Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балдарга жыныстык мамиле тууралуу түшүнүк берүү

Балдарга жыныстык мамиле тууралуу түшүнүк берүү

КӨЙГӨЙ

Мурун ата-энелердин балдарына жыныстык мамиле жөнүндө биринчи болуп сөз баштоого, жок дегенде, мүмкүнчүлүгү бар болчу. Алар муну акырындык менен балдарынын курагына, суроосуна жараша түшүндүрүшчү.

Азыр болсо баары башкача. Бир китепте: «Балдар жыныстык мамилеге байланышкан маалыматтын таасирине барган сайын эрте куракта дуушар болууда, ошондой эле балдарга арналган маалымат каражаттарында да ушундай нерселер көбөйүүдө»,— делген («The Lolita Effect»). Мындай өзгөрүү балдарга пайдасын тийгизеби же зыянын тийгизеби?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Бардык жерде бар. Дебора Роффман өзүнүн китебинде «жарнамалар, тасмалар, китептер, ырлар, телеберүүлөр, SMSтер, оюндар, жарнама такталары, телефондор, компьютерлер — баары жыныстык мамилеге байланышкан сүрөттөргө, сөздөргө, кыйытылган маалыматка жык толгондуктан, көптөр [өспүрүмдөр, ал куракка чейинкилер, атүгүл кичинекей балдар] өздөрү билбей эле жыныстык мамилени... эң маанилүү нерседей көрүп калышарын» жазган («Talk to Me First»).

Соода-сатык тармагынын «салымы». Жарнамачылар, соодагерлер балдар үчүн чыгарылган сексуалдуу кийимдерди жарнамалап-саткандыктан, балдар кенедейинен эле сырткы келбетине ашыкча маани берип калышат. Бир китепте соодагерлердин балдар теңтуштарына жаккысы келерин жана аларды тууроого жакын келерин билип, ошондон пайдаланары жазылган. Андан сырткары, «сексуалдуулукка басым жасалган сүрөттөр жана ушу сыяктуу товарлардын баары» балдарды биринчи кезекте бир нерсе сатып алууга кызыктырганга багытталары айтылган («So Sexy So Soon»).

Жөн эле билгени жетишсиз. Машиненин кантип иштеп, кантип жүрөрүн билүү менен жакшы айдоочу болуу эки башка нерсе. Ошо сыяктуу, жыныстык мамиле жөнүндө билүү менен ал билимди колдонуп жыныстык мамилеге байланыштуу туура чечим чыгаруунун ортосунда да айырма чоң.

Жыйынтык: Бүгүнкү күндө балдарды «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө» үйрөтүү болуп көрбөгөндөй маанилүү (Еврейлер 5:14).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Аракет кылгыла. Канчалык оңтойсуздансаңар да балаңарга жыныстык мамиле жөнүндө түшүнүк берүү силердин милдетиңер экенин унутпагыла! (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 22:6.)

Кыскача сүйлөшкүлө. Көпкө сүйлөшкөндүн ордуна, ыңгайы келгенде, балким, машине менен чогуу баратканда же үй иштерин кылып жатканда кыскача сүйлөшкүлө. Балаңарга көз карашын ачык айта алгыдай суроолорду бергиле. Мисалы, «Сага ушу сыяктуу жарнамалар жагабы?» дегендин ордуна, «Жарнамачылар эмне үчүн ушундай сүрөттөрдү тандашат деп ойлойсуң?» деп сурасаңар болот. Анан оюн айткандан кийин жеке көз карашын сурап көргүлө. (Ыйык Китептеги принцип: Мыйзам 6:6, 7.)

Жашын эске алгыла. Мектепке бара элек балдарга жыныстык мүчөлөрдүн туура аталышын, ошондой эле балдарды бузгандардан коргонууну үйрөтүү керек. Ал эми бир аз чоңоюп калганда балдар кантип пайда болоруна байланыштуу негизги нерселерди түшүндүрүп берсе болот. Жетилип келатканда болсо жыныстык катнаш жана ага байланыштуу адеп-ахлак нормалары жөнүндө кененирээк түшүнүк берүү кажет.

Баалуулуктарды сиңирүү. Балдарды кымындайынан эле чынчылдыкка, адеп-ахлактуулукка жана башкаларды урматтоого үйрөткүлө. Ошенткениңерде жыныстык мамиле жөнүндө талкууга негиз салган болосуңар. Ошондой эле балаңарга кандай баалуулуктарга карманарыңарды айткыла. Мисалы, никеге чейинки жыныстык мамилени туура эмес деп эсептесеңер, аны айтышыңар керек. Мындан сырткары, андай кылуу эмне үчүн туура эмес экенин жана кесепети кандай болорун түшүндүрүп бергиле. Бир китепте: «Ата-энесинин өспүрүмдөрдүн жыныстык катнашта болушун туура көрбөй турганын билген балдардын арасында андай ишке баргандар азыраак кездешет»,— делген («Beyond the Big Talk»).

Үлгү болгула. Балаңарга үйрөткөн баалуулуктарга өзүңөр да кармангыла. Алсак, өзүңөр жөнүндө ойлонуп көргүлө: адепсиз тамашаларга күлбөйсүңөрбү? Ачык кийинбейсиңерби? Флирт кылбайсыңарбы? Мындай нерселер балаңарга сиңирүүгө аракет кылып жаткан баалуулуктарыңардын баркын кетирет. (Ыйык Китептеги принцип: Римдиктер 2:21.)

Туура көз карашты калыптагыла. Жыныстык мамиле — Кудайдын белеги. Андай мамиле Кудай ойлонуштаргандай, башкача айтканда, жубайлардын ортосунда болсо, ыракат тартуулайт (Накыл сөздөр 5:18, 19). Андыктан балаңарга, эгер ал никеге чейин жыныстык катнашта болбосо, анын кейиштүү кесепеттеринен алыс болуп, кийин турмуш курганда ал белектин ыракатын көрө аларын түшүндүргүлө (1 Тиметей 1:18, 19).