Мазмунун көрсөтүү

Эмне себептен Жахабанын Күбөлөрү кан куйдурбайт?

Эмне себептен Жахабанын Күбөлөрү кан куйдурбайт?

Кеңири тараган туура эмес ойлор

 Көптөрдүн ою: «Жахабанын Күбөлөрү медициналык каражаттарды колдонуудан, дарылануудан баш тартышат».

 Чынында кандай? Биз өзүбүздүн да, үй-бүлөбүздүн да ден соолугуна олуттуу карайбыз. Ошондуктан сапаттуу медициналык жардам алыш үчүн доктурларга кайрылабыз. Болгону, андай учурларда кансыз дарылоо ыкмасын колдоно турган адистерге кайрылабыз. Биз медицина тармагындагы жетишкендиктерди кош колдоп колдойбуз. Жахабанын Күбөлөрүнө ылайыкташыш үчүн атайын иштелип чыккан кансыз дарылоо ыкмаларын колдонуунун, чынында, жалпы коомчулукка пайдасы тийип жатат. Себеби көптөгөн өлкөлөрдө Жахабанын Күбөсү эместер да ушундай ыкманы колдонуп, өздөрүн кан аркылуу жуккан оорулардан, иммунитет реакциясынан, ошондой эле медицина кызматкерлеринин жаңылыштыгынын кесепетин тартуудан сактап калууда.

 Көптөрдүн ою: «Жахабанын Күбөлөрү оорудан Кудайга болгон ишенимдин күчү менен айыкса болот деп эсептешет».

 Чынында кандай? Биз андай деп эсептебейбиз жана андай көз карашты колдобойбуз.

 Көптөрдүн ою: «Кансыз дарылоо ыкмаларын колдонуу абдан кымбатка турат».

 Чынында кандай? Кансыз дарылоо ыкмаларын колдонуу, чынында, көп акчаны талап кылбайт a.

 Көптөрдүн ою: «Кан куйдуруудан баш тартканынын натыйжасында жыл сайын көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү, анын ичинде кичинекей балдар да каза табууда».

 Чынында кандай? Минтип айтууга эч кандай негиз жок. Себеби азыркы учурда жүрөк ооруларын жана ортопедиялык ооруларды дарылаш үчүн, ошондой эле органдарды көчүрүү максатында бейтапка кан куйбай эле көптөгөн татаал операциялар жасалууда b. Тажрыйба көрсөтүп тургандай, андай бейтаптар, алардын арасында жаш балдар да кан куйдурган бейтаптардай эле, кээде атүгүл аларга караганда тезирээк сакайышууда c. Кандай болбосун, бейтапты кан куйдурбай койсо — каза табат, кан куйдурса — айыгып кетет деп эч ким айта албайт.

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү кан куйдурбайт?

 Биздин кан куйдурбаганыбыз, биринчи кезекте, диний көз карашыбызга байланыштуу. Ыйык Китепте Кудайдын канды колдонууга тыюу салганы жазылган (Башталыш 9:4; Лебилер 17:10; Мыйзам 12:23; Элчилер 15:28, 29). Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын көз алдында кан өмүрдү билдирери айтылат (Лебилер 17:14). Андыктан биз канды колдонуудан Кудайга баш ийип, аны баарыбызга өмүр берген Жараткан катары терең сыйлагандыктан баш тартабыз.

Көз караштардын өзгөрүшү

Оор операцияларды кан куйбай эле жасоо мүмкүн

 Бир учурда медицина кызматкерлери бейтаптын кан куйдуруудан баш тартканын, тактап айтканда, кансыз дарылоо ыкмаларынын колдонулушун талап кылганын чийинден чыккан нерсе катары көрүп, атүгүл аны өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар деп эсептеп келишкен. Бирок акыркы жылдары мындай көз караш өзгөргөн. Мисалы, 2004-жылы чыккан медициналык бир журналда «Жахабанын Күбөлөрү үчүн атайын иштелип чыккан көптөгөн дарылоо ыкмаларынын келечекте элдин баарына колдонула турганы» айтылган d. Ал эми 2010-жылы чыккан «Жүрөк, өпкө жана кан айлануу» деген журналда «„кансыз хирургиянын“ колдонулушу Жахабанын Күбөлөрү менен гана чектелбестен, бардык учурда жана бардыгына колдонулушу керектиги» айтылган («Heart, Lung and Circulation»).

 Ушу тапта дүйнө жүзүндөгү миңдеген дарыгерлер оор операцияларды кан куйбай эле жасаш үчүн бейтаптын канын үнөмдөй турган ар түрдүү ыкмаларды колдонууда. Андай ыкмалар атүгүл өнүгүп келаткан өлкөлөрдө да колдонулуп, Жахабанын Күбөсү эмес бейтаптардын да колдоосуна ээ болууда.

a See Transfusion and Apheresis Science, Volume 33, No. 3, p. 349.

b See The Journal of Thoracic and Cardiovascular Surgery, Volume 134, No. 2, pp. 287-288; Texas Heart Institute Journal, Volume 38, No. 5, p. 563; Basics of Blood Management, p. 2; and Continuing Education in Anaesthesia, Critical Care & Pain, Volume 4, No. 2, p. 39.

c See The Journal of Thoracic and Cardiovascular Surgery, Volume 89, No. 6, p. 918; and Heart, Lung and Circulation, Volume 19, p. 658.

d Continuing Education in Anaesthesia, Critical Care & Pain, Volume 4, No. 2, page 39.