Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Нью-Йоркто

Жан аябас кызматчылар Нью-Йоркто

МЫНДАН бир нече жыл мурун Сезар жана Росио деген жубайлар Калифорнияда бардык шарттары бар үйдө жашап, жакшы турушчу. Алардын балдары жок эле. Сезардын жумушу имараттарды жылытууга, желдетүүгө жана абаны муздатууга байланыштуу болчу, Росио болсо доктурлардын офисинде убакытты көп албаган жумушта иштечү. Күндөрдүн биринде алардын жашоосу башка нукка бурулган. Эмнеден улам?

2009-жылы октябрда Кошмо Штаттардагы филиал өлкөдөгү бардык жыйналыштарга кат жөнөткөн. Ал катта Уолкиллдеги (Нью-Йорк штаты) филиалды кеңейтүүгө жардам бергиси келген жана куруу иштерине жөндөмдүү бир туугандар, атүгүл Бейтелге чакырыла турган курактан өтүп калгандары да Бейтелде убактылуу кызмат кылуу үчүн арыз толтурууга чакырылган. Сезар менен Росио: «Курагыбыздан улам Бейтелде кызмат кылууга мындан башка мүмкүнчүлүк болбой турганын түшүндүк. Биз ал мүмкүнчүлүктү такыр колдон чыгаргыбыз келген жок»,— дешет. Алар дароо арыз толтурушкан.

Уорикте иштеп жаткан ыктыярдуу кызматчылардын айрымдары

Бирок бир жылдан ашык убакыт өтсө да, Сезар менен Росио Бейтелге чакырылган эмес. Анткен менен алар жашоосун жөнөкөйлөтүп, максатына жетиш үчүн андан ары аракет кыла беришкен. Сезар мындай дейт: «Үйүбүздү ижарага бериш үчүн гаражыбызды бир бөлмөлүү батир кылып өзгөрттүк. Анан бир-эки эле жыл мурун куруп бүткөн 200 чарчы метрлик заңгыраган үйүбүздөн 25 чарчы метрлик ошол бөлмөгө көчтүк. Мунун аркасында чакырууну кабыл алууга көбүрөөк даяр болуп калдык». Андан ары эмне болгон? «Чакан бөлмөгө көчкөндөн бир ай өткөндөн кийин эле, Уолкиллге убактылуу ыктыярдуу кызматчылар катары чакырылып калдык. Ошондо биз жашообузду жөнөкөйлөтүү менен Жахабага анын батасына ээ болгудай бир нерсе бергенибизди түшүндүк»,— дейт Росио.

Жейсон, Сезар жана Уильям

АЛАР ЖАН АЯБАСТЫГЫ ҮЧҮН БАТА АЛУУДА

Жүздөгөн бир туугандар, Сезар менен Росиодой болуп, Нью-Йорк штатында жүрүп жаткан куруу иштерине катышуу үчүн көп нерседен баш тартууда. Алардын айрымдары Уолкиллдеги кеңейтүү иштерине, башкалары болсо Уориктеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкты куруу ишине катышып жатышат *. Жахабага көбүрөөк кызмат кылуу үчүн көптөгөн жубайлар жакшы жумушун, заңгыраган үйлөрүн, атүгүл жакшы көргөн үй жаныбарларын калтырышкан. Жахаба аларга жан аябастыгы үчүн батасын бергенби? Албетте!

Ве

Электрик болуп иштеген Ве менен жубайы Дебра, жашы 60тарга чукулдап калса да, Канзастагы үйүн жана мүлкүнүн көбүн сатып, Бейтелге келип-кетип кызмат кылыш үчүн Уолкиллге көчүп барышкан *. Ан үчүн көп нерседен баш тартууга туура келсе да, алар эч өкүнүшпөйт. Дебра Бейтелдеги кызматы жөнүндө: «Мен кээде өзүмдү биздин адабияттарга чыккан Бейиштеги куруу иштери тартылган сүрөттөрдө жүргөндөй сезем»,— дейт.

Түштүк Каролинадан болгон Мелвин менен Шэрон Уориктеги ишке салым кошуш үчүн үйүн жана буюм-тайымдарын сатышкан. Бул, албетте, оңойго турган эмес, бирок ал жубайлар тарыхта кала турган куруу ишине катышууну сыймык катары эсептешет. Алар: «Кылган ишиңдин бүткүл дүйнөлүк уюмга пайдасы тиерин билсең, жүрөгүң кубанычка толуп, сонун сезимдер чулгайт экен»,— деп айтышат.

Кеннет

Ардактуу эс алууга чыкканга чейин куруучу болуп иштеген Кеннет менен жубайы Морин 55 жаштарында Калифорниядан Уорикке көчүп барышкан. Ан үчүн алар үйүндөгүлөрүнөн Кеннет бир туугандын карып калган атасына кам көрүп турушун жана жыйналыштагы бир эжеден үйүн карап турушун суранышкан. Алар Бейтелде кызмат кылуу үчүн чалган курмандыктарын ойлоп, өкүнүшөбү? Түк да! «Биз мол бата алып жатабыз,— дейт Кеннет бир тууган.— Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок жашообуз аябай кызыктуу, маңыздуу өтүүдө. Биз башкаларды да бул кызматка катышууга чын жүрөктөн чакырабыз».

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ

Куруу иштерине катышкандардын көбү максатына жетиш үчүн ар кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрүшкөн. Мисалы, 60тардан ашып калган пенсильваниялык Уильям менен Сандра аттуу жубайлардын турмушу бейпил, жайбаракат өтүп жаткан. Алардын ишканасында жумуш жакшы жүрүп, 17 киши иштечү. Ал экөө бала кезинен барып жүргөн жыйналышында кызмат кылып, көптөгөн туугандарынын жанында жашашчу. Андыктан Уолкиллде кызмат кылууга чакырылганда аларга дээрлик баарын, анын ичинде жакындарын да калтырып кетүүгө туура келген. «Бизге баарынан да көнүп калган чөйрөбүздү калтырып кетүү оор болду»,— дейт Уильям бир тууган. Ошентсе да ал жубайы менен көп жолу тиленгенден кийин көчүп кетүүнү чечкен. Алар буга такыр өкүнүшпөйт. Уильям: «Курулушка катышып, Бейтел үй-бүлөсү менен ийиндеш кызмат кылуудан алган кубанычты эч нерсеге салыштырып болбойт. Сандра экөөбүз мынчалык бактылуу болуп көргөн эмеспиз»,— дейт.

Уолкиллде кызмат кылып жаткан жубайлардын айрымдары

Гавайиде курулуш долбоорлору боюнча иштеген Рики Уориктеги курулушка жардам берүүгө чакырылган. Жубайы Кендра анын макул болушун каалаган. Бирок алар үй-бүлөсү менен Нью-Йорк штатына көчүп барганы туура болор-болбосун жана 11 жаштагы уулу Жейкобдун таптакыр жаңы чөйрөгө көнүп кете алар-албасын ойлоп түпөйүлдөнүшкөн.

Рики: «Жейкобдун чөйрөсү жакшы болушу үчүн, биз рухий жактан ийгилик кылып жаткан жаштары бар жыйналыш тапкыбыз келди»,— деп бөлүшөт. Алар ошол жактагы бир жыйналышка бара башташкан. Ал жыйналышта балдар аябай аз болчу, бирок бир нече бейтелдик кызмат кылчу. Рики мындай дейт: «Биринчи жолугушуудан кийин Жейкобдон өзүнүн курагындагы бир да бала жок болгондуктан жаңы жыйналыш жөнүндө кандай ойдо болуп жатканын сурадым. Ал мага: „Тынчсызданбай эле коюңуз, ата. Мен Бейтелде кызмат кылган жаш байкелер менен достошом“,— деди».

Жейкоб менен ата-энеси жыйналышындагы бейтелдиктер менен пикирлешүүдөн кубаныч алышат

Кийинчерээк Жейкоб, чын эле, Бейтелдеги жаш бир туугандар менен дос болуп кеткен. Бул ага кандай таасир эткен? Анын атасы мындай дейт: «Бир жолу түнүчүндө уулумдун бөлмөсүнүн жанынан өтүп баратып, жарык өчө элек экенин байкап калдым. Аны электрондук оюн ойноп жаткан жеринен кармап калдым деп ойлосом, Ыйык Китеп окуп жатыптыр! Жейкобдон эмне кылып жатканын сурасам: „Мен жаш бейтелдикмин, ошон үчүн Ыйык Китепти бир жылдын ичинде окуп чыгайын деп жатам“,— деп жооп берди». Рики менен Кендра Нью-Йорк штатына көчүп барышканына аябай кубанышат. Себеби анын аркасында Рики Уориктеги куруу ишине катышып жаткандан сырткары, алардын уулу да рухий жактан жакшы ийгиликтерди кылууда (Накыл 22:6).

ЭРТЕҢКИ КҮНҮН ОЙЛОП ТЫНЧСЫЗДАНЫШПАЙТ

Люис менен Дейл

Уолкилл менен Уориктеги куруу иштери акыры соңуна чыга тургандыктан, ал жакка чакырылгандар Бейтелдеги кызматынын убактылуу экенин жакшы түшүнүшөт. Бирок ал бир туугандар жумуш аяктагандан кийин каякка барышарын же эмне кылышарын ойлоп тынчсызданышпайт. Алардын көбү элүүлөрдөн ашып калган флоридалык түгөйлөрдүкүндөй ойдо. Ал түгөйлөрдүн бири Жон менен Кармен Уорикте убактылуу кызмат кылып жатышат. Алар: «Жахаба ушул күнгө чейин муктаждыктарыбызга кам көрүп келатат. Жахабанын бизди бул жакта колдонгондон кийин таштап салбай турганына шектенбейбиз»,— деп айтышат (Заб. 119:116). Ал эми Уолкиллде кызмат кылып жаткан Люис жана Кениа деген жубайлар мындай дешет: «Жахаба бизге жашоого зарыл нерселерди марттык менен берип келет. Кантип, качан же каякта экенин так айта албасак да, ал бизге кам көрө берерине толук ишенебиз» (Заб. 34:10; 37:25).

«ЭЧ НЕРСЕГЕ МУКТАЖ БОЛБОЙ КАЛГАНЫҢАРЧА, СИЛЕРГЕ БАТАМДЫ ТӨКПӨЙТ БЕКЕМ»

Жон менен Мелвин

Нью-Йорк штатындагы куруу иштерине жардам берип жаткандардын көбү ал жакка барбай коюуга себеп таба алышмак. Бирок алар Жахабанын: «Мени... сынап көргүлө,.. ошондо силер үчүн асман дарбазаларын ачпайт бекем, эч нерсеге муктаж болбой калганыңарча, силерге батамды төкпөйт бекем»,— деген чакырыгына ылайык иш кылып жатышат (Мал. 3:10).

Сен да Жахабаны «сынап көрүп», андан мол бата алгың келеби? Нью-Йорктогу же башка жердеги куруу ишине катышуу үчүн эмне кылсаң болору жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүп көр. Ошондо кылган аракетиңе Жахабанын кантип батасын бергенин көрөсүң (Мр. 10:29, 30).

Гари

Алабамалык инженер Дейл менен зайыбы Кэти Уолкиллде ыктыярдуу кызмат кылып жатышат. Ал экөөнө кызматтын бул түрү абдан жагат. «Эгер коркпой, көнүп калган жериңди таштап кете алсаң, Жахабанын ыйык руху кантип иш-аракет кыларын өз көзүң менен көрөсүң»,— дешет алар. Куруу ишине катышуу үчүн эмне кылуу керектигине байланыштуу Дейл: «Жашооңорду жөнөкөйлөткүлө, жөнөкөйлөткүлө жана дагы да жөнөкөйлөткүлө. Буга эч качан өкүнбөйсүңөр»,— дейт. Түндүк Каролинадан болгон Гаринин куруу ишин көзөмөлдөө жагынан 30 жылдык тажрыйбасы бар. Ал жубайы Морин экөө «Бейтелде бир топ жылдан бери кызмат кылып келаткан көптөгөн сонун бир туугандар менен таанышып, алар менен чогуу кызмат кылып жатканы» Уорикте алган баталарынын бири экенин айтышат. Гари: «Бейтелде кызмат кылыш үчүн жөнөкөй жашашың керек. Азыркы дүйнөдө мындан өткөн жакшы жол жок»,— деп кошумчалайт. Электрик болуп иштеген Жейсон менен Женифер Уолкиллге Иллинойс штатынан барышкан. Алар ал жактагы куруу ишине катышуу «жаңы замандагы жашоого аябай окшош» экенин айтышат. Женифер: «Ар бир кылган ишибиз Жахабанын көз алдында баалуу экенин жана алар баалуулугун ал биз үчүн даярдап жаткан келечекте да жоготпой турганын билүү ушунчалык жүрөк толкутат. Жахаба батасын ченемсиз төгөт экен»,— дейт.

^ абз. 6 Жахабанын Күбөлөрүнүн 2014-жылдагы «Жылдык китебинин» (ор.) 12, 13-беттерин кара.

^ абз. 7 Бейтелге келип-кетип толук эмес убакыт кызмат кылган кызматчылар Бейтелде жумасына бир же андан көп күн кызмат кылып, жашаган жерине жана башка нерселерине кеткен чыгымдарын өздөрү жабышат.