Мазмунун көрсөтүү

Бай киши менен Лазар ким болгон?

Бай киши менен Лазар ким болгон?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса аңгемелеринин биринде бай киши менен Лазар жөнүндө айтып берген (Лука 16:19—31). Ал кишилер адамдардын эки тобун билдирет: 1) Исанын күндөрүндөгү текебер жүйүт диний жетекчилер; 2) Иса айткан кабарга кулак каккан ак ниет, карапайым адамдар.

Бул макалада:

 Исанын бай киши жана Лазар жөнүндөгү аңгемеси эмне жөнүндө эле?

 Лука 16-бөлүмдө Иса жагдайы түп тамыры менен өзгөргөн эки киши жөнүндө сөз кылган.

 Кыскача айтканда ал аңгемеде бул жөнүндө айтылган: майкөл-сүткөл жашоо өткөргөн бир бай киши болгон. Анын дарбазасынын жанына Лазар деген кайырчыны алып келишчү. Ал бай кишинин үстөлүнөн түшкөн тамак-аштын калдыктарына зар болор эле. Бир күнү Лазар өлөт да, периштелер аны Ыбрайымдын жанына алып барышат. Бай да өлүп, мүрзөгө коюлат. Аңгемеде эки киши тең өлгөндөн кийин тирүү жүргөндөй сүрөттөлгөн. Жалындап күйгөн оттон кыйналган бай киши Ыбрайымдан, Лазар манжасынын учун сууга малып, анын тилине тийгизиш үчүн, аны жиберишин суранат. Бирок Ыбрайым ал бай кишинин суранычын орундатпайт. Ыбрайым ага эми алардын жагдайы таптакыр өзгөргөнүн, алардын ортосунда чоң түпсүздүк бар экенин жана тиги тараптан бул тарапка эч ким өтө албай турганын айтат.

 Ал чынында эле болгон окуя беле?

 Жок. Иса бул аңгемени угуучуларын маанилүү бир нерсеге үйрөтүш үчүн айткан. Бул чынында эле аңгеме болгонун окумуштуулар да четке какпайт. Мисалы, 1912-жылы басылып чыккан Лютердин Ыйык Китебинин тилке аталышында анын аңгеме экени айтылган. Ошондой эле католиктердин «Иерусалим Ыйык Китебиндеги» Иса айткан аңгемеге берилген шилтемеде: «Окуя түрүндө айтылган бул аңгемедеги адамдар — ойдон чыгарылган адамдар»,— деп айтылган.

 Иса өлгөндөн кийин жашоо бар дегенге окуткусу келгенби? Ал айрым кишилер өлгөндөн кийин тозок отунда кыйналат жана учурда Ыбрайым менен Лазар асманда деп айткысы келгенби? Айрым фактылар мындай эмес экенин тастыктап турат.

 Маселен:

  •   Эгер бай киши сөздүн түз маанисинде тозок отунда күйүп жаткан болсо, Лазардын манжасынын учундагы суу бууланып, жок болуп кетмек да, чынбы?

  •   Ал суу бууланып кетпеген күндө да, бир тамчы суу жалындап күйгөн оттон кыйналып жаткан байдын азабын азайтат беле?

  •   Исанын өзүнүн айткандарына ылайык, ал жерге келгенге чейин бир да киши асманга барган эмес. Анда Ыбрайым кандайча асманда тирүү жүрмөк эле?

 Бул аңгеме тозок оту жөнүндөгү окууну колдойбу?

 Жок. Бул ойдон чыгарылган окуя болсо да, ал айрымдар жакшы адамдар асманга барат, жаман адамдар болсо, тозок отунда кыйналат деген ойду камтыйт деп эсептешет a.

 Ушундай жыйынтыкка келүү акылга сыярлыкпы? Жок.

 Себеби тозок оту жөнүндөгү окуу Ыйык Китептеги өлгөндөрдүн абалы жөнүндө айтылгандарга карама-каршы келет. Алсак, Кудайдын Сөзүндө жакшы адамдардын баары өлгөндөн кийин асманга барып, бактылуу жашайт же жаман адамдар тозок отунда кыйналат деп айтылбайт. Анын ордуна, анда: «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп ачык эле жазылат (Насаатчы 9:5).

 Бай киши жана Лазар жөнүндөгү аңгеменин анык мааниси кандай?

 Ал аңгемеде эки топту билдирген адамдардын жагдайы түп-тамыры менен өзгөрөрү баса белгиленген.

 Бай киши, сыягы, «акчаны жакшы көргөн» жүйүт диний жетекчилерин билдирген (Лука 16:14). Алар Исанын айткан кабарына каршы чыккан. Андан тышкары, ал диний жетекчилер карапайым адамдарды киши катары эсептебей, аларга жаман мамиле кылышкан (Жакан 7:49).

 Лазар болсо Исанын кабарына кулак төшөгөн жана жүйүт диний жетекчилери басынтып келген карапайым элди билдирген.

 Эки топтун тең жагдайы түп-тамыры менен өзгөргөн.

  •   Жүйүт диний жетекчилери өздөрүн Кудайга жагабыз деп ойлошкон. Бирок Иса айткан кабарды кабыл албай койгондуктан, Кудай аларды да, сыйынуусун да четке каккан. Ошондо алар, мындайча айтканда, өлүшкөн. Ал эми Исанын жана анын жолдоочуларынын кабары алардын кыйналышына себеп болгон (Матай 23:29, 30; Элчилер 5:29—33).

  •   Карапайым адамдар — диний жетекчилердин айынан көп убакыт бою Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар — акыры, ал жөнүндө көбүрөөк билгенге, ага жакындаганга мүмкүнчүлүк алышкан. Алардын көбү Исанын айткандарын кабыл алып, жашоосун жакшы жакка өзгөрткөн. Ошонун аркасында аларга Кудайдын ырайымына ээ болгонго жана түбөлүк өмүр сүргөнгө жол ачылган (Жакан 17:3).

a Ыйык Китептин айрым котормолорунда, алсак, «Синодалдык котормодо», бай кишинин өлгөндөн кийин каякка барганын сүрөттөш үчүн «тозок» деген сөз колдонулган. Бирок түп нускада Лука 16:23тө «адис» деген грек сөзү турат. Бул тек гана адамзаттын жалпы мүрзөсү дегенди билдирет.