Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КӨӨНӨРБӨС АКЫЛ-НАСААТ

Айкөлдүк менен кечиргиле

Айкөлдүк менен кечиргиле

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да,.. бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле» (Колосалыктар 3:13).

Кечирүү деген эмнени билдирет? Ыйык Китепте күнөөкөр болуу карыз болууга, ал эми кечирүү карызды кечүүгө салыштырылат (Матай 18:21—35). Бир эмгекке ылайык, Ыйык Китептеги «кечиргиле» деп которулган грек сөзү «карызды доолабай, кечип коюу» дегенди туюнтат. Башкача айтканда, кимдир бирөөнү кечиргенибизде ал кишиден эч нерсе талап кылбайбыз. Кечиримдүү болгонубуз башкалардын жаман ишин туура көрөрүбүздү же кылган ишинин олуттуулугун кемитүүнү билдирбейт. Бул, ал тургай «нааразы болууга» себеп болгон күндө да, таарынычтын жүрөгүбүзгө уялашына жол бербей, андан арылууну билдирет.

Кечиримдүү болуу канчалык пайдалуу? Пенде болгондуктан баарыбыз күнөө кетиребиз (Римдиктер 3:23). Эртели-кеч биз да башкалардын кечиришине муктаж болуп калышыбыз мүмкүн, андыктан кечиримдүү болуу акылмандыкка жатат. Андан тышкары, кечиримдүү болуу өзүбүзгө да пайдалуу. Кандайча?

Ачууланып, таарынып жүрө берүү өзүбүзгө эле зыян. Андай терс сезимдердин айынан көңүлүбүз чөгүп, жашоодон толук канааттануу ала албай, бактысыз болуп калышыбыз мүмкүн. Ошондой эле ден соолугубузга зыяны тийиши ыктымал. Доктор Йоши Чида менен профессор Эндрю Стептонун бир медициналык журналга чыккан отчётунда: «Учурдагы изилдөөлөр ачуулануу, касташуунун жүрөктүн ишемия оорусуна түздөн-түз тиешеси бар экенин көрсөтүүдө»,— деп жазылган («Journal of the American College of Cardiology»).

Эми кечиримдүү болуунун пайдасын карап көрөлү. Эгер айкөлдүк менен кечирсек, башкалар менен ынтымак-ырашкердикте болуп, мамилебиз бузулбайт. Андан да маанилүүсү, өкүнгөндөрдү айкөлдүк менен кечирген жана биздин да кечиримдүү болушубузду каалаган Кудайдан үлгү алган болобуз (Марк 11:25; Эфестиктер 4:32; 5:1).