Мазмунун көрсөтүү

Кудай чынында эле барбы?

Кудай чынында эле барбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба. Ыйык Китепте Кудайдын бар экенин көрсөткөн төгүндөлгүс далилдер бар. Ыйык Китеп бизди диний ой толгоолордун негизинде сокур ишенимге жетектелбей, «акыл жөндөмүбүздү» колдонуп, Кудайга карата бекем ишеним өрчүтүүгө үндөйт (Римдиктер 12:1; 1 Жакан 5:20). Келгиле анда, Кудайдын бар экенин тастыктаган Ыйык Китептеги далилдерди карап көрөлү:

  •   Ааламда өкүм сүргөн тартип Жараткандын бар экенинен кабар берип турат. Ыйык Китепте: «Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— деп жазылган (Еврейлер 3:4). Бул сөздөр абдан жөнөкөй болсо да, илим-билимдүү адамдар бул жерде күчтүү ой камтылган деп айтышат a.

  •   Адамдарда өздөрүнүн эмне үчүн жаралганын, жашоонун маңызы эмнеде экенин билгиси келген тубаса каалоо бар. Мындай муктаждык денелик муктаждыктан кийинки эле орунда турат. Ыйык Китепте ал «рухий муктаждык» деп аталат. Рухий муктаждык өзүнө Кудайды таанып-билүүгө, ага сыйынууга болгон каалоону да камтыйт (Матай 5:3; Аян 4:11). Адам баласында рухий муктаждыктын болгону Кудайдын бар экенин эле эмес, Анын ошол муктаждыгыбызды канааттандыргысы келген мээримдүү Жараткан экенин да далилдеп турат (Матай 4:4).

  •   Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар кылымдар мурун жазылып, майда-баратына чейин так аткарылган. Бул аларды адамдардан жогору турган бирөө алдын ала айтканын тастыктап турат (2 Петир 1:21).

  •   Ыйык Китепти жазууга катышкан адамдар өздөрүнүн замандаштары билбеген илимий түшүнүктөрдү билишкен. Мисалы, байыркы убакта көптөр жерди пил, каман же бука көтөрүп турат деп ишенишчү. Ал эми Ыйык Китепте Кудайдын «жерди жок нерсеге илип койгону» айтылган (Аюп 26:7). Ошондой эле жердин формасы «шар» түрүндө экени да так-даана жазылган (Ышая 40:22). Мындай илимий маалыматтарды Кудай ачып бербесе, ал сөздөрдү жазган пайгамбарлар каяктан биле алышат эле?!

  •   Көптөр жашоодогу татаал суроолордун жообун таба албай, Кудайга ишенбей калышкан. Бирок Ыйык Китепте ал суроолордун жообу камтылат. Мисалы, андан: «Кудай мээримдүү, кудурети күчтүү болсо, эмне үчүн азап-кайгы, жамандык көп болуп жатат? Эмне үчүн дин адамдарды жакшы ишке үндөбөй эле, жаман ишке түртөт?» — деген сыяктуу суроолордун жообун табууга болот (Тит 1:16).

a Мисалы, Аллан Сэндиж деген бир астроном аалам жөнүндө мындай деген: «Ушундай тартип баш аламандыктан улам пайда болуп калган деген ойду такыр акылыма сыйдыра албайм. Муну жөнгө салып турган сөзсүз бирөө болушу керек болчу. Кудай мен үчүн сыр, бирок Кудай жок болсо, кереметтүү тиричиликтин пайда болушун кантип түшүндүрүүгө болот? Мурда жок болгон нерсе кантип өзүнөн-өзү пайда болуп калмак эле?»