Мазмунун көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

«Жахабага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт»

«Жахабага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт»

 

Кагырап-какшыган, аскалуу коктуда ылдый жакка көз чаптырып, тегерек-четти акмалап пелиштилик аскерлер күзөттө турат. Зеригип турган аскерлердин көзүнө бир маалда өрөөндүн аркы башында турган эки ысрайылдык киши чалдыгат. Кооптуу эч нерсе жок экенин көргөн аскерлер беймарал турушат. Пелиштиликтер узак убакыттан бери ысрайылдыктарды эзип келишкен. Ал тургай, ысрайылдыктар эмгек куралдарын курчутуш үчүн да касын тиккен пелиштиликтерге барганга аргасыз болушчу. Ысрайылдык жоокерлерде курал-жарак жок эле. Анын үстүнө, бул эки кишинин колунан эмне келмек эле? Мыкты куралданган күндө да пелиштиликтердин аскерине каршы турууга дарманы жетет беле? Ошондуктан күзөттө тургандар экөөнү мыскылдап: «Чыккыла бул жакка, биз силерге бирди көрсөтөбүз!» — деп кыйкырышат (1 Шемуел 13:19—23; 14:11, 12).

Чынында, ал эки ысрайылдык киши эмес, пелиштиликтер «бирди көргөнү» турган. Ошондо экөө өрөөндүн тиги башынан берки башына чуркап келип, урчуктуу, тик аскага тырмышып чыга башташат (1 Шемуел 14:13). Алар жакындаганда, пелиштиликтер алдыда келаткан кишинин куралы бар экенин, артындагысы анын курал көтөрүүчүсү экенин байкашат. Бул киши жанына бир кишини ээрчитип алып, бүтүндөй аскер кошууну менен согушканы жатабы? Акылы ордундабы?

Анын акыл-эси ордунда эле болчу. Ал Кудайга бекем ишенген Жонатан деген киши эле. Кудайга кызмат кылган бүгүнкү күндөгү адамдарга ал сонун үлгү калтырган. Биз согушка катышпасак да, эр жүрөк, берилгендик сактаган, жан аябас Жонатан тууралуу билдирүүдөн ишенимибизди бекемдей турган көп нерсени биле алабыз (Ышая 2:4; Матай 26:51, 52).

Атасын сыйлаган уул жана эр жүрөк жоокер

Жонатандын эмне себептен пелиштилик аскерлерге каршы чыкканын түшүнүш үчүн, алгач анын кандай адам болгонун билели. Ал Ысрайылдын биринчи падышасы Шабулдун тун уулу болгон. Шабул падыша болуп дайындалганда, Жонатан эр жетип, кыязы, жыйырмаларга чыгып же андан ашып калган. Жонатан атасына жакын болсо керек. Атасы да уулуна дайыма ишенген көрүнөт. Жонатан атасы жаңыдан падыша болгон маалдарда аны бою узун, келишимдүү жана эр жүрөк жоокер болгону үчүн эмес, Кудайга бекем ишенген, момун киши катары сыйлачу. Жонатан Жахаба Кудайдын Шабулду эмне үчүн падыша кылып тандаганын түшүнгөн чыгар. Атүгүл Шемуел пайгамбар да элдин арасында ага окшогон эч ким жок экенин айткан! (1 Шемуел 9:1, 2, 21; 10:20—24; 20:2).

Жонатан Жахабанын элинин душмандарына каршы атасынын жетеги алдында согушуп жатканына да сыймыктанса керек. Ал согуш бүгүнкү күндө болуп жаткан улуттар арасындагы согуштай эмес болчу. Ошол учурда Жахаба Кудай ысрайыл элин өзүнүн өкүлү катары тандап алган жана жалган кудайларга сыйынган элдер аларга дайыма кол салып турган. Пелиштиликтер Дагон деген сыяктуу жалган кудайларга сыйынышчу жана Жахабанын элине кордук көрсөтүп, атүгүл аларды тукум курут кылууну көздөгөн.

Жонатан сыяктуу кишилер үчүн андай элдер менен согушуу Жахаба Кудайга берилгендик көрсөтүүнү билдирген. Жахаба Жонатандын аракетине батасын берген. Шабул падыша болгонунан көп өтпөй уулун миң башы кылып дайындаган. Ошондо Жонатан аскерин Гебадагы пелиштиликтерге кол салууга жетектеп барган. Жоокерлери начар куралданган болсо да, Жонатан ошол күнү Жахабанын күчү менен жеңишке жеткен. Буга каары кайнаган пелиштиликтер согушканы каптап келген. Муну көргөндө Шабулдун көптөгөн жоокерлеринин үрөйү учкан. Айрымдары качып кетип, ар кайсы жерге жашынышкан, ал тургай пелиштиликтердин тарабына өтүп кеткендер да болгон. Бирок Жонатандын кайраты качкан эмес (1 Шемуел 13:2—7; 14:21).

Макаланын башында баяндалган окуяда Жонатан жанына курал көтөрүүчүсүн эле алып, эч кимге көрүнбөй чыгып кетет. Михмашта күзөттө турган пелиштиликтерге жакын келип калганда гана Жонатан курал көтөрүүчүсүнө оюндагысын айтат. Алар, пелиштилик жоокерлер байкашы үчүн, көрүнө жерге турушат. Эгер пелиштиликтер: «Биз жакка чыккыла!» — дешсе, бул Жахаба аларды колдойт деген белги болмок. Курал көтөрүүчүсү аны менен барууга макул болот. Сыягы, ага Жонатандын ишенимдүү түрдө: «Аз киши аркылуу куткарабы же көп киши аркылуубу, Жахабага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт»,— деп айтканы зор таасир эткен көрүнөт (1 Шемуел 14:6—10). Жонатандын бул сөздөрү эмнени билдирген?

Жонатандын Жахабаны жакшы билгени айкын. Ошондой эле байыркы учурда Жахабанын өз элине сан жагынан кыйла ашып түшкөн душмандарын жеңүүгө күч бергенин билгени шексиз. Айрым учурларда Кудай бир эле киши аркылуу элин жеңишке жеткирип койчу (Бийлер 3:31; 4:1—23; 16:23—30). Жонатан Кудайдын кызматчылары аскердин санынын көптүгүнөн, күчтүү болгонунан же курал-жарагынын мыктылыгынан эмес, ишеними күчтүү болгондуктан, душмандарын жеңе аларын билген. Ал Жахаба Кудайга бекем ишенгендиктен, курал көтөрүүчүсү экөө күзөтчүлөргө кол салышы керекпи, жокпу, Анын чечишине жол берген. Анан Жахабанын аларга кол салышын туура көрөр-көрбөсүн билдирген белги беришин күткөн. Жахаба туура көрөрүн билдирген белги бергенде, Жонатан тайманбастан алга жөнөгөн.

Жонатандын ишенимине байланыштуу эки нерсени карап көрөлү. Биринчиден, ал Жахаба Кудайга карата кастарлоо сезимин туйган. Жонатан Кудурети Чексиз Кудайдын ой-ниетинин ишке ашышы адамдын күчүнөн көз каранды болбосо да, Кудайдын ага берилгендерге батасын берүүдөн ыракат аларын билген (2 Жылнаама 16:9). Экинчиден, ишке киришерден мурун Жахабанын ошол ишти кылышын туура көрөр-көрбөсүн билгенге умтулган. Азыркы учурда биз эмнелерди кылганыбыз Кудайга жагар-жакпасын билиш үчүн табияттан тыш белгилерди күтпөйбүз. Бизде Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китеп бар болгондуктан, анын эрки кандай экенин толугу менен биле алабыз (2 Тиметей 3:16, 17). Маанилүү чечим чыгарарда Ыйык Китепте биздин жагдайга байланыштуу эмне делерин кылдат изилдейбизби? Эгер ошентсек, Жонатандай болуп, биринчи кезекте өзүбүздүн эмес, Кудайдын эрки аткарылышын каалаарыбызды көрсөтөбүз.

Ошентип, экөө — бир жоокер менен анын курал көтөрүүчүсү — тырмышып чыгып отуруп, күзөттө тургандарга бат эле жетип барышат. Пелиштиликтер аларга чабуул коюлганын түшүнгөндө, ал экөө менен согушууга кишилерин жөнөтүшөт. Пелиштиликтер сан жагынан эле көп болбостон, бийик жерде турушкан. Ошондуктан алар ал экөөнү оңой эле набыт кылып коё алышмак. Бирок Жонатан жоокерлерди биринин артынан бирин сулатып кете берет. Артындагы курал көтөрүүчүсү болсо, өлбөй калгандарын кырып барат. Эки киши кыска эле аралыкта 20 жоокерди жайлап салышат! Анан Жахаба кийлигишет. Ыйык Китепте: «Талаадагы кошуундагылардын, күзөт аскерлеринин баарынын жүрөгү түштү. Атүгүл жортуулга чыгып жүргөндөрүн да калтырак басты, жер да титирей баштады. Мунун баары Кудайдан болду»,— делет (1 Шемуел 14:15).

Жонатан менен курал көтөрүүчүсү душмандын аскер кошуунуна согушканы баратат

Алыстан Шабул менен анын кишилери пелиштиликтердин кошууну ызы-чуу болуп, дүрбөлөңгө түшүп жатканын байкашат. Барышса, пелиштиликтер бири-бирин кыра баштаптыр (1 Шемуел 14:16, 20). Ысрайылдыктар ошондо кайраттанып, пелиштиликтерди сая кууп жөнөшөт. Алар өлүп калган пелиштиликтердин куралын алышса керек. Ошол күнү Жахаба элин улуу жеңишке жеткирет. Ал ошондон бери эч өзгөргөн жок. Эгер биз да, Жахабага ишеним артсак, Жонатанга жана ысмы жазылбаган курал көтөрүүчүсүнө окшоп, чыгарган чечимибизге эч качан өкүнбөйбүз (Малаки 3:6; Римдиктер 10:11).

«Ага бул ишти кылганга Кудай жардам берди»

Бирок Шабул, Жонатандан айырмаланып, жеңишке жеткенден кийин олуттуу каталарды кетирет. Ал Жахабанын пайгамбары, Леби уруусунан чыккан Шемуел пайгамбар гана чалышы керек болгон курмандыкты чалып, баш ийбестик кылат. Шемуел пайгамбар келип, баш ийбестик көрсөткөнү үчүн Шабул падышалык бийлигинен ажырай турганын айтат. Андан кийин Шабул кишилерин салгылашка жөнөтөрдө акылсыздыкка жаткан мындай ант берип коёт: «Кеч киргенге чейин, душмандарымдан өчүмдү алганга чейин оозуна наар алган адам каргышка калсын!» (1 Шемуел 13:10—14; 14:24).

Шабулдун бул сөздөрү анын жүрөгү бузулуп баратканынан кабар берет. Кудайдан корккон, момун адам атак сүйгөн, өзүмчүл болуп баратабы? Анын үстүнө, Жахаба эч качан эр жүрөк, талыкпас жоокерлерине ушундай катуу чектөө коюлушун талап кылмак эмес. Шабулдун «душмандарымдан өчүмдү алганга чейин» деп айткандарына көңүл бурсаңар. Анын бул сөздөрүнөн согушту ал өзү жүргүзүп жатам деген ойдо болгону айкын көрүнүп турган жокпу? Бул согушту кек алууну жана душманга үстөмдүк кылууну көксөгөн Шабул өзү эмес, адилеттүү Кудай Жахаба жүргүзүп жатканын унутуп калганбы?

Жонатан атасынын акылсыздык кылып, ушундай ант берип койгону тууралуу эч нерсе билген эмес. Ал кандуу кармаштан алсырап, чарчап келет. Анан колундагы таягынын учун аарынын уюгундагы балга малып, оозуна салат да, дароо кубаттана түшкөнүн сезет. Ошондо кишилеринин бири Шабул элге оозуна наар алганга тыюу салып койгонун айтат. Бирок Жонатан: «Атам элди азапка салды. Карагылачы, мен бир аз бал жедим эле, көзүм ачыла түштү. Эгер эл бүгүн олжодон жеп, азыктанып алса, биз улуу жеңишке жетмекпиз. Эми болсо пелиштиликтерди толук талкалай албайбыз»,— деп жооп берет (1 Шемуел 14:25—30). Анын айтканында калет жок эле. Жонатан атасына арка-бел болуп, дайыма колдоп турчу, бирок анын айтканынан чыкпаган, өз башы менен ойлонбой эле, атасы кандай айтса, ошондой кыла берген киши болгон эмес.

Шабул Жонатандын тыюу салынган ишти кылганын билгенде да, акылсыздык кылып ушундай буйрук берип койгонун мойнуна албайт. Тескерисинче, кан-жанынан жаралган уулу өлүмгө кыйылышы керек деген оюнан кайтпай коёт. Жонатан атасы менен кайым айтышып же ырайым кылышын сурап жалдырабайт. Ал эмне деген дебейсиңерби? Жонатан керт башын ойлобой турганын көрсөтүп: «Эми мен өлүшүм керек»,— дейт. Бирок эл: «Ысрайылга улуу куткарылуу алып келген Жонатан өлөбү? Жок, ал өлбөшү керек! Жахаба тирүү, анын бир тал чачы да жерге түшпөйт, анткени бүгүн ага бул ишти кылганга Кудай жардам берди»,— деп айтат. Мунун натыйжасы кандай болот? Шабул алардын айтканына көнөт. Ыйык Китепте: «Ошентип, эл Жонатанды өлүмдөн алып калды»,— делет (1 Шемуел 14:43—45).

«Эми мен өлүшүм керек»

Жонатан эр жүрөк, күжүрмөн, жан аябас болгонунун аркасында жакшы атка ээ болгон. Бул аны өмүрү кылдын учунда турганда сактап калган. Биз да жакшы атка, жакшы абройго жеткенге күн сайын күч жумшаганыбыз абзел. Ыйык Китептен жакшы атка ээ болуу абдан маанилүү экенин билебиз (Насаатчы 7:1). Биз да, Жонатанга окшоп, Жахабанын алдында жакшы атка ээ болууга умтулсак, кенч сыяктуу баа жеткис абройго ээ болобуз.

Барган сайын ак жолдон четтей берет

Атасынын көп ката кетиргенине карабай, Жонатан бир канча жыл бою ага колдоо көрсөтүп, аны менен бирге душманга каршы согушуп келет. Ал атасынын баш ийбестиги, текебердиги өсүп баратканын көрүп, жүрөгү ооруйт. Барган сайын атасынын жүрөгү бузулуп, ак жолдон четтей берет. Жонатандын болсо аны токтотууга кудурети жетпейт.

Жахаба ыймансыздыкка белчесинен баткан жана Муса пайгамбардын күндөрүндө эле жок кылууга өкүм чыгарылган Амалыктын тукумдарына каршы аттанууга Шабулду дайындаганда, анын баш ийбестиги чегине жетет (Чыгуу 17:14). Жахаба Шабулга мал аттуунун баарын жана Амалыктын тукумдарынын падышасы Агакты өлтүрүшү керектигин айтат. Шабул, адаттагыдай эле, анын жетеги алдында тайманбастык менен кармашкан уулу Жонатандын колдоосу менен жеңишке жетет. Бирок Шабул айдан ачык баш ийбестикке жаткан иш кылып, Агакты, буюм-тайымдардын айрымдарын, малды жок кылбай коёт. Ошондо Шемуел пайгамбар Жахабанын Шабулга чыгарган акыркы өкүмүн жарыялап: «Сен Жахабанын сөзүн четке каккандыктан, падыша болбошуң үчүн, ал да сени четке какты»,— дейт (1 Шемуел 15:2, 3, 9, 10, 23).

Бул окуя Жахаба Шабулдан ыйык рухун алып салгандан көп өтпөй болгон. Мээримдүү Жахабанын коргоосунан айрылып калгандыктан, ага жаман рух таасир эте берчү. Жакшы рухтун ордуна Кудай жол берген жаман рух келгенде, анын маанайы өйдө-ылдый болуп, каары кайнап чыкчу жана коркунуч басып, аябай кыйналчу (1 Шемуел 16:14; 18:10—12). Бир кездерде жүрөгү таза, сонун киши болгон атасынын ушундай болуп баратканын көргөндө Жонатандын жүрөгү сыздаганы шексиз. Ошентсе да ал берилгендигинен жазбай, Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кыла берген. Ал атасына колунан келишинче колдоо көрсөткөн, ага ачык айтыш керек болгондо, ачык айткан. Эң негизгиси, өзгөрбөс Атасына, Жахаба Кудайга, бүт көңүлүн топтогон (1 Шемуел 19:4, 5).

Силер жакшы көргөн кимдир бирөөнүн, балким, ата-энеңердин же бир туугандарыңардын бири туура эмес жолго түшүп, барган сайын жаман болуп баратканына күбө болдуңар беле? Андайда жүрөгүңөр канап, катуу кайгырсаңар керек. Жонатандын үлгүсү Дөөтү пайгамбардын кийинчерээк: «Мени ата-энем таштап кетсе да, Жахаба кабыл алат»,— деп жазган сөздөрүн эске салат (Забур 27:10). Ооба, Жахаба берилгендигинен жазбайт. Жеткилең эмес адамдар жүрөгүңөрдү оорутушу же таштап кетиши мүмкүн, бирок мээримдүү, камкор Атабыз, Жахаба, силерди эч качан таштабайт.

Жонатан, сыягы, Жахабанын Шабулду падышалык бийликтен ажыратарын билген. Буга ал кандай жооп кайтарган? Жонатан кандай падыша болмоктугу жөнүндө ойлонду беле? Ал падыша болоруна үмүттөнүп, атасы кетирген каталарды кайталабай, Кудайга ишенимдүү, баш ийген падыша болмоктугун элестетти беле? Биз ага кандай ойлор келгенин билбейбиз, бирок мындай ойлордун эч бири ишке ашмак эместигин билебиз. Бул Жахабанын ал ишенимдүү пендесин таштап койгонун билдиреби? Жок, тескерисинче, Жахаба Жонатанды чыныгы достукка байланыштуу сонун үлгү калтыргандардын арасына кошуп, ал тууралуу Ыйык Китепке жаздырып койгон. Жонатан жөнүндөгү кийинки макалада анын кандай дос болгону тууралуу кененирээк айтылат.