Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТУРМУШ АГЫМЫНА ТУРУШТУК БЕРҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Көйгөй: өзгөрүлгүс жагдайлар

Көйгөй: өзгөрүлгүс жагдайлар

БАЛКИМ, өнөкөт оорунун, ажырашуунун айынан же жакын адамыңардан айрылып калгандыктан силердин да турмушуңардын калыбы капилеттен өзгөрүп кеткендир. Ушундай учурларда өзүбүздү жагдайыбыздын өзгөрүшүн каалагандан башка эч нерсеге жараксыз сезишибиз мүмкүн. Бирок жагдайыбызды өзгөртө албасак да, абалыбызды бир аз да болсо жакшыртыш үчүн айрым нерселерди кыла алабыз.

БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ МИСАЛ

1-кылымда жашаган элчи Пабыл учурунда жер-жерлерди кыдырып, Кудайдын сөзүн ынталуу жарлаган. Бирок күтүүсүздөн адилетсиз түрдө камакка алынып, 2 жыл сакчылар кайтарган үйдө камакта жаткан. Анткен менен көңүл чөгөттүккө алдырбай, колунан келген нерсени кыла берген. Ал Кудайдын Ыйык Китепте жазылган сөздөрүн ага келгендерге айта берген. Ал тургай кийинчерээк Ыйык Китепке кирген бир нече кат жазган (Элчилер 28:30, 31).

УЧУРДАГЫ МИСАЛ

Башында жазылгандай, Анжа үйүнөн чыга албайт. «Рак болуп ооруп калганым жашоомдун бардык тармагына таасир этти. Азыр мен эч кандай оору жуктурбашым керек, ошондуктан жумушка да бара албайм, элге да аралаша албайм»,— дейт Анжа. Ал ушундай өзгөрүүгө кантип ылайыкташкан? Анжа: «Мага күндөлүк жашоомдогу тартипти өзгөрткөнүм жардам берди. Мен адегенде мен үчүн эмне маанилүү экенин аныктап алдым, анан алыма жараша кыла ала турган иштердин тизмесин түзүп алдым. Ошенткеним өзүмдү таштап койбогонго жардам берди»,— дейт.

«Бардык жагдайларда колумда болгон нерсеге ыраазы болууга үйрөнгөм» Элчи Пабылдын Филипиликтер 4:11деги сөздөрү

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Эгер кайсы бир жагдайда колуңардан эч нерсе келбечүдөй сезилип жатса:

  • Колуңардан келген нерселерге көңүл топтогула. Мисалы, ооруңарды жеңе албасаңар да, көнүгүү жасагыла, туура тамактангыла, жетиштүү эс алгыла.

  • Кандайдыр бир максат коюп, ага жетүүгө акырындык менен аракет кылгыла. Мисалы, күнүгө максатыңарга жетүүгө жардам бере турган иштерди кылууга убакыт бөлүп тургула.

  • Маанайыңарды чөгөрбөй, өзүңөрдү жакшыраак сезиш үчүн атүгүл майда-чүйдө иштерди да кылып тургула: үстөлдүн үстүн сүрткүлө, идиш жуугула. Ошондой эле тыкан кийингиле. Маанилүүрөөк иштерди дайыма эртең менен бүтүргөнгө аракет кылгыла.

  • Жагдайыңардын жакшы жактарын көрө билгиле. Мисалы, ооруңар менен күрөшүп жатып ал жөнүндө көп нерсени билишиңер мүмкүн. Билгениңерди башкаларга айтып жардам бергиле.

Жыйынтык: Кээде жагдайыбызды өзгөртө албашыбыз мүмкүн, бирок жагдайга карата көз карашыбызды өзгөртө алабыз.