Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ФРЕДЕРИК ДЮМОЛИН

«Жараткандын бар экенине ынандым»

«Жараткандын бар экенине ынандым»

Фредерик Дюмолин он жылдан бери Белгиядагы Гент университетинин дарыларды изилдөө тармагында эмгектенип келатат. Ал мурда Кудайга ишенчү эмес. Бирок кийин Жараткандын бар экенине ынанган. «Ойгонгула!» журналы ага кандайча Жахабанын Күбөсү болгонуна, жумушуна, ишенимине байланыштуу бир нече суроо узатты.

Балачагыңызда дин жөнүндө ойлончу белеңиз?

Ооба. Апам католик болчу. Бирок мен христиандардын мусулмандарга каршы жүргүзгөн согуштары, рим-католик чиркөөлөрүнүн көз карашы алардыкынан айырмаланган адамдарды куугунтуктап, кыйнап өлтүргөнү жөнүндөгү китептерди окуп алып, динден аябай иренжип, андан алыс эле болууну чечкем. Башка диндерден деле чеке жылытарлык эчтеке тапкан эмесмин. Динчил адамдардын бузулганын көрүп, Кудайдын бар экенине таптакыр ишенбей калгам. Ошондо 14 жаштарда болчумун. Ал эми мектептен эволюция теориясын окугандан кийин тиричилик табигый жол менен пайда болгон турбайбы деген тыянакка келгем.

Илимге кантип кызыга баштадыңыз эле?

7 жашымда микроскоп сатып беришкен. Ал менин эң жакшы көргөн оюнчугум болчу. Көп нерселерди, анын ичинде курт-кумурскаларды, көпөлөктөрдү микроскопко салып карай берчүмүн.

Тиричиликтин пайда болушуна эмнеден улам кызыга баштадыңыз эле?

22 жашымда Жахабанын Күбөсү болгон бир окумуштуу аялга жолугуп калдым. Аны менен сүйлөшүп жатып, аябай таң калдым, анткени ал бардыгын Кудай жараткан дегенге ишенчү экен. Аны оңой эле сөзгө жыгып, айткандарын төгүнгө чыгарам деп ойлогом. Бирок ал жүйөлүү далилдерди келтирип, суроолорума так жооп берди. Ошентип, Кудайга ишенген адамдар менен көбүрөөк сүйлөшкүм келе баштады.

Бир нече айдан кийин медицинаны жакшы билген дагы бир Жахабанын Күбөсүнө жолугуп калдым. Ал эмнелерге ишенерин түшүндүрүп берүүнү сунуштаганда, дароо макул болдум. Анткени адамдардын Кудайга эмне үчүн ишенерин билгим келчү. Ошол эле учурда аны адашып жүрөт деп ойлоп, «оң жолго» салгым келген.

 Ага адашып жүргөнүн далилдей алдыңызбы?

Жок. Ошол себептен тиричиликтин кантип пайда болгонун терең изилдей баштадым. Эң эле жөнөкөй клеткалардын түзүлүшү ушунчалык татаал болгондуктан, кээ бир аттуу-баштуу окумуштуулардын клеткалар жерде пайда болгон эмес деп эсептээрин билгенде аябай таң калгам. Клеткалар космостон түшкөн деген окумуштуулар да бар экен. Айтор, тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу талаш-тартыштар көп экенин билдим.

Окумуштуулардын ою кайсы бир жактан төп келет бекен?

Кызыктуусу, табигый процесстердин натыйжасында жансыз нерседен кандайдыр бир жол менен тирүү жан пайда болгон деген жыйынтыкка келген окумуштуулар аз эмес. Ошондуктан: «Эгер алар бардык нерселердин кандайча өзүнөн өзү эле жаралып калганын так далилдей албаса, анда кантип тиричилик өзүнөн өзү жаралган деп ишенимдүү түрдө айтып жатышат?» — деп ойлоно баштагам. Анан бул туурасында Ыйык Китепте эмне делгенин изилдеп көрөйүн дедим.

Анан кандай жыйынтыкка келдиңиз?

Ыйык Китепти канчалык терең изилдеген сайын, анын ишенүүгө татыктуу экенине ошончолук ынана бердим. Мисалы, ааламдын башталышы болгонун окумуштуулар жакында эле ачышты. Ал эми Ыйык Китепте 3500 жылдай мурун эле: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп жазылган1. Бара-бара Ыйык Китептеги илимге байланыштуу бардык билдирүүлөрдүн так экенине көзүм жетти.

Ыйык Китептеги илимге байланыштуу бардык билдирүүлөрдүн так экенине көзүм жетти

Илимий изилдөөчү болгонуңуз Кудайга ишенүүгө тоскоолдук кылган жокпу?

Түк да. Кудайга ишене баштаган учурда университетте окуп жатканыма 3 жыл болуп калган. Илим тармагында бүгүнкүгө чейин эмгектенип келем. Тирүү организмдерди терең изилдеген сайын Жараткандын бар экенине ого бетер ынана берем.

Бир мисал келтире аласызбы?

Албетте. Мен дарылардын, уулуу заттардын организмге тийгизген таасирин изилдегем. Мени баарынан да мээнин ар кандай зыяндуу заттардан, бактериялардан коргоно алгыдай жаратылганы таң калтырган. Көрсө, мээде мээнин клеткаларын кандан бөлүп турган тосмо бар экен.

Мунун эмнеси таң калтырды?

100 жылдан ашуун убакыт мурун окумуштуулар кан тамырларга кирген заттардын баары денедеги клеткаларга кирерин, бирок мээ менен жүлүндүн клеткаларына кире албай турганын аныкташкан. Буга таң калбай койбойсуң, анткени мээнин ичи-тышын каптаган сансыз ичке кан тамырлар аркылуу кан мээнин ар бир клеткасына жеткирилет. Кан мээнин ар бир клеткасын тазалап, азыктандырып, кычкылтек менен каныктырып турат. Анда кандагы ар кандай заттар кандайча мээнин клеткаларына сиңип кетпейт? Бул көп жыл бою сыр болуп келген.

Тосмо кандайча иштейт?

Организмдеги майда кан тамырлар сырттан эчтеке киргизбеген, ичтен да эчтеке чыгарбаган кадимки желим түтүктөй эмес. Кан тамырлар клеткалардан куралат. Ал клеткалар жана алардын бириккен жерлери аркылуу ар кандай заттар, микробдор кирип-чыгып турат. Бирок мээнин кан тамырларын түзгөн клеткалар таптакыр башкача келет. Алар бири-бирине өтө жакын жайгашкан. Алардын түзүлүшү, жыш жайгашканы суктандырбай койбойт. Ар кандай татаал механизмдер кычкылтек, көмүр кычкыл газы, көмүртек, глюкоза сыяктуу ар кандай заттардын кан тамырлардан мээге белгилүү бир тартипте өтүп турушун жөнгө салып турат. Бирок башка бирикмелер, белоктор жана клеткалар тосмодон өтпөй калат. Демек, мээдеги тосмо молекулярдык деңгээлде физикалык, электрдик жана химиялык чыпкаларды жаратып, аларды жөндөп турат. Менимче, мындай нерсенин өзүнөн өзү өрчүшү мүмкүн эмес.