Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3. Көйгөйлөр менен күрөшүү

3. Көйгөйлөр менен күрөшүү

Азыркы күндө айрым көйгөйлөрдөн кача да, толугу менен арыла да албайбыз. Мисалы, жакыныбыздан айрылганда же өнөкөт ооруга чалдыкканда, аны көтөргөндөн башка аргабыз болбошу мүмкүн. Ыйык Китеп ушундай оор жагдайларда жардам береби?

ӨНӨКӨТ ООРУ

Роуз деген кыз: «Тукум кууп өткөн оорудан улам жаным катуу кыйналып, дайыма азап тартам. Жашоом аябай оорлоп кетти»,— дейт. Ал баарынан да кээде Ыйык Китепти изилдөөгө жана сыйынууга байланыштуу иштерге көңүл топтой албай калганына кайгырат. Бирок аны Иса Машаяктын Матай 19:26дагы: «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок»,— деген сөздөрү жубатат. Роуз Ыйык Китепти изилдөөнүн башка жолун тапкан. Мисалы, дартынан улам бир нерсе окуу кыйын болгон учурларда Ыйык Китептин жана ага негизделген адабияттардын жаздырууларын угат *. «Алар жок болсо, Кудай менен болгон мамилемди кантип сактайт элем, билбейм»,— дейт ал.

Мурун кылып жүргөн иштерин кыла албай калганын ойлоп көңүлү чөккөндө Роузга 2 Корунттуктар 8:12деги: «Ким даярдуулук менен берсе, анын тартуусу колунда жок болгонуна эмес, колунда бар болгонуна жараша кабыл алынат»,— деген сөздөр кубат берет. Бул аят Роузга колунан келгендин баарын кылып жатканы үчүн Кудайдын ага ыраазы экенин эстетип турат.

КҮЙҮТ ТАРТУУ

Буга чейинки макалаларда сөз кылынган София: «18 жаштагы кызыман айрылганда, жашоом токтоп калгандай сезилген. Башка кыйынчылыктар андай оор болбос»,— деп эскерет. Ага Забур 94:19дагы сөздөр кайрат берген. Ал жерде забурчунун Кудайга: «Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан»,— деген сөздөрү жазылган. София: «Мен Жахабадан күйүтүмдү баса тургандай бир нерсе кылганга жардам берчи деп тилендим»,— дейт.

София өз ыктыяры менен башкаларга жардам берүү ишине катыша берген. Ал өзүн балдар колдонгон түстүү калемге окшоштурган. Андай калемдердин атүгүл сынып калгандары да боёгонго жарай берет. Ошо сыңары, София өзүн «сынып» калгандай сезсе да, башкаларга жардам бере аларын түшүнгөн. Ал: «Мени менен Ыйык Китепти изилдегендерди сооротуу үчүн анда жазылган ойлорду, принциптерди колдонгондо Жахабанын ошол аркылуу өзүмдү сооротуп жатканын байкадым»,— дейт. Ошондой эле ал Ыйык Китептеги башынан оор кайгыны кечирген инсандардын тизмесин түзүп алган. «Алардын баары тең дайыма тиленишчү»,— дейт София. Ал Ыйык Китепти окуганда гана Кудайдан жооп ала аларын түшүнгөн.

Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында София өткөнгө эмес, келечекке көңүл топтогонго да үйрөнгөн. Элчилер 24:15теги: «Адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенип, Кудайга үмүт артам»,— деген сөздөр анын жан дүйнөсүн жубаткан. Жахаба кызын тирилтип бере аларына ал канчалык ишенет? София: «Кызымдын келечекте тирүү жүргөнүн айкын элестетем. Асмандагы Атам календарына жазып койгон сыяктуу, кызым экөөбүздүн жолуга турган күнүбүз эбак эле белгиленген»,— дейт. Ал кызынын төрөлгөндөгүсүн кандай эстеп калса, аны менен келечекте бакчасында чогуу отурган күнүн да так ошондой айкын элестетерин айтат.

^ 4-абз. Андай жаздыруулардын көбү jw.org сайтында бар.

Ыйык Китеп оор учурларда да күч берет