Мазмунун көрсөтүү

Иса пайгамбар жөн эле жакшы киши болгонбу?

Иса пайгамбар жөн эле жакшы киши болгонбу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбар жөн гана жакшы киши болгон эмес. Бүткүл адамзаттын тарыхына Иса пайгамбарчалык таасир эткен эч ким болгон эмес. Ал жөнүндө белгилүү тарыхчылар менен жазуучулар эмне деп жазганына көңүл бурсаңар:

 «Назареттик Исанын... тарыхтагы эң белгилүү адам болгонуна шек жок» (Герберт Уэллс, англис тарыхчысы).

 «Биздин планетада жашаган адамдардын ичинен Исанын жашоосун эң таасирдүү десе болот. Анын таасири убакыттын өтүшү менен басаңдабастан, кайра, барган сайын күч алууда» (Кеннет Латуретт, америкалык тарыхчы жана жазуучу).

 Ыйык Китепте Иса пайгамбардын адамзатка, тарыхтагы жакшы иштери менен белгилүү болгон адамдардын кайсынысынан болбосун, көбүрөөк таасир эткенинин себеби түшүндүрүлөт. Бир жолу Иса пайгамбар шакирттеринен аны ким деп эсептешерин сураганда, алардын бири ага: «Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң»,— деп жооп берген (Матай 16:16).