Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ВЕНЛОНГ ХЭ

Физик менен курулган маек

Физик менен курулган маек

ВЕНЛОНГ ХЭ физиканы Кытайдын Цзянсу провинциясындагы Сучжоу шаарында изилдеген. Ал эл аралык технология журналын редакциялоого жардам берет. Андан тышкары, өзүнүн да көптөгөн илимий макалалары бар. Азыркы тапта Венлонг Хэ Шотландиядагы Стратклайд университетинде иштейт. Жаш кезинде ал эволюцияга ишенчү, бирок кийинчерээк тиричиликти Кудай жаратканына ишенип калган. «Ойгонгула!» журналы ага бир нече суроо менен кайрылды.

Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

Мен 1963-жылы төрөлүп, Кытайдын Цзянсу провинциясындагы Янцзы дарыясынын түштүгүндөгү айылда чоңойгом. Субтропикалык аймакка киргендиктен ал жер тамак-аштын молдугу менен белгилүү болчу. Ал жерди күрүч менен балыктын мекени деп коюшчу. Бала кезде табият тартуулаган даамдуу азык-түлүктүн молдугуна таң калып: «Ушунун баары кокусунан пайда болгонбу? Тоок биринчи пайда болгонбу же жумурткабы?» — деп ойлоно берчүмүн. Кытайда атеисттик көз караш басымдуулук кылгандыктан мектептен эволюцияны окутушчу.

Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

Ата-энем атеист болчу. Апам фермада иштечү, атам болсо архитектор болчу. Анын курулуш компаниясы да бар эле. Мен беш баланын улуусу болчумун. Өкүнүчтүүсү, эки иним кичинекей кезинде чарчап калган. Буга аябай кайгыргандыктан: «Адамдар эмне үчүн өлөт? Инилеримди кайра көрөмбү?» — деп ойлончумун.

Илимге кантип кызыгып калдыңыз?

Физиканы табиятка абдан кызыккандыктан жана бала кезимден бери бүйүрүмдү кызыткан суроолорума жооп тапканга жардам берет деп ойлогондуктан изилдей баштагам.

Кайсы тармакты изилдейсиз?

Мен заряддалган бөлүкчөлөрдү жарыктын ылдамдыгына жакын ылдамдыкка чейин ылдамдатуунун жолдорун изилдейм. Бул болсо мага атомдордун түзүлүшүн изилдөөгө жардам берет. Мындан тышкары, микротолкундар менен инфракызыл нурлардын ортосундагы жыштыктагы абдан күчтүү нурланууну кантип пайда кылса болорун изилдейм. Албетте, бул изилдөөлөрүмдүн коммерциялык баалуулугу  да бар. Бирок, ошону менен бирге, изилдөө жүргүзгөнүм мага ааламдын кантип пайда болгонун түшүнүүгө жардам берүүдө.

Ыйык Китепке эмне болуп кызыгып калдыңыз?

1998-жылы үйгө Жахабанын Күбөлөрү келип калды. Алар суроолорума жоопту Ыйык Китептен көрсөтүп берүүнү сунуш кылышты. Илим жаатында иштеген жубайым Хуаби да бизге кошулду. Ага чейин биз Ыйык Китепти көргөн эмеспиз. Анда жазылган кеңештер аябай жакты. Ошондой эле Ыйык Китептеги принциптерди колдонгону бизге келип жүргөн жубайлардын жашоосуна жакшы таасир этип жатканын да байкадык. Алар бактылуу жана жөнөкөй жашоо өткөрүшчү. Бирок Ыйык Китептеги Кудай жөнүндө жазылгандар кайрадан мени «аалам чын эле жаратылганбы» деген ойго салды. Физик болгондуктан табиятты түшүнүү менин милдетим болчу. Ошондуктан фактыларды кылдат изилдөөнү чечтим.

Физик болгондуктан табиятты түшүнүү менин милдетим болчу. Ошондуктан фактыларды кылдат изилдөөнү чечтим

Кайсы фактыларды изилдедиңиз?

Мен туюкталган, башкача айтканда, изоляцияланган система сырткы таасирдин таасирисиз иреттүүрөөк болуп кетпей турганын жана иреттүү бойдон кала бербей турганын билчүмүн. Муну термодинамиканын экинчи мыйзамы деп коёт. Бул биринчи факты болду. Ааламдан жана жердеги тиричиликтен жогорку деңгээлдеги иреттүүлүктү байкагандыктан мен алар сырткы таасирдин — Жараткандын — иш-аракетинин натыйжасында пайда болсо керек деген бүтүмгө келдим. Экинчи факты болсо аалам менен жердин жашоо үчүн атайын ылайыкташтырылгандай долбоорлонгону болду.

Жердин жашоо үчүн ылайыкташтырылганына кандай далил таптыңыз?

Жердеги тиричиликтин баары күндүн энергиясына көз каранды. Күндүн энергиясы мейкиндикке нур түрүндө тарайт. Ал нур жерге көптөгөн ар кандай узундуктагы толкун түрүндө жетет. Ал толкундардын эң кыскасы — өмүргө коркунуч туудурган гамма нурлары. Ал эми башкалары — рентген нурлары, ультракызгылт көк нурлары, көзгө көрүнгөн жарык, инфракызыл нурлары, микротолкундар жана баарынан узуну, радио толкундар. Таң калыштуусу, жердин атмосферасы зыяндуу нурларды өткөрбөй тосуп калат да, керектүүлөрүн гана өткөрөт.

Эмне үчүн бул сизди өзгөчө таасирлентти?

Мага Ыйык Китептеги бардык нерселердин жаратылышы жөнүндө жазылгандар, ошондой эле жарык жөнүндөгү маалымат өзгөчө кызыктуу болду. Ыйык Китепте: «Кудай: „Жарык болсун“,— деди. Ошондо жарык пайда болду»,— деп айтылган *. Көзгө көрүнгөн жарык Күндүн көптөгөн диапозондогу нурлануусунун кымындай эле бөлүгүн түзөт. Бирок ал жашоо үчүн абдан зарыл. Ал биз тамак-ашка колдонгон өсүмдүктөргө да, тегеректи көрө алышыбыз үчүн, бизге да керек. Жердин атмосферасынын ошол жарыкты өткөргөнү жөн эле кокустук эмес. Анткен менен, кызыктуусу, атмосфера ультракызгылт көк нурларын да бир аз өлчөмдө өткөрөт.

Мунун кандай пайдасы бар?

Ультракызгылт көк нурлары кандайдыр бир өлчөмдө пайдалуу. Эгер бир аз өлчөмдө болсо, ал нурлар терибизге тийгенде, организмибиз сөөктөр үчүн пайдалуу, ошондой эле рак жана башка оорулардан коргогон Д витаминин иштеп чыгарат. Бирок көп өлчөмдө болсо, тери рагын жана көздүн катарактасын пайда кылат. Табигый абалында атмосфера Жерге ультракызгылт көк нурларынын бир азын гана — канча керек болсо, ошончону гана — өткөрөт. Мен муну Жердин атайын жашоо үчүн ылайыкташтырганынын далили деп эсептейм.

Ошентип, убакыттын өтүшү менен Хуаби экөөбүз Жараткандын бар экенине жана Ыйык Китеп анын жетеги менен жазылганына ынандык. Ошондуктан 2005-жылы Жахабанын Күбөсү болдук. Азыр болсо башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам беребиз.