Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңар өмүрүн кыйгысы келсе...

Балаңар өмүрүн кыйгысы келсе...

 Акыркы жылдары айрым өлкөлөрдө өмүрүн кыйган өспүрүмдөрдүн саны кескин өстү. Эмне үчүн ушундай болуп жатат? Силердин балаңар да суицид жөнүндө ойлонуп жүргөн жокпу?

Бул макалада:

 Балдардын өз өмүрүн кыйып жатканы эмне үчүн ата-энелерди ойлондурушу керек?

 Кошмо Штаттарда 2009—2019-жылдар аралыгында депрессиянын белгилери байкалган өспүрүмдөрдүн саны 40 пайызга көбөйгөн. Алар, негизинен, жогорку класста окугандар болгон. Ошол учурда суицидге баргандардын да саны өскөн. Мындай көйгөй Кыргызстанда да бар. Суицид — өспүрүмдөр арасындагы өлүмдүн негизги себептеринин бири a.

 «Азыркы муундун жаштары болуп көрбөгөндөй оор кыйынчылыктарга туш болуп жатышат... Бул алардын акыл-эс саламаттыгына чоң залакасын тийгизүүдө» (Вивек Х. Мөрзи, Кошмо Штаттардагы башкы хирург).

 Ыйык Китептеги принцип: «Жараланган рух сөөктү кургатат (Накыл сөздөр 17:22).

 Балаңар өмүрүн кыйгысы келип жатканын кантип билсеңер болот?

 Төмөнкү нерселерге көңүл бургула:

  •   Башынан өткөндөрү. Балаңар башынан кандайдыр бир кыйынчылыктарды өткөрүп жатабы? Балким, ал өзүн четке кагылгандай сезип жаткандыр, жактырып жүргөн бирөө менен мамилеси үзүлгөндүр, өзүн эч нерсеге жараксыз сезип жаткандыр же жакын бирөөсүнөн айрылгандыр. Эгер ошондой болсо, ушул нерселер ага силер ойлогондон да күчтүү таасир этиши мүмкүнбү?

  •   Жүрүм-туруму. Балаңар досторунан же үйдөгүлөрдөн алыстап калган жокпу? Же өзү жакшы көргөн нерселерге мурункудай кызыкпай калдыбы? Жакшы көргөн буюмдарын башкаларга таратып жаткан жокпу?

  •   Сөздөрү. Балаңар өлүм жөнүндө сөз кылып калып жатабы? «Мен жок болсом, жакшы болмок»,— деген сыяктуу сөздөрдү айтпайбы? Же: «Мен силерге жүк болгум келбейт»,— дебейби?

     Албетте, ал кээде «ойлонбой сүйлөп» алышы деле мүмкүн (Аюп 6:3). Бирок кээ бир сөздөрү жардам сураган чыңырыгы болушу ыктымал. Ошондуктан балаңар өлгүсү келип жатканын айтса, буга көз жумбагыла.

 Эгер балаңар өмүрүн кыйгысы келгени жөнүндө ойлонгонун айтса: «Муну качан жана кантип кыларың жөнүндө ойлондуң беле?» — деп сурап көргүлө. Анын жообу жагдайдын канчалык олуттуу экенин айкын кылат.

 «Биз, ата-энелер, балдарыбыз эмне деп жооп берип жиберет деп корккондуктан суроо бергибиз келбейт. Эгер алардын сөздөрү жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерин айкын кылып жатса, анда биз муну билгенибиз маанилүү» (Сандра).

 Ыйык Китептеги принцип: «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, кыраакы киши аларды сузуп алат» (Накыл сөздөр 20:5).

 Эгер балаңар суицид жөнүндө ойлонуп жүрсө...

  •   Чыдамдуулук менен жүрөгүндөгүсүн сузуп алгыла. Башында баарын ачык айтып берип жатканы үчүн мактагыла. Анан минтсеңер болот: «Балам, сенин жан дүйнөңдө эмнелер болуп жатканын түшүнгүм келет. Акыркы маалда жашооңдо эмнелер болуп жатат? Ичиңдеги ой-санааңды айтып берчи».

     Анан сөзүн бөлбөй уккула. «Болбогон эле нерсеге ушинте бересиңби?» — дебегиле. Же болбосо дароо эле «мындай кыл же тигиндей кыл» дебегениңер жакшы.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19).

  •   Тийиштүү иш-аракет кылгыла. Балаңарды төмөнкү нерселерди аныктаганга жана аларды жазганга үндөгүлө:

     Алгачкы белгилер. Көбүнчө кандай жагдайлар же ойлор аны суицидге түртөт?

     Жардам бере турган нерселер. Стрессти азайтканга жана суицид жөнүндө ойлонбогонго эмнелер жакшы жардам берет?

     Жөлөк-таяк боло тургандар. Балаңар жардамга муктаж болгондо кайрылчу бирөөлөр барбы? Бул тизмеге силер, балаңар ишенген жетилген бирөө жарым, психология жаатындагы адис, өмүрүмдү кыйсамбы деп жүргөндөргө жардам берген уюмдар кириши мүмкүн.

    Тийиштүү иш-аракет кылгыла

     Ыйык Китептеги принцип: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).

  •   Сак тургула. Балаңар эмоциялык жактан сакайып келаткандай сезилсе да, андан көзүңөрдү албагыла.

     «Уулум суицид жөнүндө ойлонбой калганын айтканда, ырас, баары артта калды окшойт деп ойлогом. Бирок катуу жаңылыптырмын. Жашоодо өйдө-ылдый болгондо кишиге өмүрүмдү кыйсамбы деген ойлор келе берет экен» (Дэниел).

     Жеткинчек балаңарга сезимдер тууралуу бир маанилүү чындыкты аңдаганга жардам бергиле. Тагыраак айтканда, сезим бул өтүп кетчү убактылуу нерсе экенин түшүндүргүлө. «Ал аба ырайына окшош»,— делет бир китепте. «Жамгыр жаап жатканда, жааган жок деп эч ким тана албайт. Төгүп жаткан жаандын астында туруп алып жаан жаабагандай эле иш-аракет кылып жатсак, акылсыздай көрүнмөкпүз. Бирок күн кайра эч качан чыкпайт десек, андан бетер акылсыздык кылган болмокпуз» («The Whole-Brain Child»).

  •   Ынандырып тургула. Балаңарга аны жакшы көрөрүңөрдү, жөлөп-таяганга даяр экениңерди айткыла. Ага: «Сага ушул кыйынчылыктан чыгып кеткенге жардам бериш үчүн колуман келгендин баарын кылам»,— десеңер болот.

     Ыйык Китептеги принцип: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

a Депрессия менен ооругандардын көбү суицидге барбайт. Анткен менен өмүрүн кыйгандардын көбү — депрессия менен алпурушуп жүргөндөр.