Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Деңиз мидиясынын жипчелери

Деңиз мидиясынын жипчелери

ДЕҢИЗ МИДИЯСЫ суу астындагы аскаларга, жыгачтарга, кемелерге жабышып алат. Бирок, бир нерсенин бетине бекем чапташып алган башка деңиз жандыктарынан айырмаланып, ал чачтан да ичке болгон жипчелери менен жармашып алат да, чайпалып тура берет. Деңиз мидиясы толкунга туруштук бере албачудай көрүнгөн ошол жипчелеринин аркасында оңой эле азыктанып, бир жерден экинчи жерге жыла алат. Ал кандайча ордунан козголбой, ошол жипчелери менен кармалып тура берет?

Көңүл бурсаңар: Анын жипчелеринин бир учу катуу, экинчи учу жумшак, ийилчээк болот. Окумуштуулар мидиялардын жипчелеринин бекем жармашып турушун алардын түзүлүшүнүн өзгөчө пропорцияда болушу — 80 пайызы катуу, 20 пайызы жумшак болушу — шарттай турганын аныкташкан. Ошондуктан деңиз мидиясынын жипчелери катуу толкун болгондо да жулунуп кетпейт.

Гай Генин деген профессор бул изилдөөнүн жыйынтыгы ушунчалык таңдандырарлык болгонун айтып: «Бул жандыктын кереметтүү сыры анын органынын жумшак бөлүгү менен катуу бөлүгүнүн шайкештикте бириктирилгенинде»,— деп кошумчалаган. Окумуштуулар деңиз мидиясынын жипчелеринин түзүлүшүнүн негизинде имараттарга, суу астында жүрүүчү кемелерге жабыша турган шаймандарды ойлоп чыгарса жана тарамышты сөөк менен бириктирсе, ошондой эле операция учурунда кесилген жерди жармаштырса болот деп эсептешет. Санта-Барбарадагы (АКШ) Калифорния университетинин профессору Герберт Уэйт: «Табият — түбү жок кенч, андан көп нерсени, анын ичинде жабыша турган нерселерди кантип жасаса болорун да үйрөнсө болот»,— деп айткан.

Кандай деп ойлойсуңар? Деңиз мидиясынын жипчелери эволюциянын аркасында пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?