Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Деңиз бадыраңынын кереметтүү териси

Деңиз бадыраңынын кереметтүү териси

 Деңиз бадыраңдары — деңиздин түбүндө жана коралл рифтеринде байырлаган жандыктар. Алардын денесинин сырткы катмары бүдүрлүү, ал тургай тикенектүү келет. Деңиз бадыраңдары ушунчалык ийилчээк болушат. Бир нече мүнөттүн, атүгүл бир нече секунддун ичинде эриген момдой жумшак же тактадай катуу боло алат. Ийилчээктигинин аркасында алар кычык-пычыктарга чейин кирип кетишет да, душмандары тартып чыгара албашы үчүн, капкатуу болуп калышат. Мунун сыры эмнеде? Алардын кереметтүү терисинде.

 Көңүл бурсаңар: Деңиз бадыраңынын териси үч абалда боло алат: катуу, орточо катуу жана жумшак. Ал терисин ошондой кылып өзгөртүш үчүн терисиндеги талчаларды бириктирет же жазат. Ан үчүн катууланта турган же жумшарта турган белокторду колдонот.

 Катууланта турган белоктор тутумдаштыргыч тканындагы жипчелердин ортосунда көпүрөлөрдү же чынжырчаларды түзүп, терини катуулантат. Ал эми жумшарта турган белоктор талчалардын ортосундагы байланышты ажыратып, терини жумшартат. Деңиз бадыраңынын териси ушунчалык жумшаргандыктан эрип кетчүдөй сезилет.

 Окумуштуулар деңиз бадыраңынын терисиндей ийилчээк келген материалдарды иштеп чыкканга аракет кылып жатышат. Мисалы, мээ хирургиясында колдонуш үчүн тийиштүү жерге так орното ала турганчалык деңгээлде катуу боло турган, ошол эле учурда кайра жумшара ала турган электроддорду жасоону көздөшүүдө. Электроддорду ушундай ийилчээк кылып жасоо организмдин аларды кабыл албай коюу ыктымалдыгын азайтат.

 Кандай деп ойлойсуңар? Деңиз бадыраңынын кереметтүү териси Жараткандын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?