Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТТЫН СЫРЫ

Экинчи жолу турмуш курганда...

Экинчи жолу турмуш курганда...

ХЕРМАН *: «34 жыл чогуу жашагандан кийин жубайым рак оорусунан каза болуп калган. Кийин Линдага үйлөндүм. Ага мен аны дайыма биринчи аялым менен салыштырып жаткандай сезиле берчү. Анысы аз келгенсип, эски досторум да биринчи аялымдын жакшы сапаттары жөнүндө көп айтышчу. Бул Линдага катуу тийчү».

ЛИНДА: «Херманга турмушка чыккандан кийин, ал да, башкалар да мени эч качан анын мурунку аялындай баалабачудай сезиле берчү. Ал аябай жумшак, сылык-сыпаа болчу экен, аны баары жакшы көрчү экен. Кээде күйөөм мени мурунку аялындай сүйө албайт болуш керек деген ойлор келет».

Линда биринчи күйөөсү менен ажырашып кеткен. Учурда Херман экөө бактылуу өмүр сүрүүдө. Анткен менен экөө тең экинчи жолу турмуш курганда биринчи никеде эч качан кезикпеген кыйынчылыктар болушу мүмкүн экенин жакшы түшүнүшөт *.

Эгер экинчи жолу үй-бүлө курган болсоңор, азыркы турмушуңар жөнүндө кандай ойдосуңар? Күйөөсү менен ажырашкандан үч жыл өткөндөн кийин кайра турмушка чыккан Тамара мындай дейт: «Биринчи жолу турмуш курганда түбөлүккө бирге болобуз деп ойлойсуң. Бирок андай болбой калган соң, экинчи жолу турмуш курганда антип ойлобой калышың мүмкүн».

Анткен менен экинчи жолу турмуш курган көптөгөн жубайлар азыр бактылуу жашап жатышат.  Силер да, аларга окшоп, бактылуу боло аласыңар. Кантип? Келгиле, жубайлар көп кездешкен үч кыйынчылыкка токтолуп, аларды чечүүгө Ыйык Китептеги принциптер кандайча жардам берерин карап көрөлү *.

1-КЫЙЫНЧЫЛЫК: АЗЫРКЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТУРМУШУҢАРДЫ МУРУНКУ МЕНЕН САЛЫШТЫРУУ.

«Мурунку жашоомду эч унута албайм, айрыкча, азыркы жолдошум менен биринчи күйөөм экөөбүз эс алган жерлерге барганда ошол күндөрдү эстей берем. Кээде ошентип отуруп азыркы күйөөмдү мурунку күйөөм менен салыштыра баштайм»,— дейт Түштүк Африкада жашаган Элен. Эгер өмүрлүк жарыңардын мурун үй-бүлөсү болгон болсо жана ал ошол жөнүндө көп айта берсе, жаман болуп, ызаланышыңар мүмкүн.

Эсте каларлык учурларды чогуу өткөргүлө

КЕҢЕШ: Силердин же жубайыңардын мурунку үй-бүлөлүк турмушу көп жылга созулса, аны такыр эстебей коюу мүмкүн эмес экенин унутпагыла. Айрымдар кээде жубайын байкабай мурунку жубайынын аты менен атап алган учурлары болорун айтышкан. Ушу сыяктуу жагдайлар болгондо эмне кылсаңар болот? Ыйык Китепте кеңеш кылынгандай, бири-бириңерди түшүнүүгө аракет кылгыла (1 Петир 3:8).

Жубайыңарга мурунку үй-бүлөлүк турмушу жөнүндө сөз кылууга тыюу салбагыла. Эгер ал ошол тууралуу сүйлөшкүсү келип жатса, түшүнүү менен кунт коюп уккула. Ошондой эле ал силерди мурунку жубайына салыштырып жатат деп жыйынтык чыгарууга шашпагыла. «Кейтлин мурунку аялым тууралуу сүйлөшкөнгө такыр тыюу салбайт, ал муну мен азыр кандай адам болсом, ошондой адам болушума эмне жардам бергенин билүүгө мүмкүнчүлүк катары көрөт»,— дейт он жыл мурун кайра үйлөнгөн Иен. Атүгүл андай темада сүйлөшүүнүн аркасында жарыңар менен болгон мамилеңер ого бетер бекемделет.

Азыркы жубайыңардын жакшы жактарына көңүл бургула. Албетте, анда мурунку жубайыңарда болгон айрым шык-жөндөмдүүлүктөр же сапаттар болбошу мүмкүн. Бирок анын башка өзгөчөлүктөрү болушу ыктымал. Андыктан жубайыңарды «башкаларга салыштырбай», аны кайсы сапаттары үчүн жакшы көрүп калганыңар жөнүндө ой жүгүртүп, ошол сапаттарын баалап, нике түйүнүңөрдү бекемдегиле (Галатиялыктар 6:4). Экинчи жолу үйлөнгөн Эдмонд: «Эки окшош достук болбогондой эле, экинчи нике да биринчи никеге окшош болбойт»,— деп ой бөлүшөт.

Мурунку үй-бүлөлүк турмушуңар тууралуу жагымдуу эскерүүлөр азыркы жашооңорго терс таасир тийгизбеши үчүн эмне кылсаңар болот? «Бир жолу жубайыма мурунку никем мурунку аялым экөөбүз жазган кызыктуу китептей экенин түшүндүрдүм,— дейт Жаред.— Мен ал китепти мезгил-мезгили менен окуп, башыбыздан өткөргөн сонун күндөрдү эскерип турам. Бирок мен ошону менен эле жашаган жокмун. Биз азыр жубайым экөөбүз өзүбүздүн китебибизди жазып жатабыз жана мен ошол жөнүндө ойлонгондуктан бактылуу жашап жатам».

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Жубайыңардан мурунку жубайыңар тууралуу сүйлөшкөндө өзүн ыңгайсыз сезер-сезбесин сурап көргүлө. Кайсы учурларда андай темада сүйлөшпөй эле койгонуңар жакшы болорун аныктап алгыла.

2-КЫЙЫНЧЫЛЫК: ЭСКИ ДОСТОР МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШҮҮДӨГҮ ТҮШҮНБӨСТҮКТӨР.

Ажырашкандан алты жылдан кийин кайра үй-бүлө курган Хавиер: «Баш кошконубуздан көп өтпөй эле, аялым мага кээ бир досторум аны сынап жаткандай сезилерин айткан»,— дейт. Ал эми Лео: «Айрымдар менин көзүмчө эле аялыма анын мурунку күйөөсүн аябай жакшы көрүшкөнүн, аны сагынып жатышканын айтышат»,— деп кейийт.

КЕҢЕШ: Өзүңөрдү досторуңардын ордуна коюп көргүлө. «Менимче, кээде эски досторго алар жакшы билген баягы жубайлардын бири эми башка киши экенин кабыл алуу жана аны менен камыр-жумур болуп кетүү кыйынга турат»,— дейт жогоруда айтылган Иен. Андыктан «баарына жумшактык менен мамиле кылып, эстүү болгула» (Тит 3:2). Досторуңар менен үй-бүлөңөргө жубайыңарга көнгүчө убакыт бергиле. Экинчи жолу үй-бүлө курганда мурдагы досторуңар менен кайрадан дос болуп, ошондой эле жаңы да досторду табышыңар мүмкүн. Жогоруда сөз кылынган Хавиер убакыттын өтүшү менен өзү да, аялы да эски достору менен кайрадан катыша баштаганын айткан.  Ошондой эле ал: «Бирок биз үй-бүлө катары жаңы досторду тапканга да аракет кылабыз жана бул никебиздин бекем болушуна жардам берет»,— дейт.

Эски досторуң менен чогуу отурганда жубайыңдын сезимдерин эске ал. Мисалы, мурунку үй-бүлөң тууралуу сөз болуп калса, жубайың өзүн четте калгандай сезбеши үчүн, баамчыл жана кыраакы бол. Ыйык Китепте: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт, ал эми акылдуулардын тили айыктырат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 12:18).

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Кайсы отуруштарда өзүң же өмүрлүк жарың өзүн ыңгайсыз сезип калышы мүмкүн экенин байкай бил. Досторуңар мурунку никеңер жөнүндө сөз кылып же суроо берип калса, эмне кыларыңарды алдын ала сүйлөшүп алгыла.

3-КЫЙЫНЧЫЛЫК: БИРИНЧИ ЖУБАЙЫҢАР ИШЕНИМСИЗДИК КЫЛГАНДЫКТАН, АЗЫРКЫ ЖУБАЙЫҢАРГА ИШЕНҮҮ КЫЙЫН.

Эндрюну биринчи аялы таштап кеткен. Кийинчерээк ал Райлиге үйлөнгөн. Эндрю мындай дейт: «Райли да мени таштап кетеби деп коркчумун. Анын биринчи күйөөсүндөй жакшы күйөө боло аламбы деп көп тынчсызданчумун. Атүгүл кээде мени чанып, башка бирөөгө кетип калабы деген ойлор келчү».

КЕҢЕШ: Жүрөгүңөрдү өйүгөн нерселерди жубайыңарга ачык айткыла. «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт»,— делет Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 15:22). Эндрю менен Райли ойлорун ачык айтып сүйлөшүүнүн аркасында бири-бирине толук ишенип калышкан. «Мен Райлиге көйгөйлөрдөн оңой кутулуш үчүн эле ажырашып кетпей турганымды айткам, ал да мага ошондой деген. Бара-бара ал мени таштап кетет деп такыр коркпой калдым»,— дейт Эндрю.

Эгер жубайыңарды мурунку жары таштап кеткен болсо, анын ишенимине ээ болуш үчүн болгон күчүңөрдү жумшагыла. Мисалга Мишель менен Сабинди алалы. Экөө тең биринчи жубайы менен ажырашып кеткен. Алар мурунку жубайлары менен байланышып кала турган болсо, сөзсүз бири-бирине айтарын сүйлөшүп алышкан. «Мунун аркасында экөөбүздүн тең жан дүйнөбүз тынч»,— дейт Сабин (Эфестиктер 4:25).

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Карама-каршы жыныстагы адам менен бетме-бет, телефон же Интернет аркылуу сүйлөшүүнү чектегиле.

Кайра турмуш кургандардын көбү учурда бактылуу жашап жатышат, силер да бактылуу боло аласыңар. Анткени биринчи жолу үй-бүлө курганыңарга караганда азыр өзүңөрдү алда канча жакшыраак билип калдыңар. Жогоруда кеп кылынган Эндрю мындай дейт: «Райли менен бактылуу жашап жатам, 13 жылдан бери экөөбүз аябай ынак болуп калдык. Ушул мамилебизден эч качан кол жууп калгыбыз келбейт».

^ абз. 3 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 5 Албетте, ажырашып кеткендер менен өмүрлүк жары каза болуп калгандардын жагдайы ар башка. Бирок бул макала, жубайлар ушул эки себептин кайсынысынан улам экинчи жолу турмуш курушпасын, алардын баарына никедеги кыйынчылыктарын жеңүүгө жардам берүү үчүн чыгарылды.

^ абз. 7 Өгөй балдарды тарбиялоодогу кыйынчылыктар Жахабанын Күбөлөрү тарабынан 2012-жылы апрелде чыгарылган «Ойгонгула!» журналындагы (ор.) «Өгөй ата-энелер менен өгөй балдар бактылуу жашай алышат» деген аталыштагы катар макалаларда талкууланган.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

  • Жубайымдын кайсы сапаттарын өзгөчө баалайм?

  • Эгер мурунку жубайым жөнүндө сөз болуп калса, азыркы өмүрлүк жарым өзүн басынтылгандай же четте калгандай сезип калбашы үчүн, эмне кылсам болот?