Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТТЫН СЫРЫ

Балаңар оорукчан болсо...

Балаңар оорукчан болсо...

КАРЛО: * «Уулубуз Анжело Даун оорусу менен ооруйт. Дени сак балдарды караганга эле канча күч кетет, ал эми балаң оорукчан болсо, жүз эсе көп күч жумшашың керек болот. Кээде катуу чарчаганыбыздан эч нерсеге көңүлүбүз чаппай калат. Ошонун айынан жубайым экөөбүз жаман-жакшы айтыша да кетебиз».

МИЯ: «Анжелону оңой эле нерселерге үйрөтүш үчүн көп убакыт, чыдамдуулук талап кылынат. Аябай чарчаганда, сиркем суу көтөрбөй, жолдошума жаман айтып алам. Карло экөөбүздүн оюбуз бир чыкпай калганда, уруша да кетебиз».

Перзентүү болгон күнүңөр эсиңердеби? Ошондо төбөңөр көккө жетип, чүрпөңөрдү колуңарга алганга шашкандырсыңар. Бирок айрымдар баласынын оорукчан же майып болуп төрөлгөнүн укканда, заманасы куурулуп, эмне кылышты билбей калат.

Эгер силердин да балаңар оорукчан болсо, аны кантип карайм деп кабатыр болоттурсуңар. Анда көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Силердикиндей эле кыйынчылыктарга кабылып, алар менен күрөшүп жаткан ата-энелер бар. Келгиле, кабылышыңар мүмкүн болгон үч нерсеге токтолуп, Ыйык Китептеги кеңештердин кандайча жардам берерин карап көрөлү.

1-КЫЙЫНЧЫЛЫК: ЧЫНДЫККА МОЮН СУНБОО.

Ата-энелер баласынын оорулуу экенин укканда, аларга жер астын-үстүн болуп кеткендей эле болот. Мексикалык Сантьяго: «Доктур балабыздын церебралдык шал оорусу менен ооруурун айтканда, дал  болуп туруп калдым»,— дейт. Жубайы Жулиана: «Муну укканда, жер бут алдыман көчүп кеткендей эле болду»,— дейт. Башкалар болсо италиялык Вилананыкындай сезимде болушу мүмкүн. Ал мындай дейт: «Жашым өтүп калса да, аябай балалуу болгум келген. Азыр баламдын Даун оорусу менен ооруганына өзүмдү күнөөлөй берем».

Эгер силер да ушундай жагдайга туш болсоңор, заманаңар тарып, өзүңөрдү күнөөлүү сезишиңер мүмкүн. Мындай абалда болгонуңар табигый нерсе. Анткени Кудай адамдардын ооруп, азап тартышын ниет кылган эмес (Башталыш 1:27, 28). Ал адамды табигый эмес нерселерди оңой кабыл ала тургандай кылып жараткан эмес. Андыктан балаңардын оорулуу экенин укканда жүрөгүңөр сыздап, кайгырганыңарды түшүнсө болот. Жүрөк эзген андай сезимдерден арылып, капилеттен өзгөрүп кеткен турмуштун калыбына түшүш үчүн убакыт талап кылынат.

Балаңардын оорукчан болуп калышына өзүңөрдү күнөөлөй берсеңер, тукум куума белгилердин, айлана-чөйрөнүн жана башка нерселердин баланын саламаттыгына кандай таасир этерин толугу менен билбей турганыбызды эстен чыгарбагыла. Ошондой эле өмүрлүк жарыңарды күнөөлөй бергенден качкыла. Оорукчан балаңарды багууда жубайыңар менен биргелешип иш кылсаңар, кыйынчылыктарды көтөрүү оңой болот (Насаатчы 4:9, 10).

КЕҢЕШ. Балаңардын оорусу жөнүндө көбүрөөк билгенге умтулгула. Ыйык Китепте: «Үй акылмандык менен курулат, кыраакылык менен бекемделет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 24:3).

Дарыгерлерден кеңеш сурап, ишеничтүү адабияттарды окугула. Оорукчан балаңарга кам көргөндү үйрөнүүнү башка тилди үйрөнүүгө салыштырса болот. Башында кыйынга турат, бирок акырындык менен үйрөнүп кетесиңер.

Макаланын башында сөз кылынган Карло менен Мия дарыгеринен, ошондой эле баласынын ооруусун изилдеп, дарылаган мекемелерден көбүрөөк маалымат алганга аракет кылышкан. Алар мындай дейт: «Мунун аркасында кыйынчылыктарга эле көңүл топтой бербей, балабыздын эмнелерди кыла аларын да билип калдык. Балабыздын, башка балдардай эле, колунан көп нерсе келерин түшүндүк. Бул бизди аябай жубатты».

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ. Балаңар кыла ала турган нерселерге көңүл топтогула. Үй-бүлөңөр менен кылган иштерге аны да аралаштыргыла. Балаңар бир нерсени жакшы кылса, аны дароо мактап, аны менен кошо кубангыла.

2-КЫЙЫНЧЫЛЫК: АЛСЫРОО ЖАНА ЭЧ КИМ ТҮШҮНБӨЙТ ДЕГЕН ОЙДО БОЛУУ.

Балаңарды карап, ага кам көрүү бүт күчүңөрдү алып жаткандай сезилеттир. Жаңы Зеландияда жашаган Жена мындай дейт: «Баламдын омуртка тутумунда жылчык бар экенин билгенден кийин бир нече жыл бою абдан алсырап жүрдүм, үйдөн кичине оорураак жумуш кылыш керек болсо эле ыйлай берчүмүн».

Ата-энелер кабылган кыйынчылыктардын дагы бири — эч ким түшүнбөйт деген ойдо болуп, жалгызсыроо. Бендин уулу булчуң дистрофиясы жана Аспергер синдрому менен ооруйт. Ал: «Кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканыбызды эч ким толук түшүнө албайт»,— дейт. Балким, силер бирөө менен сүйлөшүп, топтолгон бугуңарды чыгаргыңар келиши мүмкүн. Бирок досторуңардын балдарынын дени сак болгондуктан, алар толук түшүнбөйт деп, ичиңердегини айта албашыңар ыктымал.

КЕҢЕШ. Башкалардан жардам сурагыла. Кимдир бирөө жардамын сунуштаганда, кабыл алгыла. Жулиана: «Кээде жолдошум экөөбүз кимдир бирөөдөн жардам сурагандан тартынабыз»,—деп ачык айтат. Бирок андан ары: «Биз башкалардын жардамына муктаж экендигибизди түшүндүк. Башкалар жардам бергенде, кадимкидей кайраттанып калабыз»,— деп кошумчалайт. Эгер жыйналыштагы досторуңар же туугандарыңар балаңарды карап берүүнү айтса, жардамын кабыл алгыла. Ыйык Китепте: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— делет (Накыл сөздөр 17:17).

Өзүңөрдүн ден соолугуңарга да кам көргүлө. Мисалы, бейтапты ооруканага жеткириш үчүн тез жардам унаасына май куюп туруш керек болгондой эле, балаңарга мындан ары да кам көрө алышыңар үчүн жакшы тамактанып, көнүгүүлөрдү жасап, эс алып, ден соолугуңарды чыңдап тургула. Майып баласын чоңойтуп жаткан Кавиер мындай дейт: «Уулум баса албайт. Андыктан жакшы тамактанышым керек деп ойлойм. Анткени уулумду кээде көтөргөнгө туура келет. Менин бутум анын буту деп койсом болот».

Ден соолугуңарга кам көргөнгө кантип убакыт тапсаңар болот? Айрым ата-энелер баласын кезектешип карашат. Андайда жубайлардын биринде эс алып алганга же башка иштерди кылганга мүмкүнчүлүгү болот. Оңой эмес болсо да, анча маанилүү эмес иштерди аныктап, аларга кете турган убакытты ден соолугуңарды чыңдаганга жумшагыла. Убакыттын өтүшү менен, индиялык Маяури айткандай, «бир нукка түшүп, көнүп каласыңар».

 Ишене алган досуңар менен сүйлөшкүлө. Оорукчан балдары жок болгон досуңар да силерди түшүнүп, соорото алышы мүмкүн. Ошондой эле Жахаба Кудайга жалынып тиленгиле. Бул кандайча жардам берет? Язминдин уулу менен кызы дем алуу жана тамак сиңирүү органдарын жабыркаткан айыккыс оору менен ооруйт. Ал мындай дейт: «Кээде ушунчалык кыйналганда жашагым келбей кетчү. Бирок Кудайдан кайрат, күч сурап тиленгенде сооронуп, баарын андан ары да көтөрүп кеткенге бел байлап калчумун» (Забур 145:18).

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ. Кандай тамактанып жатканыңарга, көнүгүүлөрдү качан жасаарыңарга жана канча саат уктап жатканыңарга көңүл бургула. Анча маанилүү эмес иштердин эсебинен канткенде ден соолугуңарды чыңдаганга убакыт бөлө аларыңарды аныктагыла. Зарыл болсо, күн тартибиңерди өзгөртүп тургула.

3-КЫЙЫНЧЫЛЫК: ҮЙ-БҮЛӨНҮН БАШКА МҮЧӨЛӨРҮНӨ КӨП КӨҢҮЛ БУРБАЙ КАЛУУ.

Баланын ооруганы үй-бүлөнүн кандай тамактанарына, кайсы жактарга барарына жана ата-энелердин башка балдарына канча убакыт бөлөрүнө таасир этет. Ата-эне оорулуу баласы менен эле алек боло берсе, башка балдарына алар көңүл бурбай жаткандай сезилиши ыктымал. Андан тышкары, бул жубайлардын мамилесине да терс таасир этиши мүмкүн. Либерияда жашаган Лионел мындай дейт: «Кээде келинчегим: „Баланы карабайсың, жүктүн баары менин эле мойнумда“,— деп айтып калганда, ачууланып, ороңдоп ием».

КЕҢЕШ. Балдарыңардын баарына көңүл буруп, аларды жакшы көрөрүңөргө ынандыргыла жана баарына жага турган нерселерди уюштуруп тургула. Жогоруда сөз кылынган Жена: «Кээде улуу балабыз үчүн атайын бир нерсе уюштурабыз, жок эле дегенде, ал жакшы көргөн кафеге барып тамактанабыз»,— дейт.

Балдарыңардын баарына көңүл бөлгүлө

Жубайыңар менен болгон мамилеңер муздап калбаш үчүн бири-бириңер менен пикирлешип, чогуу тиленгиле. Баласынын талмасы бар индиялык Асем мындай деп ой бөлүшөт: «Аялым экөөбүз кээде аябай чарчап, көңүлүбүз чөккөндө, чогуу отуруп сүйлөшөбүз, чогуу тиленебиз. Күнүгө эртең менен эрте, балдар тура электе Ыйык Китепти окуп, аяттарды талкуулайбыз». Ал эми башкалар бири-бири менен пикирлешүүгө жатарда убакыт бөлүшөт. Жубайлардын чогуу пикирлешкени, жалындуу тиленгени кыйын учурларда мамилесин бекемдейт (Накыл сөздөр 15:22). Бир жубайлар алардын жашоосундагы эсте калган жагымдуу учурлар кыйынчылыктарды чогуу башынан кечирип жаткан кезде болгонун айтышкан.

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ. Оорулуу бир тууганына жардам бергени үчүн балдарыңарды мактап тургула. Аларды жана жубайыңарды сүйөрүңөргө ынандырып, аларга ыраазычылык билдиргиле.

ҮМҮТҮҢӨРДҮ ҮЗБӨГҮЛӨ

Ыйык Китепте жашты да, карыны да азапка салган оору аттуунун баарын Кудайдын жакында жок кылары айтылат (Аян 21:3, 4). «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» * (Ышая 33:24).

Ал убак келгенге чейин балаңарга жакшы кам көрө аларыңардан шектенбегиле. Макаланын башында ой бөлүшкөн Карло менен Мия мындай дейт: «Баары силер ойлогондой болбой жатса, кабатыр болбогула. Балаңарга кам көрүүгө байланыштуу болгон жакшы нерселерге көңүл топтогула».

^ абз. 3 Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди

^ абз. 29 Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 3-бөлүмүн карагыла.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ

  • Ден соолугумду, эмоциялык саламаттыгымды чыңдап, Кудай менен болгон мамилемди бекемдеш үчүн эмнелерди кылып жатам?
  • Жардам көрсөткөнү үчүн балдарымды акыркы жолу качан мактадым эле?