Мазмунун көрсөтүү

Боорукер самариялык кишидей болуу деген эмнени билдирет?

Боорукер самариялык кишидей болуу деген эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

«Боорукер самариялык киши» деген сөздөр көбүнчө жардамга муктаж бирөөгө көмөк көрсөткөн кишиге карата айтылат. Бул сөз айкашы Иса пайгамбар айтып берген мисалдан алынган. Иса бул мисалды улутуна, тек-жайына карабай боорукердик менен жардамга келген киши биздин жакыныбыз боло аларын көрсөтүш үчүн айтып берген.

Бул макалада төмөнкү суроолорго жооп алабыз:

 Боорукер самариялык киши тууралуу мисал эмне жөнүндө?

Иса айтып берген мисалдын кыскача мазмуну мындай: бир жүйүт киши Иерусалимден Жерихо деген шаарга бараткан болот. Жолдон ага каракчылар кол салып, тоноп, сабап, чала жан кылып таштап кетишет.

Ошол жолдон адегенде дин кызматчы өтөт. Кийинчерээк башка диний жетекчи өтөт. Экөө тең көрмөксөн болуп кетип калышат. Алар жабыр тарткан кишидей эле жүйүт болушса да, токтоп ага жардам беришкен эмес.

Аягында ошол жол менен башка улуттагы киши кетип бараткан болот. Ал самариялык болчу (Лука 10:33; 17:16—18). Жабыр тарткан жүйүткө ушунчалык боору ачыгандыктан, ал анын жарааттарын таңат. Анан аны мейманканага жеткирет. Ага ошол түнү жардам көрсөтүлүшүнө кам көрөт. Эртеси күнү мейманкананын ээсине акча төлөп берет. Анан дагы чыгым болсо, аны да төлөп берерин айтат (Лука 10:30—35).

 Иса бул мисалды эмне үчүн айткан?

Иса бул мисалды улуту жана туткан дини бир болгондорду гана жакындарыбыз деп эсептесек болот деп ойлогон кишиге айтып берген. Иса ал кишинин маанилүү бир нерсени түшүнүшүн каалаган. Тагыраак айтканда, жүйүт элинен болгондорду эле «жакындары» катары эсептебей, көз карашын кеңейтишин каалаган (Лука 10:36, 37). Бул мисал Ыйык Китепке Кудайга жаккысы келгендердин баары ушул маанилүү нерсени түшүнүшү үчүн жазылган (2 Тиметей 3:16, 17).

 Бул мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз?

Бул мисалдан боорукердикти иш жүзүндө көрсөткөн киши жакыныбыз болорун билсек болот. Ал кыйналып жаткан кишинин, тек-жайы, расасы же улуту кандай болбосун, эмнеге муктаж экенин туя билип, ошого жараша иш кылат. Ошондой эле ал башкалардын өзүнө кандай мамиле кылышын кааласа, аларга да так ошондой мамиле кылат (Матай 7:12).

 Самариялыктар кимдер болгон?

Самариялыктар Жүйүт жеринин түндүгүндө жашашчу. Алар жүйүттөр менен башка улуттагылардын ортосунан келип чыккан эл болгон.

Б. з. 1-кылымына дейре самариялыктардын өзүнүн дини пайда болгон. Алар Еврей Жазмаларынын алгачкы беш китебин ыйык тутушчу. Бирок калган китептерин Кудайдан деп кабыл алышчу эмес.

Иса пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн жүйүттөр самариялыктардан жийиркенип, алар менен мамилелешкенден кача турган (Жакан 4:9). Керек болсо айрым жүйүттөр «самариялык» деген сөздү басынткан сөз катары колдонушчу (Жакан 8:48).

 Ушундай окуя чынында эле болгонбу?

Ыйык Китепте бул окуянын чынында болгону айтылбайт. Бирок Иса элди окутуп жатканда аларга тааныш нерселер, жерлер жөнүндө сөз кылчу. Ошон үчүн эл анын эмнени айткысы келип жатканын дароо эле түшүнө турган.

Бул мисалда кеп кылынган жерлер, жагдайлар тарыхый жактан так. Мисалы:

  • Иерусалимден Жерихого барыш үчүн 20 чакырымдан ашык жерди басып өтүш керек болгон. Жерихо Иерусалимден 1 чакырымга төмөнүрөөк деңгээлде жайгашкан. Иса айткан мисалда жолоочулардын «Иерусалимден Жерихого түшүп келатканы» айтылган. Бул мисалдагы майда-барат маалыматтын канчалык так экенин көрсөтүп турат (Лука 10:30).

  • Жериходо жашаган дин кызматчылар жана лебилер (башка диний жетекчилер) Иерусалимге ошол жол менен барышчу.

  • Ал жолдо талап-тоноочулар көп боло турган. Алар жолоочуларга, айрыкча, жалгыз бараткан бирөөлөргө кол салып, тоноп кетишчү.