Мазмунун көрсөтүү

Нефилимдер деген кимдер болгон?

Нефилимдер деген кимдер болгон?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Нефилимдер Нух пайгамбардын күндөрүндөгү Кудайга баш ийбеген периштелер менен аялдардан төрөлгөн ырайымсыз, алп кишилер болгон a.

 Ыйык Китепте: «Чыныгы Кудайдын уулдары... кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты»,— деп айтылган (Башталыш 6:2). Кудайдын ошол уулдары, чынында, Кудайга каршы чыгып, асмандагы жайын «калтырып кеткен периштелер» болгон. Алар адам кейпин кийип жерге келип, өздөрү тандаган кыздарды «аялдыкка алышкан» (Жүйүт 6; Башталыш 6:2).

 Периштелер менен аялдардын ортосунан адаттан тыш балдар төрөлгөн (Башталыш 6:4). Мыкаачы, ырайымсыз нефилимдер жерди зордук-зомбулукка толтуруп жиберишкен (Башталыш 6:13). Ыйык Китепте алардын «байыркы убактагы күчтүү, атагы чыккан кишилер болушканы» айтылат (Башталыш 6:4). Ооба, алар тарыхта зордук-зомбулукчул, башкалардын жүрөгүнүн үшүн алган кишилер катары белгилүү болуп калышкан (Башталыш 6:5; Сандар 13:33) b.

Нефилимдер тууралуу жаңылыш түшүнүк

 Жаңылыш түшүнүк. Бүгүн деле жерде нефилимдер жашайт.

 Чындык. Жахаба Кудай байыркы дүйнөнү Топон суу менен жок кылган. Ошондо ыймансыз адамдар менен кошо нефилимдер да жок болгон. Кудайдын ырайымына ээ болгон Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү гана тирүү калган (Башталыш 6:9; 7:12, 13, 23; 2 Петир 2:5).

 Жаңылыш түшүнүк. Нефилимдердин аталары кадимки эле адамдар болгон.

 Чындык. Алардын аталары «Кудайдын уулдары» деп аталган (Башталыш 6:2). Ыйык Китепте бул сөз периштелерге карата колдонулат (Аюп 1:6; 2:1; 38:7). Периштелер ал кезде адам кейпин кие алышчу (Башталыш 19:1—5; Жашыя 5:13—15). Элчи Петир «Нухтун күндөрүндө кеме курулуп жатканда, Кудай чыдамдуулук менен күткөн» «түрмөдөгү рухтар» тууралуу жазган (1 Петир 3:19, 20). Ошол эле жагдай тууралуу жазып жатканда Жүйүт айрым периштелердин «баштапкы абалын сактабай, өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып кеткенин» айткан (Жүйүт 6).

 Жаңылыш түшүнүк. Нефилимдер күнөө кетирген периштелер болгон.

 Чындык. Башталыш 6:4түн контекстинен нефилимдердин периштелер эмес, периштелер менен аялдардын ортосунан төрөлгөн адаттан тыш балдар болушканын билүүгө болот. Периштелер өздөрү тандаган кыздарды аялдыкка ала баштаганда, Жахаба ыймансыз адамдарды 120 жылдан кийин жок кыларын айткан (Башталыш 6:1—3). Ал билдирүүдө «ошол кезде» адам кейпин кийген периштелердин «адамдардын кыздарына жакындап, алардан балдар төрөлгөнү» жана ал балдар «байыркы убактагы күчтүү... кишилер болушканы» баяндалат (Башталыш 6:4).

a «Нефилимдер» деп которулган еврей тилиндеги сөздүн мааниси «башкаларды кулаткандар» дегенди билдирет. Бир эмгекте бул сөз «башкаларга зордук-зомбулук көрсөткөн, талап-тоногон жана аларды кулаткан» кишилерге карата колдонулары жазылган («Wilson’s Old Testament Word Studies»).

b Сандар 13:33тө айтылган чалгынчылар Канаан жериндеги алп кишилерди көргөндө, сыягы, кылымдар мурун өлүп жок болгон нефилимдерди эстешкен көрүнөт (Башталыш 7:21—23).