Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Монголияга саякат

Монголияга саякат

УЛУУ МОНГОЛ ИМПЕРИЯСЫНЫН пайдубалын 12-кылымда дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгызхан түптөгөн. Учурда Монголия өлкөсүнүн ээлиги ошол улуу империяга караштуу болгон аймактын чакан гана бөлүгүн түзөт. Монголия өлкөсү Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан. Ал дүйнөдөгү калкы эң сейрек отурукташкан өлкө болуп саналат.

Монголиянын жери дарыяларга, сууларга, бийик тоолорго, шиберлүү түздүктөргө, оттуу жайыттарга бай. Түштүгүндө динозаврлардын жакшы сакталган калдыктары менен таанымал болгон Гоби чөлү керилип жатат. Монголия деңиз деңгээлинен 1580 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү эл бекеринен өз мекенин «көк асмандуу жер» деп атабаса керек, себеби Монголияда бир жылда 250дөн ашуун күн асман чайыттай ачык болуп турат.

Илбирс

Монголиянын климаты өтө катаал келет. Жайкысын 40 градус ысык болсо, кышкысын 40 градус суук болот. Калктын, болжолу, үчтөн бир бөлүгү — көчмөндөр. Моңголдор тирлигин таң азандан башташат: алардын эркектери да, аялдары да эртең менен эрте туруп, уй, эчки, төө жана бээ саашат. Моңголдор көбүнчө сүт азыктары жана эт менен азыктанышат, өзгөчө, койдун этин жакшы көрүшөт.

Сүзмөдөн жасалган жана күнгө жайылып турган ааруул

Моңгол эли меймандос болот. Алар өткөн-кеткендер кирип, бир нерсе ооз тийип, эс алып алышы үчүн, моңголчо гер деп аталган боз үйүнүн эшигин дайыма ачык таштап коюшат. Конокторго көбүнчө бир аз туз кошулган сүт чай беришет.

Монголияда көбүнчөсү буддизм динин тутушат. Андан тышкары, элдин арасында шаманчылыктын, ошондой эле ислам жана христиан дининин таасири да байкалат. Ал жакта эч бир динди тутпагандар да аз эмес. Монголияда 350дөн ашуун Жахабанын Күбөсү бар. Алар учурда 770тен ашуун кишиге Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүдө.

Катуу суукка да чыдамдуу келген айры өркөчтүү төөлөрдүн жүк ташып баратканы