Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?

4 | Кудайдын жардамы менен жек көрүүчүлүктү жеңгиле

4 | Кудайдын жардамы менен жек көрүүчүлүктү жеңгиле

Ыйык Китепте мындай делет:

«Рухтун жемиши — сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү» (ГАЛАТИЯЛЫКТАР 5:22, 23).

Бул эмнени билдирет?

Жек көрүүчүлүктүн чынжырын Кудайдын жардамы менен гана үзө аласыңар. Кудайдын ыйык руху, атап айтканда, күчү өзүбүз эч качан өрчүтө албай турган жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет. Ошон үчүн жек көрүүчүлүктү өз күчүбүз менен жеңгенге аракет кыла бербей, Кудайга таянганыбыз туура болот. Эгер ошентсек, Кудайдын байыркы убактагы бир кызматчысы айткан сөздөрдүн калетсиз экенине ынанабыз. Ал: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазган (Филипиликтер 4:13). Ошондой эле: «Мага жардам Жахабадан... келет»,— деп айта алабыз (Забур 121:2).

Эмне кылсаңар болот?

«Жахаба Кудай мага күч берип, кызуу кандуу болбой, жумшак, сылык киши болуп өзгөрдүм» (ВАЛДО).

Жахаба Кудайдан ыйык рух сурап чын жүрөктөн тиленгиле (Лука 11:13). Андан күнүмдүк турмушуңарда ага жаккан сапаттарды көрсөткөнгө жардам сурагыла. Ыйык Китепте жек көрүүчүлүктүн уу кесери болгон сүйүү, тынчтык, чыдамдуулук жана өзүн өзү кармай билүү сыяктуу сапаттар жөнүндө эмне делерин изилдеп көргүлө. Анан окуп-билгендериңерди кайсы учурларда колдонсоңор болору жөнүндө ойлонгула. Андан тышкары, ушундай сапаттарды өрчүткөнгө аракет кылып жаткандар менен дос болгула. Анткени алар силерди «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөй» алат (Еврейлер 10:24).