Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Карызга батып калганда

Карызга батып калганда

Янис *: «Грецияда каржы каатчылыгы болгондо, ишим жүрүшпөй калды. Банктан насыяга акча алып, үй салган болчумун. Ишим токтоп калгандыктан, насыяны жана башка төлөмдөрдү төлөгөнгө чамам жетпей калды. Карызды ойлой бергендиктен уйкум качып, уктай албай калдым».

Катерина: «Үйдү салып жатканда аябай сүйүнгөнбүз. Карыздын айынан үйдөн айрылып каларыбызды ойлогондо эмне кылышты билбей калдым. Янис экөөбүз карыздан кантип кутуларыбыз жөнүндө сүйлөшкөндө уруша кетчүбүз».

КАРЫЗ үй-бүлөнүн ыркын кетирип, атүгүл ажырашууга алып келиши мүмкүн. Жефри Дю деген бир изилдөөчү карызга батып калган үй-бүлөдө жубайлар бири-бирине анча көңүл бөлбөй, көп урушарын, бактысыз болорун айткан. Башка нерседен чыккан чыр-чатакка караганда карыздын айынан чыккан уруш катуураак болот. Жубайлар көпкө чейин урушуп, кыйкырышып, бири-бирин чаап да жибериши мүмкүн. Аягында болсо карыз эмес, башка нерселерди айтып уруша башташы ыктымал. Андыктан жубайлардын карыздын айынан ажырашып жатканы таң калыштуу эмес.

Көп карыз болуу ден соолукка зыян келтирет. Карыз болгон кишинин уйкусу качышы, башы, ашказаны оорушу, жүрөгү кармашы жана көңүлү чөгүшү ыктымал. Марта деген аял мындай дейт: «Жолдошум Луис карыздан кантип кутулабыз деп катуу сарсанаа болуп, көңүлү чөккөндүктөн кечке эле уктай берчү. Мага аска-зоодой жөлөк болуп келген жолдошумдун алдан тайып калганын көргөндө эми эмне болобуз деп ойлодум». Көптөр желкеден басып турган карыздын оор мүшкүлүн көтөрө албай калышы мүмкүн. Би-би-си билдиргендей, Индиянын түштүк-чыгышында жашаган бир аял 840 доллар карызын төлөй албай калгандыктан өз жанын кыйган. Ал акчаны балдарын ооруканага жаткырганга, дары-дармек алганга жумшаптыр.

Силер да карыздын айынан кыйналып жатсаңар, эмне кылсаңар болот? Келгиле, карыз болуп калганда жубайлар кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн экенин жана ошол кыйынчылыктарды чечкенге Ыйык Китептеги кеңештер кандайча жардам берерин карап чыгалы.

1-КЫЙЫНЧЫЛЫК. Бири-бирин күнөөлөө.

«Жубайымды акчаны ой келди корото бересиң деп күнөөлөй берчүмүн,— деп Лукас ачык айтат.— Аялым: „Сен туруктуу бир жумушка иштеп, көбүрөөк акча тапсаң, минтип карыз болмок эмеспиз“,— деп наалый берчү». Карыздын айынан мамилелерине доо кетпеши үчүн, жубайлар эмне кылса болот?

Кыйынчылыкты чечүү: Карыздан биргелешип кутулууга аракет кылгыла.

Карыз болуп калганыңар үчүн өмүрлүк жарыңарды жемелөөдөн эч майнап чыкпайт. Силер күнөөлүү болбогон күндө да ага ачууланбашыңар керек. Мындайда Ыйык Китептеги: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла»,— деген кеңешке ылайык иш кылуу абдан маанилүү (Эфестиктер 4:31).

Бири-бириңер менен урушкандан көрө, биргелешип карыздан кутулууга аракет кылгыла. Стифанос деген киши жубайы экөө карыздан кутулуу үчүн эмне кылышканы жөнүндө: «Биз карызды экөөбүздүн тең душманыбыз деп эсептечүбүз»,— дейт. Чогуу иш-аракет кылсаңар, Накыл сөздөр китебинин 13-бөлүмүнүн 10-аятындагы: «Менменсинүү менен адам чыр-чатак гана чыгарат, ал эми кеңешкендерге акылмандык мүнөздүү»,— деген сөздөргө ылайык иш кылган болосуңар. Кыйынчылыкты өзүм эле чече алам деп менменсингендин ордуна, көйгөй тууралуу ачык сүйлөшүп, кеңешип иш кылгыла.

Карызыңардан кутулганга балдарыңар да салымын кошо алат. Аргентинада жашаган Эдгардо мындай дейт: «Кичүү балам аябай велосипед тепкиси келип жүрчү. Бирок ага эмне үчүн велосипед сатып бере албай турганыбызды түшүндүрүп, чоң атасынан калган эски велосипедди бердик. Балам жагдайыбызды түшүнүп, жаңысын алып бергиле деген жок. Ушундай учурда бүт үй-бүлөң менен биргелешип аракет кылсаң, аябай жеңил болот экен».

КЕҢЕШ: Карызыңар жөнүндө жумшактык менен ачык сүйлөшкүлө. Кетирген катаңарды мойнуңарга алгыла. Өткөндү эстей бербей, акча-каражатка байланыштуу туура чечим чыгарганга жардам бере турган кеңештерге ылайык иш кылганга умтулгула (Забур 37:21; Лука 12:15).

2-КЫЙЫНЧЫЛЫК. Карыздан эч кутула албайм деген ойдо болуу.

«Жумушум жакшы жүрбөй калгандыктан, көп карыз болуп калдым. Аргентинада каржы каатчылыгы болгондо, карызым ого бетер көбөйүп кетти,— деп эскерет Энрике.— Анан аялым ооруп калып, ага операция жасатыш керек болуп калды. Ошондо карызга белчемен батып калгандыктан андан эч качан кутула албайм го деп ойлодум». Бразилиялык Роберто болсо акча жүгүртө коём деген ойдо кооптуу иш баштап, акчасынын баарынан кол жууп, 12 банкка карыз болуп калган. Ал: «Ошондо уялганымдан элдин бетин карай албай калдым. Өзүмдү колунан эчтеке келбеген бир бечарадай сезип, аябай чүнчүп кеттим»,— дейт.

Карыздын айынан катуу кайгырып, өзүңөрдү күнөөлөп же элден уялып жүрсөңөр, эмне кылсаңар болот?

Кыйынчылыкты чечүү: Акча-каражатыңарды эсептеп тургула *

.

1. Акча-каражатыңарды эсептеп тургула. Туура көрсөңөр, эки жуманын же бир айдын киреше-чыгашасын жазып алгыла. Тизмеге дайыма эле акча корото бербей турган нерселерди, алсак, салыкка, кийим-кечеге канча акча кетип жатканын жазып, аларга айына орто эсеп менен канча бөлөрүңөрдү да жазып койгула.

2. Көбүрөөк акча тапканга аракет кылгыла. Жумушуңардан кошумча иштерди аткарганга, жылдын кайсы бир мезгилинде болуп туруучу жумуштарда иштегенге, кандайдыр бир тармак боюнча билимиңер бар болсо, сабак бергенге же үйдөн бир нерсе жасап сатканга аракет кылгыла. Бирок Кудай менен болгон мамилеңерди бекемдей турган иштерге убакыт бөлбөй калгандан сак болгула.

3. Чыгымыңарды азайткыла. Кандайдыр бир нерселерди сатылып жатканы үчүн эле эмес, зарыл болсо гана алгыла (Накыл сөздөр 21:5). «Бир нерсе аларда шашпай күтө турган жакшы. Ошентсең, ошол буюм чынында эле керекпи же жөн эле алгың келип жатабы, аныктай аласың»,— дейт жогоруда ою менен бөлүшкөн Энрике. Төмөндө эң сонун кеңештер берилет:

  • Турак-жай. Мүмкүн болсо, ай сайын төлөгөн төлөмдөрү арзаныраак болгон үйгө көчүп алсаңар болот. Электр тогун, сууну жана газды үнөмдөп колдонсоңор, азыраак чыгым болосуңар.

  • Тамак-аш. Башка жактан тамак сатып алып жегенден көрө, жумушка тамагыңарды сала баргыла. Дүкөндөрдө, базарларда сунуш кылынган арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалангыла. «Жашылча-жемиштерди базарга кечкисин барып сатып алганга аракет кылам»,— дейт бразилиялык Жоелма.

  • Унаа. Машинеңер бар болсо, ал чынында эле силерге керекпи же жокпу ойлонуп көргүлө. Машине керек деп чечсеңер, аны жаңысына алмаштырам дебестен, ошол эле машинеңерди жакшы абалда күтө билгиле. Коомдук унаа менен жүргөнгө же, мүмкүн болсо, жөө басканга аракет кылгыла.

Ушундай жолдор менен чыгымыңарды азайтсаңар, көбүрөөк акча үнөмдөй аласыңар.

4. Карыздарыңар жөнүндө жакшылап ойлонгула, андан кийин иш-аракет кылгыла. Алгач, карыздарыңардын кайсынысынын үстөгү жогору экени, аны кечиктирип койсоңор же төлөбөй койсоңор натыйжасы кандай болору жөнүндө ойлонгула. Акчага байланыштуу документтерди кылдат карап чыккыла. Анткени насыя бергендер алдап да коюшу мүмкүн. Мисалы, Кошмо Штаттардагы кыска мөөнөттүү насыя берген бир ишкана кардарларына 24 пайыз үстөгү менен насыя беребиз дешкен. Бирок, чынында, насыянын үстөгү 400 пайыз болгон.

Андан соң карызыңарды кандай жол менен төлөөрүңөрдү чечип алгыла. Балким, эң алды үстөгү жогору карызыңарды төлөйттүрсүңөр. Же майда-чүйдө карыздарыңардан кутула баштайттырсыңар. Бул өзүңөрдү ишенимдүү сезгенге жардам берип, дем-шык берет. Үстөгү жогору болгон карызыңар болсо, үстөгү төмөн болгон насыя алып, төлөп салсаңар да болот.

Эгер карызыңарды такыр эле төлөй албай жатсаңар, насыя бергендер менен сүйлөшүп, акчанын үстөгүн азайтууну же төлөө мөөнөтүн узартууну суранаттырсыңар. Насыя бергендердин айрымдары үстөктү азайтып бергенге макул болушу мүмкүн. Акча-каражатка байланыштуу жагдай-шартыңарды ачык айтып, сылыктык менен түшүндүрүп бергиле (Колосалыктар 4:6; Еврейлер 13:18). Бардык келишимди кагаз жүзүндө жазып алгыла. Биринчи жолу барганда өтүнүчүңөр кабыл алынбаса, кайра-кайра барып суранганга даяр болгула (Накыл сөздөр 6:1—5).

Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, силер күтпөгөндөй болуп калышы мүмкүн. Баарын кылдат ойлонуштурган күндө да, силерден көз каранды болбогон жагдайлардан улам ойлогон оюңар ишке ашпай калышы ыктымал. Анткени Ыйык Китепте: «[Акча] бүркүттүкүндөй канат жасап алып, асманга учуп кетет»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 23:4, 5).

КЕҢЕШ: Киреше-чыгашага байланыштуу түзгөн мурунку тизмеңерди карап, үй-бүлөдө ар бириңер чыгымды азайтуу үчүн же кирешеңерди көбөйтүү үчүн эмне кыла аларыңарды талкуулагыла. Ар бириңердин кандай курмандыктарга барып жатканыңарды көргөнүңөрдө карыздан чогуу-чаран кутулганга ого бетер чечкиндүү болосуңар.

3-КЫЙЫНЧЫЛЫК. Карыздын айынан тунук ой жүгүртө албай калуу.

Карыз менен алпурушуу жашоодо эң маанилүү болгон нерселерди сүрүп чыгарып коюшу мүмкүн. Яориос деген киши: «Эң жаманы, баарыбыздын эле эси-дартыбыз карыздан кутулуу болуп калгандыктан, жашообузда биринчи орунда туруш керек болгон нерселер артта калып калган»,— дейт.

Кыйынчылыкты чечүү: Акчаны биринчи орунга коюп албагыла.

Балким, бүт күчүңөрдү жумшасаңар да, көп жылдан бери карызыңардан кутула албай жүргөндүрсүңөр. Эгер ошондой болсо, жагдайыңарга кандай караарыңар өзүңөрдөн көз каранды экенин унутпагыла. Акчаны кантип табыш керектиги жөнүндө эле ойлоно бербей, Ыйык Китептеги: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деген кеңешке ылайык иш кылуу акылдуулукка жатат (1 Тиметей 6:8).

Колдо бар нерсеге ыраазы болуу «эмне маанилүүрөөк экенин баамдап» жашаганга өбөлгө түзөт (Филипиликтер 1:10). Ал эми «маанилүүрөөк» нерселерге Кудай менен, үй-бүлөңөр менен жана досторуңар менен ынак мамиледе болуу кирет. Жогоруда сөз кылынган Яориос мындай дейт: «Карызыбыздан толук кутула элек болсок да, азыр ал жашообузда негизги орунда турбай калды. Жубайым, балдарым менен чогуу убакыт өткөргөндүктөн жана чогуу Кудайга кызмат кылып, жыйналыштарды калтырбай калгандыктан азыр мурункуга караганда бактылуу жашайбыз».

КЕҢЕШ: Силер үчүн абдан маанилүү болгон жана акчага сатып ала албай турган нерселерди жазып алгыла. Анан ошолордун ар бирине канча убакыт бөлө аларыңарды жана көңүл буруш үчүн канча күч-аракет жумшай аларыңарды жазгыла.

Ооба, карыз адамды түйшүккө салып, көп күчүн алат. Андан кутулуу үчүн көптөгөн курмандыктарга барууга туура келет. Бирок ушундай кылуунун акыбети кайтпай койбойт. Польшада жашаган Анже: «Аялым ортого түшүп, жумушунда чогуу иштеген бир аялга карыз алып берип койгонун, анан ал аялдын карызын төлөбөй качып кеткенин укканда аябай ачууландым. Ошонун айынан үйдө чыр-чатак көп болчу»,— деп ой бөлүшөт. Бирок ал азыр артын кылчая карап, ошондо жубайы экөө бул кыйынчылыкты кантип чечкени тууралуу мындай дейт: «Жубайым экөөбүз ошол көйгөйгө көңүл топтой бербей, карыздан чогуу кутулганга аракет кылгандыктан экөөбүз мурункудан да жакын болуп калдык».

^ 3-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 17-абз. Буга байланыштуу дагы башка кеңештерди окуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 2011-жылдын сентябрь айындагы санына чыккан «Акчаны эмне үчүн үнөмдөө керек?» деген катар макалаларды карагыла.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

  • Үй-бүлөм карыздан кутулушу үчүн, мен эмне кыла алам?

  • Карыздын айынан үй-бүлөбүздүн ыркы кетип, ортобузга жик түшпөшү үчүн, эмне кылсак болот?