Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕП ЖАНА ИЛИМ

Илимдин жашоого тийгизген таасири

Илимдин жашоого тийгизген таасири

Бир сөздүккө ылайык, илим — бул «табиятты, материалдык жана физикалык ааламды байкоо салуунун, тажрыйба жүргүзүүнүн, эсептеп-өлчөөнүн негизинде системалуу түрдө изилдөө». Мындай изилдөөнү абдан оор жана көбүнчө майнапсыз болуп кала турган эмгек деп айтууга болот. Себеби илимпоздордун жумалап, айлап, ал тургай жылдап созулган изилдөөлөрү, тажрыйбалары кээде эч кандай натыйжа бербей калат. Анткен менен адамзатка көп пайдасын тийгизген жыйынтыктар да болот. Эмесе, алардын кээ бирине токтололу.

Европалык бир компания булганган суу аркылуу тараган ооруну алдын алуу үчүн катуу пластиктен жасалган жана эң акыркы үлгүдөгү чыпкалары бар аппарат ойлоп тапкан. Андай аппараттар табигый кырсыктардан кийин, маселен, 2010-жылы Гаитидеги жер титирөөдөн кийин колдонулган.

Окумуштуулар Жер планетасынын айланасына спутниктердин желесин түзүп, GPSти (глобалдык орун аныктоо системасы) ойлоп табышкан. Алгач аскердик максатта ойлоп чыгарылган ал системанын азыркы тапта айдоочуларга, учкучтарга, кемечилерге, атүгүл мергенчилер менен саякатчыларга чоң жардамы тийүүдө. GPSти ойлоп тапкандардын зор эмгегинин аркасында азыр көздөгөн жерибизге жолду табуу алда канча оңой.

Бүгүнкү күндө дээрлик бардык адамдар колдонгон чөнтөк телефон, компьютер, Интернет, учактар, кайсы бир оорудан айыгууга же ден соолукту чыңдаганга жардам берген дары-дармектер — ушунун баары илимий жетишкендиктердин жемиши. Ооба, илимдин жашоодо пайдасы чоң деп айтууга болот.

ИЛИМДИН ЧЕГИ БАРБЫ?

Билимин кеңейтүү максатында окумуштуулар табиятты тереңирээк изилдөөгө далалат кылууда. Маселен, ядролук физиктер атом дүйнөсүн кылдат изилдешсе, астрофизиктер ааламдын кантип жаралганын түшүнүш үчүн миллиарддаган жылдар мурун болгон кубулуштарды изин кууп изилдешет. Адам туя да, көрө да албаган дүйнөгө улам тереңирээк сүңгүп жаткандыктан окумуштуулардын айрымдары, эгер Ыйык Китепте айтылган Кудай чын эле бар болсо, анда анын бар экени сөзсүз аныкталмак деген көз карашта.

Айрым белгилүү илимпоздор менен философтор алардан да ашып түшкөн. Алар, Амир Аксел деген окумуштуу айткандай, илимий аргументтерди колдонуп Кудайдын жок экенин далилдөөгө аракет кылышат. Мисалы, дүйнөгө таанымал бир физик «ааламда маанилүү ролду ойногон кандайдыр бир Кудайдын бар экенине эч кандай далил табылбаганы» анын жоктугун айдан ачык тастыктаарын жазган. Дагы бирөөлөр Ыйык Китепте жазылган Кудайдын иштерин «сыйкырчылык» же «табияттан тыш көз жазгыруучулук» деп эсептешет a.

Бирок илимпоздордун табият жөнүндөгү билимин кайсы бир нерсеге байланыштуу эч качан жокко чыгарылгыс жыйынтык чыгара тургандай деңгээлде деп айтууга болобу? Жок. Илим зор жетишкендиктерге жеткени менен, көптөгөн окумуштуулар дагы деле алар билбеген жана балким, билүүгө мүмкүн болбогон нерселер көп экенин моюнга алышат. Нобель сыйлыгынын лауреаты, физик Стивен Вайнберг табиятты таануу жөнүндө: «Биз нерселердин түпкүлүгүн эч качан түшүнө албайбыз»,— деп жазган. Ал эми Британия королдугунун астроному, профессор Мартин Рис: «Адамдар эч качан түшүнө албай турган нерселер бар»,— деп жазган. Ооба, чынында эле, азыркы илимдин табиятка байланыштуу, эң майда клеткалардан тартып кең ааламга чейин, дагы деле көп нерселерге тиши өтпөй келет. Айрым мисалдарга көңүл бурсаңар:

  • Биологдор тирүү клеткалардагы процесстерди, алсак, клетка энергияны кантип пайдаланарын, белокторду кантип пайда кыларын, кантип бөлүнөрүн толук түшүнүшпөйт. Бул суроолорго илим азырынча так жана толук жооп бере албайт.

  • Гравитация ар бирибизге күн сайын, секунд сайын таасир тийгизет. Бирок физиктер үчүн ал күч — чоң табышмак. Алар гравитациянын адамды, ал секиргенде, кандайча жерди көздөй тартарын же Айды кандайча Жерге тартып, белгилүү бир аралыкта жылдырбай кармап турарын толугу менен билишпейт.

  • Космологдор ааламдын 95 пайыздай бөлүгү илимий шаймандардын жардамы менен көрүүгө да, аныктоого да мүмкүн эмес болгон нерседен турат деп эсептешет. Алар бул белгисиз нерсени кара материя жана кара энергия деп экиге бөлүшөт. Алардын курамы азыркыга чейин белгисиз бойдон калууда.

Окумуштуулардын башын катырган башка нерселер да бар. Ушуну эске алуу маанилүүбү? Бир окумуштуу: «Биздин билгенибизден билбегенибиз алда канча көп. Ошондуктан, менимче, илим жолу догматтык көз карашта болууга эмес, кастарлоо сезимин жаратып, кылдат изилдөө жүргүзүүгө түрткү бериши керек»,— деп жазган.

Эгер илим жакында Ыйык Китепти четке сүрүп чыгарып, Кудайга ишенүүнүн зарылдыгы болбой калат деп ойлосоңор, анда төмөнкү суроо жөнүндө ой жүгүртүп көрсөңөр. Эң мыкты шаймандарды колдонгон чыгаан окумуштуулардын жаратылышка байланыштуу түшүнүгү чектелүү болуп жатса, анда илим түшүндүрө албай жаткан нерселерди дароо эле четке кагуу акылдуулукка жатабы? Буга байланыштуу «Британика энциклопедиясынын» астрономиянын тарыхы тууралуу бир макаласынын аягында: «Астрономия илиминин пайда болгонуна 4 000 жылдан ашуун убакыт болуп калганына карабай, аалам байыркы вавилондуктар үчүн кандай сырдуу болсо, бүгүнкү күндө деле дээрлик ошондой эле сырдуу»,— деп корутундулаганы көңүлгө аларлык.

Албетте, илимге жана Ыйык Китепке карата кандай көз карашта болуу керектигин ар ким өзү чечет жана Жахабанын Күбөлөрү ар бир адамдын ошондой укугун сыйлашат. Бирок Ыйык Китепте: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деген кеңеш берилет (Филипиликтер 4:5). Ошондуктан биз силерди илим менен Ыйык Китептин шайкештигин жана бири-бирин кандайча толуктап турарын изилдеп көрүүгө чакырабыз.

a Кээ бирлер чиркөөлөрдүн мурунку жана азыркы окууларынын, мисалы, Жер ааламдын борборунда жайгашкан же Кудай дүйнөнү ар бири 24 саатка созулган бир нече күндүн ичинде жараткан деген сыяктуу окууларынын айынан Ыйык Китепке ишенишпейт. « Ыйык Китеп жана илимий фактылар» деген кутучаны карагыла.