Мазмунун көрсөтүү

Хеллоуин майрамы каяктан келип чыккан?

Хеллоуин майрамы каяктан келип чыккан?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте көптөр 31-октябрда майрамдаган Хеллоуин майрамы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Ошентсе да ал майрамдын келип чыгышы жана майрамдоо салттары Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга каршы келерин көрүүгө болот.

Бул макалада:

 Майрамдын келип чыгышы жана аны белгилөө каадалары

  •   Самайн. «Уорлд бук энциклопедиясына» ылайык, Хеллоуин майрамы, сыягы, «мындан 2 000 жылдан ашуун убак мурун кельттер майрамдаган байыркы бутпарас Самайн майрамынан» келип чыккан. «Кельттер бул майрамдын учурунда өлгөндөр тирүүлөрдүн арасында жүрө алат, ал эми тирүүлөр өлгөндөргө жолуга алат деп ишенишкен». (« Эмне үчүн Хеллоуин деп аталат?» деген кутучаны карагыла.)

  •   Майрамдык кийимдер, момпосуйлар жана коркутуу салты. Бир китепке ылайык, кельттердин айрымдары жер кезип кыдырып жүргөн каардуу рухтарды адаштырыш үчүн жана аларга тийбеш үчүн майрам учурунда жиндерге окшоп кийинип алышчу. Башкалары жиндерди жоошутуш үчүн аларга момпойсуйларды тартуу кылышчу a.

     Орто кылымдарда Европадагы католик дининин төбөлдөрү жергиликтүү бутпарас элдердин каадаларын, анын ичинде коркунучтуу кийимдерди кийип алып, үймө-үй кыдырып таттуу-паттуу суроо каадасын өздөрүнүн динине аралаштырып салышкан.

  •   Арбактар, кан соргучтар, карышкыр кишилер, жез кемпирлер жана тирилген өлүктөр. Булардын баары эзелтеден бери эле жиндер менен байланыштырылган. Бир китепте ал «адаттан тышкаркы желмогуздар өлүм менен, өлгөндөр жана өлүмдөн коркуу менен тыгыз байланышта» экени баса белгиленген («Halloween Trivia»).

  •   Ашкабактын ичине шам жагуу. Орто кылымда британиялыктар ошол күнү «үйдөн үйгө кыдырып, тамак сурашчу, эгер беришсе, маркумдарынын арбагы үчүн Кудайдан тиленишчү», ошондой эле колуна «ичи оюлган жана ичине шам жагылган тоют чамгырын көтөрүп алышчу. Ал шам күнөөдөн тазалануучу жайдан чыга албай жаткан жанды билдирген» («Halloween—From Pagan Ritual to Party Night»). Айрымдардын айтымында, ал шам жиндерден коргоо максатында да колдонулган. 18-кылымдарда Түндүк Америкада тоют чамгырынын ордуна ашкабак колдонула баштаган, себеби ашкабак көбүрөөк түшүм берчү, андан сырткары, анын ичин көңдөйлөп, бетин оюп түр салуу оңоюраак болгон.

 Хеллоуин майрамынын келип чыгышына маани бериш керекпи?

 Ооба. Кээ бир адамдар Хэллоуинди зыяны жок көңүл ачуу катары көрүшсө да, ал майрамга байланышкан иштер менен салттар Ыйык Китепте айтылгандарга карама-каршы келет. Хэллоуин майрамы өлгөндөргө жана көзгө көрүнбөгөн рухтарга, тагыраак айтканда, жиндерге байланыштуу жалган окууларга негизделген.

 Төмөндөгү аяттардан Кудайдын ал майрамга байланыштуу салттарга кандай карарын көрүүгө болот:

  •   «Элиңдин арасында... өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар,.. өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун» (Мыйзам 18:10—12).

     Мааниси: Кудайга өлгөндөр менен байланышууга аракет кылгандар, атүгүл өлгөн адамды чакырып жаткандай түр көрсөткөндөр жакпайт.

  •   «Өлгөндөр эч нерсе билбейт» (Насаатчы 9:5).

     Мааниси: Өлгөндөр эч нерсе сезбегендиктен, тирүүлөр менен байланыша албайт.

  •   «Жиндер менен үлүштөш бол[богула]. Силер бир эле учурда Жахабанын да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар» (1 Корунттуктар 10:20, 21).

     Мааниси: Кудайдын ырайымына ээ болгусу келгендер жиндер менен байланышуудан качат.

  •   «Ибилистин айла-амалдарына каршы тур[гула]... Анткени биз... каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз» (Эфестиктер 6:11, 12).

     Мааниси: Кудайдын кызматчылары каардуу рухтар менен майрам өткөрбөйт. Анын ордуна аларга каршы турат.

a Бул китепти да карагыла: «Halloween: An American Holiday, an American History», 4-бет.