Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне туура, эмне туура эмес? Ыйык Китептин күчү

Эмне туура, эмне туура эмес? Ыйык Китептин күчү

Ыйык Китеп миллиондогон адамдарга жашоонун бардык тармактарында жардам берип келет. Келгиле, ошол тармактардын төртөөнө токтололу.

1. Нике

Адамдар никеге жана никеде бактылуу болуш үчүн эмне кылыш керектигине байланыштуу ар кандай ойдо.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын» (Эфестиктер 5:33).

МААНИСИ: Никени Кудай өзү негиздеген. Андыктан жубайларды эмне бактылуу кыларын жакшы билет (Марк 10:6—9). Түгөйлөр «мен, мага» деп өзүн эле ойлобой: «Үй-бүлөм бактылуу болушу үчүн, эмне кылсам?» — дешсе, натыйжасы кыйла жакшы болот. Аялын сүйгөн күйөө ага жумшак мамиле кылат, кам көрөт. Ал эми зайыптын күйөөсүн урматтаары сөзүнөн да, ишинен да байкалып турат.

ЫЙЫК КИТЕПТИН КҮЧҮ. Вьетнамдык Куаң менен Ти эч качан бактылуу боло албайбыз деп ойлошкон. Куаң аялына дайыма катаал мамиле кылчу. Ал: «Тинин сезимдерин ойлоп да койчу эмесмин. Басынта берчүмүн»,— дейт. Ошон үчүн Ти ажырашкысы келген. Ал: «Күйөөмө мындан ары ишене албайм го, аны сыйлай албайм го деп ойлогом»,— дейт.

Кийинчерээк алар Ыйык Китепти окуй башташкан. Эфестиктер 5:33төгү кеңешти колдонгонго аракет кылышкан. Куаң мындай дейт: «Бул аят мага жумшак болушум керек экенин, Тини сүйүп, ага бардык жагынан кам көрүшүм керектигин, сезимдерин эске алганым маанилүү экенин түшүнгөнгө жардам берди. Бара-бара ал мени көбүрөөк сүйүп, урматтай баштады». Ти болсо: «Эфестиктер 5:33төгү кеңешти колдонуп күйөөмдү көбүрөөк сыйлаган сайын, анын мени көбүрөөк сүйүп, бапестегенин сезе баштадым. Жан дүйнөм да тынч болуп калды»,— дейт.

Нике жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, jw.org сайтынан «Ойгонгула!» журналынын 2018-жылы чыккан № 2 санын окуп көргүлө. Ал «Үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры» деп аталат.

2. Алака-мамиле

Адамдар көбүнчө бири-бирине расасы, улуту, сырткы көрүнүшү, дини же жынысы башка болгон үчүн жаман мамиле кылышат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Бардык адамдарды урматтагыла» (1 Петир 2:17).

МААНИСИ: Ыйык Китепте башкаларга расасына карап жаман мамиле кылуу, гомосексуалдарды же чет өлкөлүктөрдү жек көрүү туура эмес экени айтылат. Анын ордуна, адамдарды расасына, улутуна же коомдо ээлеген абалына карабай, баарын бирдей урматтаганга үндөйт (Элчилер 10:34). Алардын дини же кылган иштери бизге жакпаса да, жумшак, сый мамиле кыла алабыз (Матай 7:12).

ЫЙЫК КИТЕПТИН КҮЧҮ. Дэниел азиялыктарды өзүнүн өлкөсүнө коркунуч туудурган кишилер катары көрчү. Ал ушинтип тарбияланган. Ошон үчүн азиялыктарды жек көрүп калган. Аларды элдин көзүнчө басынта да берчү. Дэниел: «Мен ушинтип өз өлкөмдү колдоп жатам деп ойлочумун. Туура эмес ой жүгүртүп, туура эмес иш кылып жатам деп ойлогон да эмесмин»,— дейт.

Кийинчерээк ал Ыйык Китепти окуй баштаган. «Ой жүгүртүүмдү түп-тамыры менен өзгөртүш керек болду. Ким каяктан болбосун, баарыбыз тең Кудайдын алдында бирдей экенбиз. Башкаларга Кудай карагандай караганды үйрөнүүгө туура келди»,— дейт. Дэниел азыр башка улуттагы адамдарды жолуктурганда кандай сезимде болору тууралуу мындай дейт: «Мен булар каяктан болду экен деп ойлонбой да калдым. Азыр адамдардын баарын жакшы көрөм. Ар кайсы өлкөдө досторум бар. Алар менен абдан жакынмын».

Көбүрөөк билиш үчүн jw.org сайтынан «Ойгонгула!» журналынын 2020-жылы чыккан № 3 санын окуп көргүлө. Ал «Бейкалыстыкка каршы даба барбы?» деп аталат.

3. Акча

Көптөр бактылуу болуш үчүн жана келечекте майкөл-сүткөл жашаш үчүн байлыктын артынан сая түшүшөт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Акылмандык, акча сыяктуу эле, коргойт. Бирок билим менен акылмандыктын артыкчылыгы аларга ээ болгондордун өмүрүн сактаганында» (Насаатчы 7:12).

МААНИСИ: Албетте, акча керек. Бирок ал бактылуу болушубузга жана коопсуз келечекке кепилдик бере албайт (Накыл сөздөр 18:11; 23:4, 5). Чын-чынында, бакыт жана коопсуз келечек Кудайдын Ыйык Китепте жазылган даанышман кеңештерин колдонгондон көз каранды (1 Тиметей 6:17—19).

ЫЙЫК КИТЕПТИН КҮЧҮ. Индонезияда жашаган Кардонун оюнун баары эле акча табуу болуп калган. Ал мындай дейт: «Менде башкалар кыялданган нерсенин баары бар болчу. Каалашымча саякаттачымын, кымбат буюмдарды сатып алчумун. Машинелерим, үйлөрүм бар эле». Бирок бул көпкө созулган эмес. «Мени бирөө алдап кетти. Көп жылдар бою кара жанымды карч уруп топтогон акчаман бир заматта кол жууп калдым. Байлык деп жүрүп бүт өмүрүмдү ошого арнап салыптырмын. Бирок аягында ичим аңгырап бопбош болуп, өзүмдү эч нерсеге жараксыз сезип, көңүлүм чөгүп отуруп калдым»,— дейт ал.

Кардо Ыйык Китептеги дүнүйө-мүлккө байланышуу кеңештерди колдоно баштаган. Ал бүт күчүн байлык топтогонго жумшабай калган. Анын ордуна, жөнөкөй жашайын деп чечкен. Ал: «Чыныгы жана көөнөрбөс кенч бул Кудай менен болгон ынак мамиле экен. Азыр мен күн сайын тынч уктайм, аябай бактылуумун»,— дейт.

Ыйык Китепте акча жөнүндө эмне деп айтыларын билиш үчүн jw.org сайтынан «Күзөт мунарасы» журналынын 2021-жылы чыккан № 3 санындагы «Билим, акча жакшы жашоонун пайдубалыбы?» деген макаланы окуп көргүлө.

4. Жыныстык мамиле

Бул тууралуу ар ким ар кандай ойдо.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Кудай силердин. . . бузуктуктан алыс болушуңарды каалайт. Ар бириңер өз денеңерди ыйык сактап, сый тутуп, башкара билгиле, Кудайды билбеген башка элдерге окшоп, ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилбегиле» (1 Тесалоникалыктар 4:3—5).

МААНИСИ: Ыйык Китепте жыныстык каалоолорубузду тыя билишибиз керектиги айтылат. Бузуктукка ойноштук, сойкулук, никеде турбаган эркек менен аялдын жыныстык мамилеси, гомосексуализм, мал менен жанашуу кирет (1 Корунттуктар 6:9, 10). Жыныстык мамиле — бул Кудайдын белеги. Ал мунун никелешкен аял менен эркектин ортосунда гана болушун ниет кылган (Накыл сөздөр 5:18, 19).

ЫЙЫК КИТЕПТИН КҮЧҮ. Австралиялык Кили деген аял мындай дейт: «Бойдок кезимде бирөөлөр менен жатсам, сүйүүнү татып көрүп, өзүмдү коопсуз сезем го деп ойлогом. Бирок баары тескерисинче болуп чыкты. Өзүмдү коопсуз сезмек тургай, жан дүйнөм жабыркап, аябай кыйналдым».

Кийинчерээк Кили Ыйык Китепте жыныстык мамиле тууралуу эмне делерин билип, ал кеңештерди колдонуп көргөн. Ал мындай дейт: «Кудайды уксак, жүрөгүбүз, жаныбыз сыздабайт экен. Азыр Жахаба каалагандай жашап жатам. Мени сүйүп, коргоп турган жолдошум бар. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгонум далай азаптан сактап калды».

Көбүрөөк билгиңер келсе, jw.org сайтынан «Никеге турбай чогуу жашоого карата Кудайдын көз карашы кандай?» деген макаланы окуп көрсөңөр болот.

Эмне туура, эмне туура эмес экенин аныктаганга Жаратканыбыз гана жардам берет. Анын айткандарын аткаруу дайыма эле оңой болбосо да, аракетибиздин акыбети сөзсүз кайтат. Натыйжада азыр эле эмес, түбөлүккө да бактылуу болобуз. Мындан шектенбесек болот.