Мазмунун көрсөтүү

Дүйнөнү чынында ким башкарып жатат?

Дүйнөнү чынында ким башкарып жатат?

Сиз кандай деп ойлойсуз?

  • Кудайбы?

  • Адамдарбы?

  • Же башка бирөөбү?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» (1 Жакан 5:19, «Жаңы дүйнө котормосу»).

«Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин кыйратыш үчүн келген» (1 Жакан 3:8).

МУНУ БИЛҮҮНҮН СИЗГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдүн себебин түшүнөсүз (Аян 12:12).

Дүйнөдөгү абалдын жакында жакшы жакка өзгөрөрүнө ишенгенге негиз бар экенин билесиз (1 Жакан 2:17).

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Дүйнөдөгү абалдын жакшы жакка өзгөрөрү тууралуу Ыйык Китепте айтылгандарга ишенгенге, бери дегенде, үч себеп бар:

  • Шайтандын башкаруу мөөнөтү жакында бүтөт. Жахаба Кудай Шайтанды бийлигинен ажыратууну эбак эле чечип койгон. Ал Шайтан «Ибилисти... жок кылып», адамзатты анын таасиринен толугу менен арылтарын убада кылган (Еврейлер 2:14).

  • Кудай адамзатты башкарууга Иса Машаякты дайындаган. Иса Машаяк менен азыркы дүйнөнүн ырайымсыз, кара өзгөй башкаруучусу Шайтандын айырмасы асман менен жердей. Кудай Иса Машаяктын адамдарга кандай мамиле кылары тууралуу: «Бечара менен жакырды аяйт... Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат»,— деп айткан (Забур 72:13, 14).

  • Кудай жалган сүйлөбөйт. Ыйык Китепте «Кудайдын калп айта албай турганы» айтылган (Еврейлер 6:18). Жахаба Кудай айтканын сөзсүз аткарат! (Ышая 55:10, 11). Демек, «бул дүйнөнүн башкаруучусу куулуп чыгарыларына» шектенбесек болот (Жакан 12:31).

 КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Шайтан жок кылынгандан кийин, жашообуз кандай болот?

Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: ЗАБУР 37:10, 11; АЯН 21:3, 4.