Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-СУРОО

Мен кандай адаммын?

Мен кандай адаммын?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Кандай адам экениңди, кандай көз карашка карманарыңды билсең, кысымга кабылганда туура чечим чыгарасың.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Зарина достору менен көңүл ачканы келет. Келгенинен 10 мүнөт өтүп-өтпөй:

«Эмне чүйрүйүп турасың?» — деген тааныш үндү угат.

Зарина бурулуп, артын караса, курбу кызы Венера жаңы эле ачылган эки бөтөлкө сыраны кармап туруптур. Ал сыранын бирин Заринага сунуп: «Ме карма. Же эмне, дагы деле чоңоё элексиңби?» — дейт.

Зарина жакшы эле: «Жок, ичпейм!» — деп айткысы келет. Бирок Венера анын жакын досу болгондуктан, өзүнчө эле адилсинип, андан өзгөчөлөнгүсү келбейт. Анын үстүнө, Зарина Венераны жакшы кыз деп билет. Ошондуктан: «Эгер ал ичип жатса, мунун эч жаман жери деле жок окшойт. Бул жөн эле сыра да. Баңгизат эмес го»,— деп өзүн алдайт.

Эгер сен Заринанын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

Ушундай жагдайда туура чечим чыгарыш үчүн кандай адам экениңди, башкача айтканда, эмнени баалаарыңды, кандай көз карашка карманарыңды жакшы билишиң керек. Ошондо эч кимдин сени башкарып алышына жол бербей, дайыма өзүң туура көргөндөй чечим чыгарасың (1 Корунттуктар 9:26, 27).

Эрки күчтүү адам болууга сага эмне жардам берет? Адегенде төрт суроого жооп берип көр.

1 КАНДАЙ ЖАКШЫ ЖАКТАРЫМ БАР?

Жөндөмдүүлүктөрүңдү, жакшы жактарыңды билип алсаң, өзүңдү ишенимдүүрөөк сезесиң.

МЫКТЫ ҮЛГҮ. Элчи Пабыл: «Сөзгө чечен болбосом да, билимим тайкы эмес»,— деген (2 Корунттуктар 11:6). Ал Ыйык Жазманы жакшы билгендиктен, башкалардын сындаганына карабай, туруктуулук менен кызмат кыла берген. Алардын оюнан улам өзүн ишенимсиз сезип, басынып калган эмес (2 Корунттуктар 10:10; 11:5).

ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕРИП КӨР. Кандай талантың, жөндөмүң бар экенин жаз.

Эми жакшы сапаттарыңды жаз. (Мисалы, камкор, берешен, так, ишеничтүүсүңбү?)

2 КАНДАЙ КЕМЧИЛИКТЕРИМ БАР?

Аркан ичкерип калган жеринен үзүлүп кеткен сыңары, жаман жактарыңды өзгөрткөнгө аракет кылбасаң, кысымга оңой эле алдырып коюшуң мүмкүн.

МЫКТЫ ҮЛГҮ. Элчи Пабыл өзүнүн кемчиликтерин жакшы билген. Ал: «Жүрөгүмдө Кудайдын мыйзамынан ырахат алам, ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет»,— деп жазган (Римдиктер 7:22, 23).

ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕРИП КӨР. Кайсы жагыңды өзгөртүшүң керек деп ойлойсуң?

3 КАНДАЙ МАКСАТТАРЫМ БАР?

Таксиге түшүп, шопурга: «Май түгөнгүчө, бир жерди эле айлана бериңиз»,— дейт белең? Бул акылсыздык болмок, акчаң да коромок.

Анын сыңары, максат койсоң, туура багыт алып, жашооңду куру бекер өткөрбөйсүң. Башкача айтканда, каякка барышты, ал жерге кантип жетишти жакшы билесиң.

МЫКТЫ ҮЛГҮ. Элчи Пабыл: «Мен максатсыз чуркап бараткан жокмун»,— деген (1 Корунттуктар 9:26). Ал «көрө жатарбыз» деп жүрө бербестен, максат коюп, ага жетүүгө умтулган (Филипиликтер 3:12—14).

ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕРИП КӨР. Кийинки жылы жеткиң келген үч максатыңды жаз.

4 КАНДАЙ КӨЗ КАРАШКА КАРМАНАМ?

Инсан катары жакшы калыптансаң, бороон-чапкынга туруштук берген, тамырын терең жайган дарактай боло аласың

Өзүнүн бекем көз карашы жок адам чечкинсиз, оома болот. Кандай адам экениңди жакшы билбесең, желге ыргалган чөп сымал, теңтуштарыңдын ою менен боло бересиң.

Ал эми бир нерсени өзүң туура көргөндүктөн кылсаң, башкалар кандай иш кылбасын, көз карашыңа бекем карманасың.

МЫКТЫ ҮЛГҮ. Даниел үй-бүлөсүнөн алыс жакка туткундалып кеткенде, кыязы, өспүрүм куракта болгон. Ошентсе да ал Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашоону «жүрөгүндө... чечип» алган (Даниел 1:8). Мунун аркасында өзү ишенген нерселерге бекем карманып, ошого жараша жашаган.

ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕРИП КӨР Эмнелерге ишенесиң? Мисалы, Кудайдын бар экенине ишенесиңби? Эгер ишенсең, ага эмнеден улам ынангансың?

Кудайдын осуяттарын аткаруу сага пайда гана алып келерине ишенесиңби? Эмне үчүн?

Жел жүрсө эле түшүп калган жалбырактай болгуң келеби же бороон-чапкынга туруштук берген дарактайбы? Кандай адам экениңди билип, жакшы калыптансаң, ошондой дарактай болосуң. Ошондо: «Мен кандай адаммын?» — деген суроого оңой жооп бересиң.