Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын ысмынын суахили тилинде белгилүү болушу

Кудайдын ысмынын суахили тилинде белгилүү болушу

Суахили тили жөнүндө укканда көптөрдүн оюна шак эле Африка, ал жактагы Серенгети паркында жортуп жүргөн жапайы жаныбарлар келет. Бирок суахили тили жана ал тилде сүйлөгөндөр жөнүндө көп нерсе айтса болот.

СУАХИЛИ тилинде борбор жана батыш Африканын дээрлик 12 өлкөсүндө жашаган 100 миллион киши сүйлөйт *. Ал тил — айрым өлкөлөрдүн, мисалы, Кениянын, Танзаниянын, Уганданын мамлекеттик тили. Ал эми ал өлкөлөрдүн айланасындагы өлкөлөрдө суахили тили жалпы эл сүйлөгөн тил болуп саналат. Адамдар ал тилде эркин сүйлөп, соода-сатык иштерин жүргүзө алышат.

Суахили тилин чыгыш Африка элдерин бириктирген тил деп айтсак болот. Мисалга Танзанияда, бери дегенде эле, 114 уруунун ар биринин өз тили бар. Элестетип көрсөңөр, силер жашаган жерден 40—80 километр алыс жерде жашагандар силердин тилиңерден кыйла айырмаланган тилде сүйлөшөт. Ал тургай, кичинекей бир нече эле айылда жашаган адамдардын өз тили бар. Ошондой жерде адамдар бири-бири менен кантип сүйлөшөт эле? Ооба, жалпы эл сүйлөгөн бир тил болгону кандай жакшы!

Суахили тилинин тарыхы

Элдин айтымында, суахили тилинде адамдар, бери дегенде, 10-кылымдан тартып сүйлөй башташкан. Ал эми 16-кылымдан баштап адамдар ал тилде жаза башташкан. Суахили тилин үйрөнүп жаткандар ал тилдеги көп сөздөрдүн арабча сөздөргө окшош экенин байкашат. Себеби суахили тилиндеги сөздөрдүн 20 пайызы араб тилинен, калгандары болсо Африка тилдеринен келип чыккан. Жүздөгөн жылдар бою суахили тили араб ариби менен жазылып келген.

Бирок учурда суахили тилиндеги сөздөр латын ариби менен жазылат. Эмне үчүн? Эмнеден улам латын арибинде жазыла баштаган? Бул суроолорго жооп алыш үчүн 19-кылымдын ортосунда эмнелер болгонуна көңүл буралы. Ошол убакта чыгыш Африкага биринчи жолу Европадан миссионерлер барып, жергиликтүү калкка Ыйык Китепте жазылган кабарды таратышкан.

Ыйык Китеп Чыгыш Африкага качан жеткен?

1499-жылы, Васко да Гама Африканын түштүгүнө саякаттаган учурда, португалиялык миссионерлер Занзибар шаарынан баштап чыгыш Африканын башка жерлерине католик динин жайылтышкан. Бирок ошондон 200 жыл өткөндөн кийин, жергиликтүү калктын каршылыгынан улам португалиялык миссионерлер куулуп чыгарылышкан. Алар менен кошо христиан дини да жок болгон.

Андан 150 жыл өткөндөн кийин чыгыш Африкага Германиядан Ёхан Лютвик Крапф деген миссионер барган. Ошондон кийин Кудайдын Сөзү кайрадан чыгыш Африкага тарай баштаган. Крапф 1844-жылы Кениянын Момбаса деген шаарына барган убактарда океанга жакын жашаган адамдардын басымдуу бөлүгү ислам динин тутушчу, ал эми жээктен алыс жашаган элдер ата-бабасынан калган, спиритизм менен байланышкан каада-салттарына карманышчу. Крапф Ыйык Китепте жазылгандарды ал жердегилердин бардыгы билиши маанилүү деп эсептеген.

Крапф чыгыш Африкага барганынан көп өтпөй эле суахили тилин үйрөнө баштаган. 1844-жылдын июнь айында ал оңой-олтоң эмес ишке, Ыйык Китепти суахили тилине которууга, киришкен. Тилекке каршы, жумушун баштаганынан бир ай өткөндөн кийин эле, келинчеги каза болуп калган. Экөөнүн баш кошконуна болгону эки эле жыл болгон. Жубайынын артынан бир нече күндөн кийин ымыркай кызы чарчап калган. Крапф күйүткө батып, кыйналып турса да, Ыйык Китепти которуу ишин токтоткон эмес. Ошентип, 1847-жылы Ыйык Китептеги Башталыш деген китептин биринчи үч бөлүмү жарык көрүп, суахили тилинде басылып чыккан эмгектердин эң алгачкысы болуп калган.

Крапф Ыйык Китепти которуп жатканда ошол учурда колдонулган араб арибин эмес, биринчилерден болуп латын арибин колдонгон. Анын латын арибин колдонгонунун бир нече себеби болгон. Биринчиден, ал өзү түшүндүргөндөй, эгер араб арибин колдонсо, латын арибинде окуп көнүп калган «европалыктарга араб арибинде жазылган суахили тилин үйрөнүү кыйын болмок». Экинчиден, анын «латын арибин колдонгону жергиликтүү калкка латын арибинде жазылган европалыктардын тилин үйрөнүүгө шарт түзмөк». Ошондой болсо да араб ариби көп жыл бою колдонулуп келе берген. Ыйык Китептин айрым китептери араб арибинде басылып чыккан. Бирок латын ариби көптөргө суахили тилин оңой үйрөнгөнгө жардам берген. Суахили тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен миссионерлер суахили тилинин латын арибине өткөнүнө абдан ыраазы экенине шек жок.

Крапф биринчи болуп Ыйык Китепти суахили тилине которгондон тышкары, Ыйык Китепти ал тилге которгон өзүнөн кийинки котормочуларга жол салып кеткен. Ал суахили тилинин сөздүгүн жана ал тилдин грамматикасы жазылган китеп чыгарган.

Кудайдын ысымы суахили тилинде

Биринчи жолу басылып чыккан Башталыш китебинин үч бөлүмүндө Кудайдын ысымы «Кудурети Күчтүү» деп которулган. 19-кылымдын аяк жагында бир нече киши Ыйык Китепти толугу менен суахили тилине которууга киришкен. Алардын айрымдары Ёхан Рэпмэн, Уильям Тейлор, Хари Бинс, Эдвард Стир, Фрэнсис Ходсон жана Артур Мадэн деген кишилер болгон.

Көңүлгө аларлык нерсе, ошол Ыйык Китептин алгачкы котормолорунда Кудайдын ысымы бир нече эле жерде эмес, Еврей Жазмаларына кирген бардык китептерде кездешкен. Занзибардагы котормочулар Кудайдын ысымын «Яхува», ал эми Момбасадагылар «Жехова» деп которушкан.

1895-жылы Ыйык Китеп толугу менен суахили тилине которулган. Ондогон жылдар өткөндөн кийин башка котормолор да жарык көргөн, бирок алардын айрымдары элге жакшы тараган эмес. 20-кылымдын башында чыгыш Африкада суахили тилин бир калыпка келтирүүгө байланыштуу көп күч-аракеттер жасала баштаган. Мындай иш-аракеттердин жыйынтыгында 1952-жылы Ыйык Китептин дагы бир котормосу жарык көргөн («Swahili Union Version»). Ал котормо эл эң көп окуган котормо болуп калган. Ошондой эле Кудайдын ысымы суахили тилинде «Иехова» деп кабыл алынып, Ыйык Китептин ошол котормосунда Кудайдын ысымы ошентип жазылган.

Өкүнүчтүүсү, алгачкы котормолор бара-бара басылбай калган. Мунун натыйжасында Кудайдын ысымы да унутула берген. Ал эми жаңы басылып чыккан Ыйык Китептердин айрымдарынан Кудайдын ысымы такыр эле алынып салынса, башкаларында Кудайдын ысымы айрым жерлеринде гана жазылган. Мисалы, 1952-жылы чыккан Ыйык Китептин котормосунда Кудайдын ысымы 15 эле жолу кездешкен. Ошол эле котормонун 2006-жылы кайра каралып чыккан басылышында болсо болгону 11 жерде гана кездешет *.

Ал котормодо Кудайдын ысымы дээрлик бардык жерлерден алынып салынса да, ал котормонун көңүлгө аларлык жагы бар. Котормонун алгачкы бетиндеги кириш сөздө Кудайдын ысымы Жахаба экени так-даана жазылган. Мунун аркасында Кудай жөнүндөгү чындыкты билгиси келген адамдар өздөрүнүн Ыйык Китебинен Жараткандын ысымы ким экенин биле алышкан.

Бирок Ыйык Китептин андан башка да котормосу жарык көргөн. 1996-жылы суахили тилинде «Грек Жазмаларынын Жаңы дүйнө котормосу» чыккан. Ал котормодо Кудайдын ысымы Матай китебинен Аян китебине чейинки китептерде 237 жолу кездешет. Ошондуктан ал котормо Кудайдын ысымы калыбына келтирилген суахили тилиндеги Ыйык Китептердин эң биринчиси болуп калган. Ал эми 2003-жылы суахили тилинде Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен басылып чыккан. Ал китеп жалпы жонунан 900 миң нускада басылган.

Ал котормодо Кудайдын ысымы ар кандай наамдар менен алмаштырылган эмес же китептин кириш сөзүндө эле айтылган эмес, ал ысым Ыйык Китептин түп нускасында кездешкен жерлердин баарында кездешет. Кудайдын ысымы 7000ден ашуун жолу кездешкен суахили тилиндеги ал Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» окуган жүрөгү таза адамдар Кудайдын ысымын билип, аны менен ынак мамиле өрчүтүп жатышат.

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» Чыгыш Африкадагы суахили тилинде сүйлөгөн адамдардын баары оңой түшүнө алгыдай тилде которулган. Ошондой эле башка котормолордо кездешкен каталардын баары оңдолгон. Ошондуктан окурман Жахаба Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган «чындык сөздөрүн» окуп жатканына ынана алат (Насаатчы 12:10).

Көптөр суахили тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» чыкканына ыраазычылыгын билдиришкен. Алсак, убактысынын көбүн Жахаба Кудайга кызмат кылууга арнаган 21 жаштагы Висент мындай деген: «„Жаңы дүйнө котормосунун“ эң жөнөкөй тилде жазылганын, Кудайдын ысымы алынып салынган жерлердин баарында Жахаба деген ысымдын жазылганын көргөндө кубанычым койнума батпай сүйүндүм». Ал эми үч баланын энеси Фриеда ал котормонун түшүнүктүү которулганынын аркасында Ыйык Китепте жазылгандарды адамдарга түшүндүрүп берүү оңой экенин айткан.

Үч эле бөлүмдүн которулушу менен башталган иштин, тагыраак айтканда, Ыйык Китепти суахили тилине которуу ишинин башталганынан бери 150 жылдан ашуун убакыт өттү. Иса пайгамбар Кудайдын «ысымын ачып бергенин» айткан (Жакан 17:6). Учурда Африканын борборунда жана чыгышында жашаган, суахили тилинде сүйлөгөн 76 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү да «Жаңы дүйнө котормосун» колдонуп, элге Кудайдын ысымын ачып берип жатышат.

^ 3-абз. Бул өлкөлөрдө суахили тилинин бир нече формасы колдонулат.