Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептин орто кылымда Испанияда таралышы

Ыйык Китептин орто кылымда Испанияда таралышы

«Испанияга баратып силер менен көрүшөрүмө... үмүттөнөм» (Римдиктер 15:24).

БУЛ сөздөрдү элчи Пабыл б.з. 56-жылдары Римдеги ишенимдештерине жазган. Анын Испанияга барганы жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Элчи Пабылдынбы же Иса Машаяктын башка жолдоочуларынын аракетинин аркасындабы, кандай болбосун, б.з. 1-кылымынын аяк ченинде Кудайдын Сөзүндөгү — Ыйык Китептеги — жакшы кабар Испанияга жеткен.

Ошентип, Испанияда Иса Машаяктын жолдоочулары көбөйө берген, ошону менен бирге, Ыйык Китепти латын тилине которуу муктаждыгы да пайда болгон. Анткени Испанияга көп убакыттан бери Рим империясы үстөмдүк кылып келген, ал эми империянын негизги тили болуп латын тили эсептелчү.

ЛАТЫН ТИЛИНДЕГИ ЫЙЫК КИТЕПТЕР

Иса Машаяктын Испаниядагы алгачкы жолдоочулары чогуу алганда «Латын тилиндеги Ыйык Китептин версиялары» деп белгилүү болгон бир нече котормо жаратышкан. Алар Испанияда көптөгөн жылдар бою, Иероним деген окумуштуу 5-кылымдын башында «Латын Вульгатасы» деп аталган котормону бүтүргөнгө чейин, колдонулуп келген.

Иеронимдин котормосу Палестинанын Вифлеем шаарында бүткөн, бирок Испанияга тез эле жеткен. Ыйык Китепти изилдеген Лусиниус деген бир бай киши Иеронимдин Ыйык Китепти латын тилине которуп жатканын билгенде бир нускасын тезирээк көчүрүп келиш үчүн Вифлеемге алты көчүрмөчүнү жөнөткөн. Кийинки кылымдарда «Латын Вульгатасы» акырындык менен «Латын тилиндеги Ыйык Китептин версияларын» сүрүп чыгара баштаган. Испаниялыктардын Ыйык Китептеги кабарды окуп-түшүнүшүнө ал котормолор чоң салым кошкон. Бирок Рим империясынын доору бүткөндүктөн, жаңы тилге болгон муктаждык пайда болгон.

СЛАНЕЦТЕРГЕ ЖАЗЫЛГАН ЫЙЫК КИТЕП

5-кылымда Испанияны вестготтор жана башка герман уруулары басып алган. Ошондон тартып Испанияда жаңы тил — гот тили — басымдуулук кыла баштаган. Баскынчылар христианчылыктын Үчилтик окуусун четке каккан арианчылык деп белгилүү болгон түрүн тутушчу. Алар Испанияга гот тилиндеги «Ульфиланын Ыйык Китебин» ала келишкен. Ал китепти испаниялыктар 6-кылымдын аягына чейин, готтордун падышасы Реккаред арианчылыктан баш тартып, католик динин кабыл алганга чейин, окушкан. Католик динин кабыл алгандан кийин Реккаред арианчылыкка байланыштуу китептердин баарын чогултуп, анын ичинде «Ульфиланын Ыйык Китебин» да жок кылып салган. Ошентип, гот тилиндеги бир да Ыйык Китеп калбай калган.

Сланецке латын диалектисинде жазылган Ыйык Китептеги текст, б.з. 6-к.

Ошондой болсо да, Испанияда Кудайдын Сөзү тарай берген. Гот тилинен башка Испанияда латын тилинин бир диалектиси кеңири жайылган болчу. Кийинчерээк андан Пиреней жарым аралында жашагандар сүйлөгөн роман тилдери пайда болгон *. Ошол диалектиде жазылган документтердин эң байыркылары «Весготтордун сланецтери» деп белгилүү. Алар сланецтерге — жука катмарларга оңой ажыраган тоо тектерине — жазылган болчу. 6, 7-кылымдарга таандык ал  документтердин айрымдарында Забурдагы, Инжилдердеги маалыматтар камтылган. Ошондой сланецтердин биринде 16-забур толугу менен жазылган.

Ыйык Китептин айрым бөлүктөрүнүн ошондой жөнөкөй эле нерселерге жазылганынан улам ошол убакта Кудайдын Сөзүн карапайым эл да окуп, көчүрө алганын билүүгө болот. Мугалимдер да окуучуларга окуганды, жазганды үйрөтүш үчүн, сыягы, ошол тексттерди колдонушса керек. Анткени сланец, ошол кылымдарда кечилдер сүрөттөрү бар Ыйык Китепти жазыш үчүн колдонгон пергаменттен айырмаланып, арзан материал болгон.

«Испандар Ыйык Китепти Лютердин убагына чейинки Германия менен Англиянын элине караганда жакшыраак билген» (Тарыхчы Хуан Ортс Гонзалез)

Сүрөттөрү бар кымбат баалуу Ыйык Китептердин бири Испаниянын Леон шаарындагы Исидор чиркөөсүндө сакталууда. Б.з. 960-жылына таандык болгон жана 1 028 беттен турган ал китептин узундугу — 47 см, туурасы — 34 см, салмагы болсо болжол менен — 18 килограмм. Ал эми б.з. 1020-жылына таандык болгон жана «Риполь Ыйык Китеби» деп аталган дагы бир китеп учурда Ватикан китепканасынан орун алган. Ал орто кылымдардагы эң кооз Ыйык Китептердин бири болуп саналат. Андай китепти жаратыш үчүн кечилдерге баш көтөрбөй эмгектенүүгө туура келген. Анткени тексттин баш тамгасын жазыш үчүн бир күн, титулдук барагын жазыш үчүн бир жума талап кылынган. Бирок, канчалык кымбат болбосун, ал китептер Кудайдын Сөзүндөгү кабардын жалпы элге таралышына анчалык деле салым кошкон эмес.

АРАБ ТИЛИНДЕГИ ЫЙЫК КИТЕП

7-кылымдын аяк чендеринде мусулмандар Пиреней жарым аралын басып киргендиктен Испанияда башка тил тамырлай баштаган. Алар каратып алган жерлерде латын тилинин эмес, араб тилинин таасири күчтүүрөөк болуп, Ыйык Китепти араб тилине которуу зарыл болгон.

Б.з. 5—7-кылымдарда Ыйык Китептин латын, араб тилиндеги котормолору испан элинин Кудайдын Сөзүн окуй алышына шарт түзгөн

Орто кылымдарда Испанияда Ыйык Китептин, өзгөчө, Инжилдердин араб тилиндеги котормолору көп болчу. Мисалы, 8-кылымда Севильянын Хуан аттуу епискобу Ыйык Китепти толугу менен араб тилине которгон. Бирок, тилекке каршы, ал котормолордун көбү биздин убакка жетпей калган. Бүгүнкү күндө Леондогу  чиркөөдө Инжилдин 10-кылымдын орто ченине таандык бир эле котормосу сакталууда.

Инжилдердин араб тилиндеги котормосу, б.з. 10-к.

ИСПАН ТИЛИНДЕГИ ЫЙЫК КИТЕПТЕР

Орто кылымдардын соңунда Пиреней жарым аралында кастилия диалектисине негизделген испан тили кайрадан жандана баштаган. Кудайдын Сөзүн жайылтууда так ошол тил аябагандай чоң роль ойногон *. Ыйык Китептин испан тилиндеги эң алгачкы котормосундагы тексттерди 13-кылымдын башындагы испан тилиндеги бир эмгектен кездештирүүгө болот («La Fazienda de Ultra Mar»). Ал эмгекте Израилге жасалган саякат жөнүндө жазылган. Ошондой эле анда Тоораттагы, Еврей Жазмаларынын айрым китептериндеги, Инжилдердеги, элчилердин каттарындагы маалыматтар камтылган.

Ыйык Китептин испан тилине которулушун колдогон король Альфонс X

Бирок диний төбөлдөргө ал эмгек жаккан эмес. 1234-жылы Таррагонадагы Кеңеш Ыйык Китептин бөлүктөрү камтылган испан тилиндеги китептердин баары өрттөлүшү үчүн жергиликтүү диний жетекчилерге тапшырылышы керек деген буйрук чыгарган. Анткен менен ал буйрук Ыйык Китептин андан ары которула беришине бөгөт коё алган эмес. Испаниянын королу, испан прозасынын негиздөөчүсү деп эсептелген Альфонс X (1252—1284), Ыйык Китептин испан тилине которулушун каалап, ал ишти колдогон. Ошол убактагы котормолорго «Альфонско чейинки Ыйык Китеп» деп аталган котормо жана андан көп өтпөй эле жарык көргөн, аябай чоң эмгекти талап кылган «Альфонстун Ыйык Китеби» кирген.

13-кылымга таандык «Альфонско чейинки Ыйык Китептин» (солдо) жана «Альфонстун Ыйык Китебинин» беттери (оңдо)

Бул эки котормо жаңыдан түптөлүп келаткан испан тилинин калыптанышына жана байышына шарт түзгөн. «Альфонско чейинки Ыйык Китеп» жөнүндө Томас Монтгомери деген окумуштуу мындай деген: «Ыйык Китептин бул котормосу — эң мыкты эмгек. Ал аябай так, көркөм которулган... Жөнөкөй жана айкын которулгандыктан аны латынча билбегендер жакшы түшүнүшкөн».

Испан тилиндеги алгачкы котормолор Ыйык Китептин түп нускасы жазылган тилден эмес, «Латын Вульгатасынан» которулган. Ал эми 14-кылымдан тартып жүйүт окумуштуулары еврей тилинен испан тилине которулган Еврей Жазмаларынын бир нече котормосун жаратышкан. Ошол мезгилде Европа боюнча жүйүттөр Испанияда көп болчу. Ошондуктан жүйүт котормочуларында котормо ишине керектүү болгон так маалымат камтылган еврей кол жазмалары көп болчу *.

Ошол котормолордун эң көрүнүктүүсү 15-кылымда которулуп бүткөн «Альба Ыйык Китеби» болгон. Испаниянын Луис де Гузман аттуу белгилүү төрөсү Моше Арагель деген раввинге Ыйык Китепти нукура испан тилине которууну тапшырган. Ал буга эки орчундуу себеп бар деп эсептеген. Биринчиден, ал: «Роман тилиндеги азыркы Ыйык Китепти эч ким түшүнбөйт»,— деген ойдо болгон. Экинчиден: «Бизге окшогон адамдарга түшүнүксүз жерлеринин түшүндүрмөсү кошо жазылган китеп керек»,— деп айткан. Мындан ошол учурдагы эл Ыйык Китепти окуп-түшүнүүгө абдан дилгир болгонун билүүгө болот. Ошондой эле бул Ыйык Китептин испан тилиндеги котормолорунун Испанияда ошол кезге чейин эле кеңири тараганын далилдеп турат.

Орто кылымдардагы котормочулардын жана  көчүрмөчүлөрдүн эмгегинин аркасында испан эли Ыйык Китепти өзүнүн эне тилинде эркин окуй алган. Ошондуктан, тарыхчы Хуан Ортс Гонзалез байкагандай, «испандар Ыйык Китепти Лютердин убагына чейинки Германия менен Англиянын элине караганда жакшыраак билген».

Абдан кооз «Леон Ыйык Китебинин» бөлүгү. Канчалык кымбат болбосун, ал китептер Кудайдын Сөзүндөгү кабардын таралышына анчалык деле салым кошкон эмес

15-кылымдын аяк чендеринде испан инквизициясы Ыйык Китепти которгонго тыюу салган. Ошондой эле Ыйык Китептин котормосу, жергиликтүү элдин кайсы тилинде болбосун, үйдө сакталбашы керек болчу. Ошентип, Испанияны Ыйык Китептин жарыгын узак убакытка чейин жаап калган кара булут каптаган. Ал булут тараганча үч кылым өткөн. Ошол кыйын кезеңде жүрөгү тоодой болгон бир нече котормочу Ыйык Китепти чет өлкөдөн которуп, Испанияга алып келген *.

Орто кылымдагы Испаниянын тарыхынан көрүнүп тургандай, душмандар Ыйык Китептин үнүн басыш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушкан. Бирок кудуреттүү Кудайдын үнүн басууга алы жеткен эмес (Забур 83:1; 94:20).

Көптөгөн окумуштуулардын күжүрмөн эмгегинин натыйжасында орто кылымда Ыйык Китеп Испанияда тамыр алып, жайыла берген. Бүгүнкү күндөгү котормочулар Ыйык Китепти алгачкылардан болуп латын, гот, араб жана испан тилдерине которгондордон үлгү алышат. Ошонун аркасында испан тилинде сүйлөгөн миллиондогон адамдар учурда Ыйык Китепти жүрөгүн козгой алган тилде — эне тилинде — окуп жатышат.

^ абз. 10 Буларга кастилия, каталан, галис жана португал тилдери кирет.

^ абз. 17 Бүгүнкү күндө испан тили 540 миллиондой кишинин эне тили болуп саналат.

^ абз. 20 «Күзөт мунарасынын» 2011-жылдын 1-декабрында (ор.) чыккан санындагы «Альфонс де Самора жана анын Ыйык Китептин которулушуна кошкон салымы» деген макаланы карагыла.

^ абз. 23 «Күзөт мунарасынын» 1996-жылдын 1-июнунда (ор.) чыккан санындагы «Касиодоро де Рейнанын испан тилиндеги Ыйык Китеп үчүн күрөшкөнү» деген макаланы карагыла.