Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне туура, эмне туура эмес? Кайсынысын тандайсыңар?

Эмне туура, эмне туура эмес? Кайсынысын тандайсыңар?

Бактылуу болор-болбосубуз көбүнесе кайсы жолду тандаганыбыздан көз каранды. Жахаба муну жакшы билет. Ошон үчүн анын жолун тандашыбызды каалайт.

Жахаба бейкуттукта, бактылуу жашашыбызды каалайт.

«Сени кун төлөп сатып алган Жахаба, Ысрайылдын Ыйыгы, мындай дейт: „Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм. Оо, эгер осуяттарыма көңүл бурсаң кана! Ошондо тынчтыгың дарыядай, адилдигиң деңиз толкундарындай болмок“» (Ышая 48:17, 18).

Кудай бизди жараткандыктан кандай жашаганыбыз туура болорун жакшы билет. Ал адамдарды өзүнүн көрсөтмөлөрүнө баш ийип жашоого үндөйт. Ошенткенибиз өзүбүзгө эле жакшы. Эгер Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга ылайык жашасак, «аягы жакшы болобу же жаман болобу» деп сарсанаа болбойбуз. Анткени Кудайдын Сөзүнө таянсак, дайыма тура чечим чыгарабыз. Натыйжада бактылуу болобуз, жан дүйнөбүзгө да тынчтык орнойт.

Жахаба колдон келбегенди талап кылбайт.

«Мен бүгүн сага буйрук кылган осуят сен аткара албагыдай оор эмес, алыс да эмес» (Мыйзам 30:11).

Кудайдын айткандарына ылайык жашаш үчүн ой-жүгүртүүбүздү, жүрүм-турумубузду өзгөртүшүбүз керек болушу мүмкүн. Бирок Жахаба колдон келбегенди талап кылбайт. Бизди өзү жараткандыктан чамабызды жакшы билет. Жахабаны жакшыраак таанып-биле берсек, «анын осуяттарын аткаруу оор эмес» экенине ынанабыз (1 Жакан 5:3).

Жахаба анын айткандарына ылайык жашагысы келгендерге жардам берет.

«Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам. Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“,— деген менмин» (Ышая 41:13).

Биз Кудай каалагандай жашай алабыз, анткени ал өзү жардам берет. Муну өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу кылат. Кудайдын Сөзү бизге күч-кайрат жана үмүт берет.

Дүйнөнүн чар тарабында жашаган миллиондогон адамдар Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп, жашоосун жакшы жакка өзгөртө алышты. Ошол кеңештер жөнүндө көбүрөөк билгиңер келеби? Эгер кааласаңар, jw.org сайтынан «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепчени окуп көрсөңөр болот. Ал китепче Ыйык Китепке негизделген жана акысыз. Анда мындай темалар каралат:

  • Ыйык Китеп эмнеси менен пайдалуу?

  • Ыйык Китеп келечекке үмүт берет

  • Ыйык Китепке эмне үчүн ишенсең болот?

Кудайдын Сөзүн изилдеп көрсөңөр, анын эскирбегенине, ага бүгүн да, түбөлүккө да таянса болооруна ынанасыңар (Забур 111:8). Ыйык Китептеги эмне туура, эмне туура эмес экенин аныктаганга жардам берген кеңештерди колдонсоңор, эң туура кылган болосуңар. Ошентсе да Кудай силерди ушундай кылганга мажбурлабайт (Мыйзам 30:19, 20; Жашыя 24:15). Муну ар бир киши өзү чечиши керек.