Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Бразилияда

Жан аябас кызматчылар Бразилияда

МЫНДАН бир нече жыл мурун азыр 30 жаштагы Рубиа (1) Бразилиянын түштүгүндөгү чакан жыйналышта кызмат кылган Сандра (2) деген пионердикине барат. Ошондо анын жүрөгүн ушунчалык козгоп, жашоосун өзгөртүүгө түрткү берген бир нерсе болот. Ал эмне эле? Аны Рубиа өзү айтып берсин.

«УККАН КУЛАГЫМА ИШЕНГЕН ЖОКМУН»

«Сандра мени аны менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан бир эжеге алып барды. Изилдөө учурунда ал: „Сандра, жумушумдан үч кыз Ыйык Китепти изилдегиси келип жатканын айтышты. Бирок мен аларга өздөрүнүн кезегин күтүшү керектигин айттым. Билишимче, бул жылы сенин колуң такыр бошобойт“,— деп калды. Уккан кулагыма ишенген жокмун. Ал жакта Жахабаны таанып-билгиси келгендер кезекке турууга аргасыз болуп жатыптыр. Ал эми өзүмдүн жыйналышымда жүргөндө атүгүл бир изилдөө табуу кыйын болчу. Так ошол маалда, ал эженин үйүндө отурганда, ошол шаарчадагы адамдарга аябай жардам бергим келди. Көп өтпөй эле чоң шаардан Сандра пионер болуп кызмат кылып жаткан шаарчага көчүп бардым».

Мунун натыйжасы кандай болгон? Рубиа мындай дейт: «Ал жакка баргандан кийин эки эле айдын ичинде 15 изилдөө өткөрө баштадым. Ишенесиңерби, көп өтпөй эле мен да, Сандрага окшоп, изилдегиси келгендерди кезекке тургузууга аргасыз болдум!»

КЫЗМАТЫНЫН САПАТЫ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНУУГА ТҮРТКҮ АЛГАН

Азыр 20дан ашып калган Диего (3) бир жолу Бразилиянын түштүгүндөгү Прудентополис деген чакан шаарчада кызмат кылып жаткан пионерлердикине барат. Ал жакка барганы ага ушунчалык таасир эткендиктен, ал кызматынын сапаты тууралуу ойлонууга түрткү алат. Диего мындай дейт: «Кызматка айына бир нече эле саат жумшап коюп, жыйналышымда өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп эле жүрчүмүн. Бирок ошол пионерлердикине барып, башынан өткөн окуялары тууралуу укканда, алардын кубанычтуу кызматын өзүмдүн көңүлсүз кылып жаткан кызматыма салыштырбай коё алган жокмун. Алардын кубанычы көкүрөгүнө сыйбай, күйүп-жанып турганын көргөндө жашоомду алардыкындай маңыздуу кылгым келди». Ал жактан келгенден кийин Диего пионердик кызматты баштаган.

Сен да, Диегого окшоп, кабар айтуу ишине катышып, жыйналыш жолугушууларына барып жүрсөң да, кызматты кубаныч тартуулабаган, боло жүргөн иш катары көрүп калдыңбы? Ошондой болсо, Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк жерлерде кызмат кылуудан келүүчү кубанычты татып көрүү үчүн жашооңдо өзгөрүүлөрдү жасай аласыңбы? Албетте, ан үчүн ыңгайлуу шарттардан кечүүгө туура келерин ойлогондо кооптонушуң мүмкүн. Анткен менен көптөгөн жаш бир туугандар ошондой кылууда. Алар Жахабага көбүрөөк кызмат кылуу үчүн жеке максаттарын, каалоолорун өзгөртө алышты. Мисалга Брунону алалы.

АТАКТУУ МУЗЫКАНТ БОЛОБУ ЖЕ ТОЛУК УБАКЫТ КЫЗМАТ КЫЛАБЫ?

28 жаштагы Бруно (4) бир нече жыл мурун белгилүү музыкалык окуу жайында окучу; окуусун бүткөндө оркестрдин дирижёру болмок. Ал аябай жакшы окугандыктан студент кезинде бир нече жолу симфониялык оркестрде дирижёр болууга чакырылган. Аны келечекте чоң мансап күтүп турган. «Бирок,— дейт Бруно,— жашоомдо бир нерсе жетишпей жаткандай боло берчү. Өзүмдү Жахабага арнаган болсом да, ага өзүмдө болгондун баарын бербей жатканымды билчүмүн. Бул жүрөгүмдү өйүчү. Ошондуктан Жахабага кандай сезимде болуп жатканымды айттым, ошондой эле жыйналышымдагы тажрыйбалуу бир туугандар менен сүйлөштүм. Терең ой жүгүртүп көргөндөн кийин кызматымды музыкадан жогору коюуну, музыкалык окуу жайынан чыгып, жарчыларга муктаждык чоң жерге барып кызмат кылууну чечтим». Анын чыгарган чечиминин натыйжасы кандай болгон?

Бруно Сан-Паулу шаарынан 260 кмдей алыс жайгашкан Гуапиара шаарчасына (калкы 7000дей киши) көчүп барган. Бул чоң өзгөрүү болгон. Ал: «Мен көчүп барган үйдө муздаткыч, телевизор, Интернет жок болсо да, огороду жана бакчасы бар болчу. Андай нерселер менде мурун эч качан болгон эмес»,— дейт. Бруно ал жакта чакан жыйналышта кызмат кылып жүргөндө жумасына бир жолу сумкасына тамак-аш, суу, адабият салып алып, мотоцикли менен айыл-кыштактарга кабар айтканы барчу. Ал аймактарда көптөр жакшы кабарды такыр уга элек экен. «Мен 18 киши менен Ыйык Китепти изилдечүмүн. Алардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөрдү кылып жатканын көрүү мага зор кубаныч тартуулады!» — дейт ал. Анан: «Ошондо жашоомдо эмне жетишпей жатканын түшүндүм. Көрсө, мага Падышалыкты биринчи орунга коюудан келчү терең канааттануу жетишчү эмес экен. Мансапты көздөсөм, эч качан мындай канааттануу ала алмак эмесмин»,— деп кошумчалайт. Бруно материалдык жактан өзүн кантип камсыз кылган? Ал күлүп: «Башкаларга гитара черткенди үйрөтүү менен»,— дейт. Ооба, аны дагы деле музыкант десе болот.

«КАЛЫШЫМ КЕРЕК БОЛДУ»

30га чыгайын деп калган Мариананын (5) жагдайы да Брунонукуна окшош болгон. Ал юрист болуп иштечү. Бирок маянасы чоң болсо да, өзүн чындап бактылуу сезчү эмес. «„Шамалды кууп жетүүгө умтулуп“ жаткандай эле сезимде болчумун»,— дейт ал (Нас. 1:17). Айрым бир туугандар ага пионердик кызмат жөнүндө ойлонуп көрүүнү кеңеш кылышкан. Ал жөнүндө ой жүгүртүп көргөндөн кийин Мариана Бианка (6), Каролина (7), Жулиана (8) деген достору менен үйүнөн миңдеген чакырым алыс жайгашкан жердеги, Боливиянын жанындагы Барра-ду-Бугрис деген шаарчадагы, жыйналышка жардам берүүнү чечкен. Анан эмне болгон?

Мариана мындай дейт: «Мен ал жакка үч айга баргам. Бирок үч айдын аягында 15 изилдөө өткөрүп жаткам! Албетте, ал кызыгуучулар чындык жолунда ийгилик кылыш үчүн жардамга абдан муктаж болушкан. Ошондуктан аларга кетип жатам деп айтууга такыр батына алган жокмун. Кыскасы, калышым керек болду». Анын достору да ал жакта калышкан. Мариананын ошол максатты көздөгөнү аны жашоосун маңыздуураак кылганбы? «Жахабанын мени адамдарга жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө жардам бериш үчүн колдонуп жатканын ойлогонумда жүрөгүмдү сонун сезимдер чулгайт. Азыр убактымды, күчүмдү чындап арзый турган ишке жумшап жатканымды билүү мен үчүн бата»,— дейт ал. Ал эми Каролина төртөөнүн сезимдерин чагылдырып, мындай дейт: «Кечинде жатканда өзүмдү Падышалыктын иштерине арнап жатканымды ойлоп терең канааттануу сезем. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга жардам берүү — жашоомдогу эң негизги иштердин бири. Алардын ийгилик кылып жатканын көрүүгө эмне жетсин?! Мен: „Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер“,— деген сөздөрдүн калетсиздигине ынанып жатам» (Заб. 34:8).

Жахаба анын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды алыскы аймактарга жеткирүүгө «даяр турган» жан аябас жаш кызматчыларынын саны дүйнө жүзү боюнча өсүп жатканын көрүп, аябай кубанып жатса керек (Заб. 110:3; Накыл 27:11). Ал эми алар өз кезегинде Жахабадан мол бата алышууда (Накыл 10:22).