Мазмунун көрсөтүү

Кан куйдуруу тууралуу доктурлар эмне дешүүдө?

Кан куйдуруу тууралуу доктурлар эмне дешүүдө?

Ондогон жылдардан бери Жахабанын Күбөлөрү кан куйдуруудан баш тартканы үчүн сынга алынып келген. Алардын Ыйык Китептеги: «Канды колдонуудан качкыла»,— деген буйрукка негизделген көз карашы кан куюу бейтаптардын өмүрүн сактап калат деп эсептеген доктурлардын көз карашына карама-каршы келчү (Элчилер 15:29).

Анткен менен медициналык себептерден улам кан куйдуруунун ордуна башка ыкмаларды жактаган тажрыйбалуу доктурлар барган сайын көбөйүүдө.

Станфорд университетинин медицина факультети тарабынан чыгарылган бир журналдын 2013-жылдын жаз айындагы санына кан жөнүндө бир нече макала чыгып, алардын бири «Агымга каршы. Эмне үчүн көптөр кан куйдуруудан баш тартууда?» деп аталган. Ошол макаланын автору Сара Уильямс мындай деген: «Акыркы он жылдын ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр дүйнө жүзүндөгү ооруканаларда — операция жасалган бөлмөлөрдө да, палаталарда да — донордук кан бейтаптарга, зарыл болбосо деле, чоң өлчөмдө жана көп жолу колдонулганын көрсөттү» («Stanford Medicine Magazine»).

Жогорудагы макаланын автору Пенсильвания ооруканасынын карамагындагы кансыз медицина жана хирургия борборунун негиздөөчүсү жана деректири Патриша Форддун сөздөрүн цитата кылган. Доктор Форд мындай деген: «Медицина тармагындагыларга адамдын организминде кан жетиштүү болбосо өлүп калат жана кан куюу адамдын өмүрүн сактап калуунун жалгыз жолу деген ой кан-жанына сиңип калган... Албетте, айрым учурларда кан куюу зарыл болушу мүмкүн *, бирок көпчүлүк учурларда бейтаптардын көбүнө анын зарылдыгы деле жок».

Жыл сайын 700дөй Жахабанын Күбөсүн дарылаган доктор Форд мындай дейт: «Мен маектешкен көптөгөн доктурлар бейтаптардын көбү кан куйбаса өлүп калат деген жаңылыш ойдо... Мен да бир учурда ушинтип ойлочумун. Бирок бейтаптарды башка ыкмалар менен деле дарыласа болорун тез эле түшүндүм».

2012-жылдын август айында «Аркайвс оф интернал медисин» деп аталган журналга бир медициналык борбордо 28 жылдын ичинде жүрөккө жасалган операциялардын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы чыккан. Ошол убакыт аралыгында ошондой операция жасалган Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куюлуп жасалган бейтаптарга караганда батыраак сакайышканы айкын болгон. Ошондой эле алардын операциядан кийинки абалы көп начарлабаганы, өлгөндөрдүн саны азыраак болгону жана 20 жылдан кийин деле өлгөндөрдүн саны көбөйбөгөнү байкалган.

2013-жылдын 8-апрелинде «Уолл-стрит джорнэл» журналында мындай делген: «Кансыз операциялар — донордук кан колдонулбай жасалган операциялар — диний көз карашынан улам кан куйдуруудан баш тарткан бейтаптарга көптөгөн жылдардан бери жасалып келет. Учурда ооруканаларда мындай ыкма кеңири колдонулууда... Кансыз дарылоону жактаган хирургдар бул ыкманын канды сатып алууга, сактоого, иштетүүгө, текшерүүгө жана куюуга кеткен чыгымдарды азайткандан тышкары, кан аркылуу ооруу жугузуп алуу жана ооруну кабылдоо коркунучун азайтарын да айтышат».

Кливленд клиникасынын кан куюу бөлүмүнүн башчысы Роберт Лоренс мындай деп ой бөлүшөт: «Бейтапка кан куйганда ага жардам берип жатам деп ойлошуң мүмкүн, бирок көп жылдык изилдөөлөр андай эмес экенин көрсөттү».

^ 5-абз. Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куйдурууга байланыштуу көз карашын билиш үчүн «Көптөрдү кызыктырган суроолор» деген бөлүкчөнүн ичиндеги «Эмне себептен Жахабанын Күбөлөрү кан куйдурбайт?» деген макаланы окуп көрүңүз.