Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Микей 6:8. «Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүр»

Микей 6:8. «Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүр»

 «Оо, пенде, ал эмне жакшы экенин сага айткан. Жахаба сенден адилет болуудан, кайрымдуулукту жакшы көрүүдөн, Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүрүүдөн башканы талап кылабы?» (Микей 6:8, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Оо адам! Эмне жакшы экени, Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган бул — адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо» (Микей 6:8, «Үмүт нуру» котормосу)

Микей 6:8дин мааниси

 Микей пайгамбар адамдарга Жахаба a Кудайга жагуу анча деле оор эмес экенин түшүндүргөн (1 Жакан 5:3). Кудай бизден эмнени күтөрү бул аятта үч маанилүү ой менен берилген. Алгачкы эки ой биздин башкалар менен болгон мамилебизге, ал эми үчүнчүсү Кудай менен болгон мамилебизге байланыштуу.

 «Адилет бол». Кудай кызматчыларынын адилеттүү, калыс болушун каалайт. Бул Кудайдын ак-карага, жаман-жакшыга карата талаптарына ылайык ой жүгүртүүнү жана иш-аракет кылууну билдирет (Мыйзам 32:4). Мисалы, Кудайдын талаптарына ылайык жашагандар адамдардын баарына, тек-жайы, улуту, коомдо ээлеген абалына карабай, бирдей карайт жана аларга чынчылдык менен мамиле кылат (Лебилер 19:15; Ышая 1:17; Еврейлер 13:18).

 «Кайрымдуулукту жакшы көр». Бул сөздөрдү «мээримдүүлүктү жакшы көр» деп да которсо болот (Микей 6:8, шилт.). Түп нускада, байыркы еврей тилинде, «кайрымдуулук» деген сөз берилгендикти да камтыйт. Бул башкаларга ишенимдүү болууну билдирет. Ошондой эле аларга милдеттүү болгондон да көптү кылып, боорукердик, кайрымдуулук көрсөтүүнү туюнтат. Кудай өзүнө жаккысы келгендердин боорукер, кайрымдуу болгондон сырткары, ошол сапаттарды жогору баалашын, жакшы көрүшүн каалайт. Бул анын кызматчылары башкаларга, айрыкча, көмөккө зар болуп тургандарга жардам берүүдөн рахат алышы керектигин билдирет. Башкаларга бир нерсе бергенде биз чындап бактылуу болобуз (Элчилер 20:35).

 «Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүр». Ыйык Китепте «жүрүү» деген сөз «белгилүү бир багытта иш-аракет кылууну» билдирет. Кудайдын жолунда жүргөн киши ага жаккан өмүр жолунда жүрөт, тактап айтканда, ага жаккандай жашайт. Бул жагынан Нух пайгамбар мыкты үлгү. Ал «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн». Анткени ал Кудайдын көз алдында адил болгон жана «замандаштарынан айырмаланып,.. кынтыксыз болгон» (Башталыш 6:9). Бүгүнкү күндө Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, жазылгандарга ылайык жашасак, Кудайдын жолунда жүргөн болобуз. Ан үчүн жөнөкөй болушубуз, тактап айтканда, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин жана бардык нерседе Кудайдан көз каранды экенибизди моюнга алышыбыз керек (Жакан 17:3; Элчилер 17:28; Аян 4:11).

Микей 6:8дин контексти

 Микей байыркы Ысрайылда б.з.ч. 8-кылымда пайгамбар болуп кызмат кылган. Ошол учурда Ысрайыл жери бурканга табынуучулукка, алдамчылыкка белчесинен батып калган. Ал кез күчтүүлөр алсыздарды эзген заман эле (Микей 1:7; 3:1–3, 9–11; 6:10–12). Ысрайылдыктардын көбү Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамында айтылган талаптарды четке кагышкан. Ошол эле учурда көптөр диний жөрөлгөлөрдү аткарып, курмандыктарды чалып койсок эле Кудайдын ырайымына ээ болуп калабыз деп жаңылыш ойлошкон (Накыл сөздөр 21:3; Ошуя 6:6; Микей 6:6, 7).

 Микей пайгамбар жашаган учурдан кылымдар өткөндөн кийин Иса сүйүү, адилеттүлүк, кайрымдуулук көрсөткөндөр анын Атасына жагарын, ал эми өзүн Кудайга берилген кишидей кылып көрсөткөнгө амалкөйлүк менен аракет кылгандарды жек көрөрүн айткан (Матай 9:13; 22:37—39; 23:23). Исанын сөздөрү бүгүнкү күндө Кудай өзүнүн кызматчыларынан эмнени талап кыларын түшүнгөнгө жардам берет.

 Микей китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Жахаба деген ысым — еврей тилиндеги Кудайдын төрт тамгадан турган ысмынын которулушу. Ал ЙХВХ деген төрт тамга Тетраграмматон деп да белгилүү. Бул ысым Ыйык Китептин «Үмүт нуру» котормосунда «ТЕҢИР» деп берилген. Жахаба жана Ыйык Китептин айрым котормолорунда анын ысмы эмне үчүн кездешпей турганы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.