Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КҮЙҮТ ТАРТКАНДАРГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Күйүттү кантип көтөрүп кетүүгө болот?

Күйүттү кантип көтөрүп кетүүгө болот?

Күйүттү көтөрүп кетиш үчүн кеңеш издей турган болсоңор, биринен бири өткөн толтура кеңештерди табасыңар. Себеби, мурунку макалада айтылгандай, ар ким күйүттү ар кандай көтөрөт. Бирөөнө жардам берген кеңеш башкасына жардам бербеши мүмкүн.

Ошентсе да бул макалада көптөргө пайдасы тийген иш жүзүндө колдонорлук бир нече кеңеш жазылган. Күйүт тарткандарга жардам берген адистердин бул кеңештери эң байыркы китептеги — Ыйык Китептеги — көөнөрбөс принциптерге дал келет.

1. ҮЙ-БҮЛӨҢӨРДҮН, ДОСТОРУҢАРДЫН ЖАРДАМЫН КАБЫЛ АЛГЫЛА

  • Айрым адистер күйүттү көтөрүп кетиш үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана достордун жардамын кабыл алуу зарыл экенин баса белгилешет. Бирок кээде жалгыз болгуңар келери чын. Атүгүл жардам бергиси келгендерди да жактырбашыңар мүмкүн. Бул — табигый эле нерсе.

  • Дайыма элдин арасында жүрүшүм керек деген ойдо болуп, өзүңөрдү кыйнабагыла. Ошол эле учурда эч ким менен сүйлөшпөй, таптакыр эле элден качып калбагыла. Кийинчерээк алардын колдоосуна муктаж болушуңар мүмкүн. Башкаларга учурда эмнеге муктаж экениңерди, эмнеге муктаж эмес экениңерди жумшак билдирип койгула.

  • Муктаждыгыңарга жараша эл менен канча убакыт, жалгыз канча убакыт болоруңарды аныктап алып, ошого жараша иш кылгыла.

ПРИНЦИП: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы... Бири жыгылса, экинчиси тургузат» (Насаатчы 4:9, 10).

2. ТУУРА ТАМАКТАНЫП, КӨНҮГҮҮ ЖАСАП ТУРГУЛА

  • Туура тамактануу күйүттөн улам пайда болгон стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Ар кандай мөмө-жемиштер, жашылчалар менен азыктанып, майлуу тамактардан качкыла.

  • Суу жана башка пайдалуу суусундук көп ичкиле.

  • Тамакка табитиңер тартпай жатса, аз өлчөмдө бат-баттан жеп тургула. Доктуруңардан пайдалуу биокошулмаларды жазып беришин сурансаңар болот *.

  • Бат-баттан басуу жана башка көнүгүүлөрдү жасоо терс сезимдерди басаңдатууга жардам берет. Айрымдар көнүгүү жасоо андан аркы жашоосу жөнүндө ойлонгонго жардам берерин айтышса, башкалары айрылган жакыны тууралуу ойлордон бир аз алаксыганга өбөлгө түзөрүн байкашкан.

ПРИНЦИП: «Эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт» (Эфестиктер 5:29).

3. УЙКУҢАРДЫ КАНДЫРГЫЛА

  • Негизи, уйкуну кандыруу маанилүү. Ал эми жакынынан айрылгандардын жетиштүү уктап, эс алганы андан бетер маанилүү, анткени күйүт көп күчтү алат.

  • Кофе, спирт ичимдиктери уйкуну качыргандыктан, аларды көп ичүүдөн жана курамында кофеин бар азыктардан качкыла.

ПРИНЦИП: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык» (Насаатчы 4:6).

4. СИЛЕРГЕ ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕРИН АНЫКТАГЫЛА

  • Ар ким күйүттү ар кандай көтөрөрүн унутпагыла. Ошо себептен силерге эмне жакшы жардам берерин аныктап алгыла.

  • Көптөр кандай сезимде болуп жатканын бирөөгө айтып бергенде жеңилдеп калса, башкалар ичиндегисин эч кимге айтпай эле коюну туура көрүшү мүмкүн. Күйүттү көтөрүп кетиш үчүн кайгысын сөзсүз эле башкаларга айтыш керек дегенге байланыштуу адистер ар кандай пикирде. Муң-зарыңарды бирөөгө төккүңөр келип, бирок тартынып жатсаңар, жакын досуңар менен сүйлөшүп, сезимдериңерди аз-аздан айтып баштасаңар болот. Ошондо ичиңердегинин баарын айтыш оңой болот.

  • Айрымдар ыйлап алганда жеңилдеп калса, башкалар көп ыйлабай эле күйүтүн көтөрүп кетиши мүмкүн.

ПРИНЦИП: «Адамдын жүрөгү өз жанынын кайгысын билет» (Накыл сөздөр 14:10).

5. ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН АДАТТАРДАН КАЧКЫЛА

  • Жакынынан айрылгандардын айрымдары өзөктү өрттөгөн кайгысын басыш үчүн спирт ичимдиктерин ичиши, баңгизат колдонушу мүмкүн. Бирок мындай кылуу адамдын өзүнө зыян келтирет. Бул адаттар күйүттү кыска эле убакытка басаңдатса да, кесепети оор болот. Андыктан кайгыны басуунун зыян алып келбей турган жолдорун тандагыла.

ПРИНЦИП: «Денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы» (2 Корунттуктар 7:1).

6. ТЕҢ САЛМАКТУУ БОЛГУЛА

  • Күйүттө жүргөндөрдүн көбү кез-кезде кайгыдан алаксыта турган иштерди кылып туруу жакшы экенин байкашкан.

  • Жаңы досторду табуу же эски достор менен болгон мамилени бекемдөө, жаңы нерселерди үйрөнүү, эс алуу күйүттү бир аз болсо да унутканга көмөк кылат.

  • Убакыттын өтүшү менен каза болгон жакыныңарды мурункудай көп ойлобой, кайгыдан алаксыткан иштерге көбүрөөк көңүл топтой баштаганыңарды байкайсыңар. Бул айыгуу процесси жүрүп жатканын билдирет.

ПРИНЦИП: «Бардык нерсенин өз убагы бар,.. ыйлай турган убак бар, күлө турган убак бар; боздой турган убак бар, бийлей турган убак бар» (Насаатчы 3:1, 4).

7. КҮН ТАРТИПКЕ КАРМАНГЫЛА

  • Мүмкүн болушунча, эртерээк кадимки күн тартибиңерге кармана баштагыла.

  • Уйкуга, жумушка жана башка иштерге мурункудай убакыт бөлүп, кадимки күн тартибиңер боюнча жашай баштасаңар, кайрадан калыбыңарга келе аласыңар.

  • Жакшы таасир эте турган иштер менен алек болсоңор, жүрөк сыздаткан кайгы басаңдайт.

ПРИНЦИП: «Андай адам өмүрүнүн кыскалыгын кээде гана эстейт, анткени чыныгы Кудай анын жүрөгүн кубанычка бөлөйт» (Насаатчы 5:20).

8. МААНИЛҮҮ ЧЕЧИМДЕРДИ ШАШЫП ЧЫГАРГАНДАН КАЧКЫЛА

  • Жакыны каза болгондон көп өтпөй эле маанилүү чечимдерди чыгарып алгандардын көбү кийин өкүнүп калышат.

  • Мүмкүн болсо, башка жакка көчкөнгө, башка жумушка орношконго же жакыныңардын буюм-тайымдарын таратып жибергенге шашпай, жетиштүү убакыт өткүчө күтө тургула.

ПРИНЦИП: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет, ал эми ар бир шашма адам жокчулукка туш болот» (Накыл сөздөр 21:5).

9. ЖАКЫНЫҢАРДЫ ЭСТЕП ЖҮРГҮЛӨ

  • Күйүт тартып жүргөндөрдүн көбү каза болгон жакынын айкын элестеткенге өбөлгө түзгөн нерселерди кылуу жакшы экенине кошулушат.

  • Анын сүрөттөрүн же эстеликке калган нерселерин чогултуу же эстеп калгыңар келген окуяларды күндөлүккө жазып коюу жүрөгүңөрдөгү жараатка даба болорун байкашыңар мүмкүн.

  • Жагымдуу сезимдерди эске сала турган нерселерди сактап коюп, кийин көргөнгө даяр болгондо алып чыгаттырсыңар.

ПРИНЦИП: «Байыркы күндөрдү эсте» (Мыйзам 32:7).

10. ЭС АЛГЫЛА

  • Өргүү алып, эс алууну ойлонуштуруп көргүлө.

  • Узагыраак убакытка өргүү ала албасаңар, жок дегенде, бир-эки күн эс алып, сейилдесеңер, көл жээкке барсаңар же машине менен бир жакка барып келсеңер болот.

  • Бир аз болсо да, күнүмдүк түйшүктөн алаксыганыңар күйүттү көтөргөнгө күч берет.

ПРИНЦИП: «Мени менен ээн жерге барып, бир аз эс алып алгыла» (Марк 6:31).

11. БАШКАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

  • Башкаларга жардам бергениңер кайгыдан баш көтөрүп, жеңилдеп калышыңарга көмөк кылат.

  • Силер менен кошо күйүт тартып, колдоого муктаж болуп жүргөндөргө, алсак, туугандарыңарга же досторуңарга жардам берсеңер болот.

  • Башкаларды жубатып, колдоо көрсөтсөңөр, кубанычыңар жанданат жана жашооңор кайрадан маңыздуу боло баштайт.

ПРИНЦИП: «Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

12. МААНИЛҮҮ НЕРСЕЛЕРДИ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГУЛА

  • Өлүм башка түшкөндө, адам жашоодо эмнелер чындап маанилүү экени жөнүндө ойлоно баштайт.

  • Силер да жашооңорду кантип өткөрүп жатканыңар тууралуу ойлонуп көргүлө.

  • Зарыл болсо, тийиштүү өзгөрүүлөрдү кылгыла.

ПРИНЦИП: «Той болуп жаткан үйгө барганча, күйүт тартып жаткан үйгө барган артык. Анткени ар бир адам өлүмгө дуушар болот. Ошондуктан тирүү жүргөн адам ушуну жүрөгүнө түйсүн» (Насаатчы 7:2).

Негизи, эч нерсе жүрөгүңөрдөгү жараатты толугу менен айыктыра албасы чын. Бирок жакынынан айрылган көптөгөн адамдар ушул макалада айтылган сыяктуу кеңештерди колдонуу күйүттү көтөрүүгө жардам берерине ынанышкан. Албетте, бул макалада кайгыдан арылта турган кеңештердин баары саналган жок. Ошентсе да ушул кеңештерди колдонуп көрсөңөр, кабырганы кайыштырган күйүттү көтөрүү жеңилирээк болот.

^ 13-абз. «Ойгонгула!» журналы дарылануунун кандайдыр бир түрүн жактабайт.