Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БАКЫТТЫН ЖОЛУ

Ыраазы болуу жана берешендик

Ыраазы болуу жана берешендик

«ДҮНҮЙӨ-МҮЛКҮҢ ЖАНА АКЧАҢ БОЛСО, БАКТЫЛУУ, ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛОСУҢ»,— ДЕГЕН СӨЗДӨРДҮ КӨП УГАСЫҢАРБЫ? Миллиондогон адамдар ушинтип ойлогондуктан көп акча табыш үчүн керээли-кечке кара жанын карч уруп иштешет. Бирок акча, мүлк тартуулаган бакыт канчага созулат? Далилдер эмнени көрсөтүп турат?

Бакыт туурасындагы бир журналда негизги муктаждыктар канааттандырылгандан кийинки кошумча киреше адамды көп деле кубантпай турганы жазылган («Journal of Happiness Studies»). Албетте, кеп акчанын өзүндө эмес. Бир журналда акчаны эңсөө бактысыздыкка алып барары айтылган («Monitor on Psychology»). Бул мындан 2000 жылдай мурун жазылган Ыйык Китептеги сөздөрдүн калетсиз экенин ырастап турат. Анда: «Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры. Кээ бирөөлөр акчаны сүйүп,.. көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашты»,— делет (1 Тиметей 6:9, 10). Бул жерде айтылган «азаптарга» эмнелер кириши мүмкүн?

БАЙЛЫГЫН УУРДАТЫП АЛБАЙЫН ДЕП ТЫНЧСЫЗДАНЫШАТ, УЙКУСУ КАЧАТ. «Көп жейби, аз жейби, мээнет кылгандын уйкусу таттуу болот, ал эми байдын молчулугу өзүнө уйку бербейт» (Насаатчы 5:12).

БАЙЛЫК БАКЫТ АЛЫП КЕЛБЕСИН КӨРГӨНДӨ КӨҢҮЛ КАЙТ БОЛУШАТ. Себеби акчага болгон каалоо эч качан канааттандырылбайт. «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт» (Насаатчы 5:10). Андан сырткары, акчага жутунгандар бактылуу болушуна шарт түзө турган маанилүү нерселерди, мисалы, үй-бүлөсү, достору менен чогуу убакыт өткөрүүнү жана Кудайга сыйынууга байланышкан иштерди экинчи орунга жылдырып коюшат.

АЙЛАНТУУГА ЖУМШАГАН АКЧАСЫ КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛБЕСЕ ЖЕ КҮЙҮП КЕТСЕ, КАЙГЫРЫШАТ. Ыйык Китепте: «Байлык топтойм деп, түйшүк тартпа. Өз түшүнүгүңө таянба. Жок болуп кете турган байлыкты эмнеге телмире карайсың? Ал бүркүттүкүндөй канат жасап алып, асманга учуп кетет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 23:4, 5).

БАКТЫЛУУ БОЛУУГА ӨБӨЛГӨ ТҮЗГӨН САПАТТАР

ЫРААЗЫ БОЛУУ. «Биз дүйнөгө эч нерсе алып келген эмеспиз, андан эч нерсе да алып кете албайбыз. Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу» (1 Тиметей 6:7, 8). Баарына топук кылгандар наалып, нааразы боло бербейт. Бул аларды башкаларга көз арткандан сактайт. Чөнтөгүнө карап иш кылгандыктан ашыкча тынчсыздануудан, стресстен алыс болушат.

БЕРЕШЕНДИК. «Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35). Берешен киши башкаларга кубаныч тартуулагандыктан өзүн бактылуу сезет. Атүгүл аларга аз эле убактысын, күчүн арнай алса да, ошондон кубаныч алат. Адатта алар акчага сатып ала албай турган нерселерге: башкалардын сүйүүсүнө, урмат-сыйына жана жакшылыгын унутпаган берешен досторго ээ болушат (Лука 6:38).

АДАМДЫ МАТЕРИАЛДЫК НЕРСЕЛЕРДЕН ЖОГОРУ КОЮУ. «Жек көрүү бар жерде семиз өгүздүн этин жегенден көрө, сүйүү бар жерде жашылча тамак жеген артык» (Накыл сөздөр 15:17). Бул аятта кандай ой камтылган? Башкалар менен болгон ынак мамиле байлыктан алда канча баалуу. Ошондой эле, кийинки макалалардын биринен биле турганыбыздай, сүйүү бактылуу болушубуз үчүн абдан зарыл.

Түштүк Америкада жашаган Сабина Ыйык Китептеги принциптердин баа жеткис экенине ынанган. Күйөөсү таштап кеткенден кийин, ага өзүн жана эки кызын багуу кыйын болгон. Эки жумушта иштегендиктен Сабина күн сайын таңкы 4тө турчу. Бүт күчүн соргон ошондой күн тартипке карабай ал Ыйык Китепти изилдөөнү чечкен. Натыйжасы кандай болгон?

Албетте, анын турмушу жакшырып деле кеткен эмес. Бирок жашоого болгон көз карашы түп-тамыры менен өзгөргөн. Алсак, рухий муктаждыгы канааттандырылгандыктан, өзүн бактылуу сезип калган (Матай 5:3). Ишенимдештеринин арасынан чыныгы досторду тапкан. Билгендерин башкалар менен бөлүшүүнүн аркасында зор кубаныч алган.

Ыйык Китепте: «Акылмандуулук өз иштери менен акталат»,— деп айтылган (Матай 11:19, «Үмүт нуру»). Ошондуктан ыраазы болгонубуз, берешендик көрсөткөнүбүз жана адамдарды материалдык нерселерден жогору койгонубуз толугу менен акталат.