Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Мурут буттуулардын желими

Мурут буттуулардын желими

 Зоологдор мурут буттуулардын аскаларга, пирстерге жана кемелерге бекем жабышып алуу жөндөмүнө узак убакыттан бери байкоо салып келишет. Мурут буттуулардын желими жасалма жол менен алынган желимдерден алда канча күчтүү деп эсептелет. Мурут буттуулардын суу болгон нерселерге кантип жабышып алары буга чейин сыр болуп келген.

 Көңүл бурсаңар: Изилдөөлөрдөн айкын болгондой, сүзгөнгө жарап калган личинкалар жабышканга ылайыктуу жер издеп, ар кандай нерселердин тышкы катмарын изилдеп көрүшөт. Ылайыктуусу табылганда, ал эки зат бөлүп чыгарат. Биринчиси, майлуу суюктук. Ал тандалган нерсенин бетиндеги сууну сүрүп чыгарат. Ушундай суюктук фосфопротеиндер деп аталган, белоктордон турган экинчи заттын жабышышына ылайыктуу шарт түзүп берет.

 Эки зат биригип, аябай күчтүү желимди пайда кылат. Аны жадагалса бактерия да жок кыла албайт. Желимдин бекем болгону абдан маанилүү. Себеби мурут буттуулар жабышкан жеринде бүт өмүрүн өткөрөт.

Мурут буттуулар жана алардын желиминин жипчелери

 Мурут буттуулардын желим жасоо процесси окумуштуулар ойлоп келгенден да татаал. Муну изилдеген топтун бир мүчөсү: «Бул — кайсы бир нерсенин тышкы катмарындагы суунун тоскоолдугуна байланыштуу көйгөйдүн акылмандык жана табигый жол менен чечилиши»,— деген. Бул ачылыш суу алдында колдоно ала турган желимдерди, ошондой эле электроникалар жана медициналык импланттар үчүн колдонула турган, табигый заттардан алынган жасалма желимдерди өндүрүп чыгарганга өбөлгө түзөт.

 Кандай деп ойлойсуңар? Желим жасоого жөндөмдүү мурут буттуулар Кудайдын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?