сырткы келбетимди ойлой берем?

Эмне үчүн сырткы келбетимди ойлой берем?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Сен күзгүдөн көргөндөн алда канча маанилүү нерселер бар.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Элвира күзгүгө каранса эле, толук көрүнө берет. Ата-энеси менен достору: «Өтө эле арыксың»,— десе деле, ал: «Арыкташым керек»,— деп ойлой берет.

Жакында эле ал: «Эки килограммдай арыкташым керек» — деп, бир нече күн такыр тамак жебей коюуну чечти.

Эгер сага да Элвираныкындай ойлор келе берсе, эмне кылсаң болот?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

Сырткы көрүнүшүңө карата терс ойдо болгонуң күлкүканадагы күзгүгө көрүнгөнгө окшош

Сырткы келбетиңе тынчсызданганыңдын жаман жери жок. Кызыктуусу, Ыйык Китепте Сааранын, Рахилдин, Абигейилдин, Жусуптун, Дөөтүнүн келишимдүү болгону айтылат. Абишага да «абдан сулуу» кыз катары сүрөттөлөт (1 Падышалар 1:4).

Бирок жаштардын көбү сырткы көрүнүшүнө өтө эле маани бергендиктен, оюнун баары эле ошол болуп калат. Бул болсо олуттуу көйгөйлөрдү туудурат. Төмөнкү маалыматтарга көңүл бурсаң:

  • Бир изилдөөгө катышкан кыздардын 58 пайызы өздөрүн өтө эле толукпуз деп ойлоорун айтышкан. Бирок, чынында, алардын 17 пайызы гана толук болушкан.

  • Дагы бир изилдөөгө катышкан кыз-келиндердин 45 пайызы аябай арык болсо да, өздөрүн толукпуз деп эсептээрин билдиришкен.

  • Кээ бир кыздар арыкташ үчүн атайлап тамак ичпей жүрүп, анорексияга — тамактануу адатынын бузулушу менен коштолгон ооруга — чалдыгышат. Алар өмүрүнө коркунуч туудурушат.

Эгер өзүңдөн анорексиянын белгилерин же тамактануу адатынын бузулушун байкасаң, башкаларга жардам сурап кайрылышың керек. Ал тууралуу адегенде ата-энеңе же өзүң ишенген улуураак бирөөгө айт. Ыйык Китепте: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 17:17).

ЧЫНЫНДА КАНДАЙ АДАМ СУЛУУ?

Адамдын ички дүйнөсү башкаларды же өзүнө тартат, же иренжитет. Дөөтү падышанын Абышалом деген уулун мисалга алалы. Ыйык Китепте ал тууралуу мындай делет:

«Бүт Ысрайылда Абышаломдой келишимдүү киши жок эле. Анын башынан таманына чейин бир да кемтиги жок болчу» (2 Шемуел 14:25).

Бирок Абышалом жеткен анткор, текебер, атакты сүйгөн адам болгон. Ошондуктан Ыйык Китепте ал сүйкүмдүү киши катары эмес, саткын, абийирсиз, мыкаачы киши катары сүрөттөлөт.

Ушундай жүйөлүү себептерден улам Ыйык Китепте мындай кеңеш берилет:

«Жаңы табиятты кийгиле» (Колосалыктар 3:10).

«Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер... эмес, жүрөктүн түпкүрүндө катылган чирибес жасалга... болсун» (1 Петир 3:3, 4).

Албетте, келбеттүү болууну каалоонун жаман жери деле жок, бирок ички дүйнөнүн сулуулугу андан да маанилүү экенин унутпа. Чынында, башкалар сага чоң булчуңдарыңа же кымча белиңе суктангандыктан эмес, Кудайга жаккан сапаттарыңды баалагандыктан тартылышат. Фелисия: «Адамдын сулуулугун дароо байкайсың дечи. Бирок көбүнчө ички дүйнөнүн сулуулугу жана жакшы сапаттар көпкө чейин эсте калат»,— дейт.

СЫРТКЫ КЕЛБЕТИҢЕ БАА БЕР

Сырткы келбетиң өзүңө жакпаган учурларың көп болобу?

Кайсы бир жериңди өзгөртүш үчүн косметикалык операция жасатыш же тамакты өтө эле аз жеш керек деп ойлондуң беле?

Колуңан келсе, эмнеңди өзгөртмөксүң? (Тийиштүүсүн танда.)

  • БОЮМДУ

  • САЛМАГЫМДЫ

  • ЧАЧЫМДЫ

  • ДЕНЕМДИН ТҮЗҮЛҮШҮН

  • ЖҮЗҮМДҮ

  • БАШКАСЫН

Жогорудагы 2 суроого «ооба» деп жооп берип, 3-суроонун алдындагы жооптордун үчөөнү же андан көбүн тандасаң, бир нерсени унутпа: өзүң көңүл бура берген «кемчиликтериңе» башкалар сенчелик көңүл бурбайт. Абайлабасаң, эси-дартыңдын баары сырткы келбетиң болуп, өзүңө зыян келтирип алышың мүмкүн (1 Шемуел 16:7).