Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Беделлдин Ыйык Китеби — Кудай Сөзүнө жарык чачкан котормо

Беделлдин Ыйык Китеби — Кудай Сөзүнө жарык чачкан котормо

АНГЛИЯЛЫК дин кызматчы Уильям Беделл 1627-жылы Ирландияга барганда таң калыштуу жагдайга күбө болгон. Ал кезде католиктер басымдуулук кылган Ирландияны британиялык протестанттар бийлеп турган. Протестант реформачылары Ыйык Китепти Европадагы жергиликтүү элдин баарынын тилине мурда эле которуп коюшкан, бирок ирланд тилине которууга, кыязы, эч ким ниеттенбесе керек.

Беделл ирланд элинин англис тилин үйрөнмөйүнчө «капарга алынбай жүрө беришин» каалаган эмес. Ошо себептен Ыйык Китепти ирланд тилине которууну максат кылып койгон. Бирок протестант төбөлдөрү тарабынан катуу каршылыкка туш болгон. Алар ага эмне үчүн каршы чыгышкан?

ИРЛАНД ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨӨГӨ ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ

Беделл ирланд тилин өз алдынча үйрөнүүгө бел байлаган. Дублиндеги Тринити коллежинин ректору жана кийинчерээк Килмордун епискобу болгондон тартып ал студенттерин ирланд тилинде сүйлөөгө үндөй баштаган. Чындыгында, Англия ханышасы Елизавета I Ыйык Китепте жазылгандарды жарандарынын ар бирине өз эне тилинде жеткире турган кызматчыларды даярдоо максатында Тринити коллежин негиздеген. Беделл ошол мүдөөнү ишке ашырууга умтулган.

Килмор епархиясында калктын көпчүлүгү ирланд тилинде сүйлөчү. Ошо себептен Беделл ирланд тилинде сүйлөгөн кызматчылардын болушун талап кылган. Анын мындай иш-аракети элчи Пабылдын айткандарына ылайык келет. Элчи Пабыл: «Жыйналышта бөтөн тилде он миң сөз айтканга караганда, башкаларга насаат айтыш үчүн түшүнүктүү беш сөз айтканым артык»,— деген (1 Корунттуктар 14:19).

Бирок колунда бийлиги бар беделдүү адамдар ага бут тосуп, ар бир ишине тоскоолдук кылышкан. Тарыхчылардын билдирүүсүнө ылайык, айрымдар ирланд тилинде сүйлөө «өлкөгө коркунуч туудурат» деп эсептешкен, башкалары болсо бул «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет» деп айтышкан. Кээ бирөөлөр Англиянын кызыкчылыгы үчүн ирланд тилинде мындан ары да эч ким сүйлөбөшү керек деген ойдо болушкан. Натыйжада ирланддардын өз эне тилинде сүйлөшүнө, маданиятына карманышына тыюу салынып, аларды англис тилин жана англиялыктардын маданиятын үйрөнүүгө милдеттендирген мыйзамдар бекитилген.

БЕДЕЛЛДИН ЫЙЫК КИТЕПТИ КОТОРУУГА КИРИШИШИ

Беделл мындай диктатордук көз караштан улам үрөйү учуп отуруп калган эмес. Ал жаңы басылып чыккан англис тилиндеги Ыйык Китепти («Король Яковдун Ыйык Китебин») 1630-жылдардын башында ирланд тилине которууга киришкен. Беделл мүмкүн болушунча көбүрөөк адамга түшүнүктүү боло турган котормону жаратууну эңсеген. Ал, эгер Ыйык Китеп жабык бойдон кала берсе, карапайым элдин эч кимиси түбөлүк өмүргө алып бара турган жолду табуу үчүн Кудай Сөзүн изилдей албай турганын түшүнгөн (Жакан 17:3).

Муну жалгыз эле Беделл баамдаган деп айтууга болбойт. Ошол убактан 30 жылдай мурун Уильям Даниэль аттуу бир епископ Ыйык Китепти, анын айтканы боюнча, «тааныш эмес тил булут сыяктуу каптап турса», анда жазылгандарды түшүнүү оңой болбосун аңдаган. Ошо себептен ал Ыйык Китептин бир бөлүгүн, Грек Жазмаларын, ирланд тилине которгон. Ал эми Беделл болсо Еврей Жазмаларын которууну чечкен. Азыр «Беделлдин Ыйык Китеби» деп белгилүү болгон котормодо Уильям Даниэлдин да эмгеги камтылат. Ошентип, Беделлдин Ыйык Китеби ирланд тилине толук которулган биринчи жана кийинки 300 жылга чейин жалгыз котормо болуп кала берген.

Беделл ирланд тилинде сүйлөгөн эки жергиликтүү кишиге жардам сурап кайрылган. Которуу иши алга илгерилегенде, еврей тилин изилдеп чыккан окумуштуу катары Беделл жардамчыларынын бири же экөө менен ар бир аятты текшерип, салыштырып чыккан. Маалымат кененирээк болушу үчүн алар швейцариялык теолог Жованни Диодати тарабынан италян тилине которулган Грек Септуагинтасын жана Ыйык Китептин еврей тилиндеги байыркы кол жазмаларын карап чыгышкан.

Алар «Король Яковдун Ыйык Китебин» которгондордун (Беделл алардын көбү менен жакшы тааныш болгон) жолун улап, Ыйык Китепке Кудайдын ысмы жазылыш керек болгон жерлерге ысмын жазып чыгышкан. Мисалы, Чыгуу 6:3кө Кудайдын ысмын, «Жахаба» деген атты, жазышкан. Беделлдин алгачкы кол жазмалары Дублиндеги (Ирландия) Марштын китепканасында сакталып турат («Беделл кадырын билгендердин эсинде» деген кутучаны карагыла).

КОТОРМОНУН БАСЫП ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Беделл эмгегин 1640-жылдары бүткөн. Бирок дароо басып чыгара алган эмес. Эмне үчүн? Анын бир себеби ага көрсөтүлгөн катуу каршылык дагы деле токтой элек болчу. Жалаачылар карасанатайлык кылып, Беделлдин негизги котормочусун каралашкан. Атүгүл аны каматып жиберишкен. Андан да жаманы, Беделл 1641-жылы тутанган, Англияга каршы көтөрүлгөн кандуу төңкөрүшкө эрксиз түрдө аралашып калган. Жергиликтүү ирланддар Беделлдин аларга чын жүрөктөн жардам бергиси келгенин сезгендиктен, анын англиялык болгонуна карабай, кайсы бир убакка чейин аны коргоп турушкан. Бирок акырында козголоңчул жоокерлер аны камап коюшкан. Ал жактагы адам чыдагыс оор шарт анын өлүмүнүн тездешине себеп болгону күмөнсүз. Ошентип, ал өз эмгегинин чыкканын көрбөй, 1642-жылы көз жумган.

Беделлдин алгачкы кол жазмасынын титулдук барагы, болж. м-н 1640-ж.; 1685-жылы басылган Ыйык Китеп

Анын үйү тонолуп, талкаланганда, эмгектеринин дээрлик баары жок болгон. Бактыга жараша, анын жакын досу которулган документтерди сактап калган. Кийинчерээк ал аларды Арма шаарынын жана Ирландия чиркөөсүнүн архиепискобу болгон Нарцисс Маршка тапшырган. Окумуштуу Роберт Бойлдун демөөрчүлүгү менен Нарцисс Марш Беделлдин Ыйык Китебин, кооптуу болсо да, 1685-жылы басып чыгарган.

ТОМУКТАЙ КӨРҮНГӨН ИШТИН ТООДОЙ ПАЙДАСЫ

Беделлдин Ыйык Китебин баары эле баалай берген эмес. Бирок учурунда томуктай көрүнгөн иштин тоодой пайдасы болгон. Ал Ирландиядагы эле эмес, Шотландиядагы, дагы башка жерлердеги ирланд тилинде сүйлөгөндөргө Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө көмөк кылган. Учурда ал аймактагылар Кудай Сөзүн эне тилинде окуп, рухий муктаждыгын канааттандырууда (Матай 5:3, 6).

«Беделлдин Ыйык Китебин окуганда, анда жазылгандар эне тилибизде сүйлөгөндөй эле болот. Ал мага, үй-бүлөмө Ыйык Жазмадагы чындыктын эшигин ачкан ачкыч сыяктуу болду»

Беделлдин Ыйык Китеби бүгүн да чындыкты сүйгөндөргө туура иш кылууга жардам берүүдө. Аны жакында эле изилдеп чыккан, ирланд тилинде сүйлөгөн бир киши мындай деген: «Беделлдин Ыйык Китебин окуганда, анда жазылгандар эне тилибизде сүйлөгөндөй эле болот. Ал мага, үй-бүлөмө Ыйык Жазмадагы чындыктын эшигин ачкан ачкыч сыяктуу болду».