Мазмунун көрсөтүү

Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө туурабы?

Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө туурабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Иса пайгамбардын төрөлгөн күнү да, аны белгилөө керектиги да айтылган эмес. Бул туурасында бир энциклопедияда: «Кудай Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөнү буйрук кылган эмес. Анын туулган күнү тууралуу Ыйык Китептин Грек Жазмаларында сөз да кылынбайт»,— деп айтылат («McClintock and Strong’s Cyclopedia»).

 Эгер бул майрамдын тарыхын изилдей турган болсок, анын бутпарастык каада-салттардан келип чыкканын айкын көрүүгө болот. Ал эми Ыйык Китепте Кудайга жакпаган жол менен сыйынуу Кудайды урматтабагандыкка жатары ачык эле жазылган (Чыгуу 32:5—7).

Майрамдын келип чыгышы

  1.   Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө. «Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары анын туулган күнүн белгилешкен эмес. Анткени алар дегеле туулган күндү белгилөөнү бутпарастардын үрп-адаты деп эсептешкен» («Уорлд бук энциклопедиясы»).

  2.   25-декабрь (же 7-январь). Иса пайгамбар бул күнү төрөлгөнүнө эч кандай далил жок. Чиркөө жетекчилери, сыягы, бул күндү бутпарастардын күндүн кышкы турушу учурунда же ошол убактарда белгиленчү майрамдарына ылайыкташтырып тандап алышкан көрүнөт.

  3.   Белек берүү, ичип-жеп, шапар тебүү. «Америка энциклопедиясында»: «Иса Машаяктын туулган күнүндөгү көптөгөн шаан-шөкөттүү салттар, маселен, ичип-жеп, шапар тебүү, бири-бирине белек берүү, шам жагуу сыяктуу каада-салттар Сатурналиядан, римдиктердин декабрдын ортосунда майрамдалуучу майрамынан, калган»,— деп айтылат. Ал эми «Британ энциклопедиясына» ылайык, Сатурналия майрамы белгиленген маалда «жумуштун баары токтотулчу».

  4.   Шам жагуу. Дин жөнүндөгү бир энциклопедияга ылайык, европалыктар күндүн кышкы турушун майрамдаш үчүн жана жиндерди качырыш үчүн «шам жагып, үйлөрүн дайыма жашыл болуп турган дарактардын, бадалдардын бутактары менен кооздошчу» («The Encyclopedia of Religion»).

  5.   Балаты. «Британ энциклопедиясында» мындай делет: «Байыркы учурда Европадагы бутпарас элдердин арасында бак-даракка сыйынуу салты кеңири тараган. Ал салт алар христианчылыкты кабыл алгандан кийин деле калган». Ушул салттын сакталып калганынын далилдеринин бири — «кышкы майрамдардын учурунда эшиктин алдына же үйдүн ичине балаты коюу» салты.