Еврейлер 2:1—18
2 Андыктан ишенимден эч качан четтебеш үчүн+ уккан нерселерибизге+ өзгөчө көңүл бурушубуз керек.
2 Себеби периштелер аркылуу айтылган сөз+ өзгөрүлгүс болуп, ар бир кылмыш жана тил албастык үчүн адилеттүү жаза берилген болсо+,
3 анда ушундай улуу куткарылууну+ четке каксак+, жазадан кантип качып кутула алабыз?+ Мырзабыз аркылуу башынан эле жарыяланган+ бул куткарылуунун аныктыгын бизге анын сөздөрүн уккандар айтышкан+.
4 Муну Кудай да керемет-жышаандар, ар кандай ажайып иштер аркылуу+ жана өз эркине ылайык+ берилген ыйык рух аркылуу күбөлөндүргөн+.
5 Анткени ал биз айтып жаткан келечектеги жерди+ периштелердин бийлигине берген эмес.
6 Тескерисинче, кайсы бир күбө бир жолу мындай деген: «Сен унутпагыдай, адам ким?+ Сен кам көргүдөй, адам баласы ким?+
7 Сен аны периштелерден бир аз төмөн койдуң. Ага даңк менен урмат-сый таажысын кийгизип+, кол эмгегиңдин үстүнөн бийлик бердиң+.
8 Баарын анын бут алдына жыгып+, ага баш ийдирдиң». Кудай баарын ага баш ийдирди+, ага баш ийбеген эч нерсе калган жок+. Бирок биз бардыгынын ага баш ийдирилгенин азырынча көрө элекпиз+.
9 Анткен менен периштелерден бир аз төмөн коюлган Исага+ өлүмдү башынан кечиргени үчүн+ даңк+ менен урмат-сый таажысы кийгизилгенин көрдүк. Ал Кудайдын ырайымы менен баары үчүн өлгөн+.
10 Бардыгын өзү үчүн жана өзү аркылуу бар кылган+ Кудай көп уулдарын даңкка бөлөп+, алардын куткарылуусунун Башчысын+ чеккен азаптары аркылуу жеткилең кылууну туура көргөн+.
11 Ыйыктаган да, ыйыкталгандар+ да бир Атадан болгондуктан+, ал аларды «бир туугандарым»+ дегенден уялбайт.
12 Ошондуктан: «Сенин ысмыңды бир туугандарыма жарыялайм, жыйналышта сени даңктап ырдайм»,— дейт+.
13 Ошондой эле: «Ага таянам»,— дейт+. «Мен жана менин Жахаба берген балдарым»+,— деп да айтат.
14 «Балдар» кан менен эттен турган адамдар болгондуктан, ал да кан менен эттен турган адам болуп келген+. Ал өлүмгө дуушар кыла ала турганды+, атап айтканда, Ибилисти+ өзүнүн өлүмү менен+ жок кылыш үчүн+,
15 өлүмдөн коркуп+, өмүр бою кулчулукта жүргөндөрдүн+ баарын эркиндикке чыгарыш үчүн+ адам болуп келген.
16 Себеби ал периштелерге эмес, Ыбрайымдын тукумуна жардам берип жатат+.
17 Ошондуктан күнөөкөр адамдарды+ Кудай менен элдештире турган+ курмандык чалыш үчүн жана Ага кызмат кылууда кайрымдуу, ишенимдүү башкы дин кызматчы болуш үчүн+ ал «бир туугандарына» бардык жагынан окшош болууга тийиш эле+.
18 Ал өзү да сыналганда азап чеккендиктен+ сыналып жаткандарга жардам бере алат+.