Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Чыныгы байлыкты таптым

Чыныгы байлыкты таптым
  • Туулган жылы: 1968

  • Өлкөсү: Кошмо Штаттар

  • Мурун: Кудайдан бай болсом экен деп тиленген, ийгиликке жеткен ишкер

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

 Мен Нью-Йорк штатынын Рочестер шаарында католиктердин үй-бүлөсүндө чоңоюп-өскөм. Ата-энем сегиз жашымда эле ажырашып кетишкен. Жөнөкөй батирде турган апамдыкында беш күн болчумун. Ишемби, жекшемби күндөрү болсо бай райондо жашаган атамдыкына барчумун. Апамдын алты баланы багыш үчүн жанын сабап иштеп жатканын көргөндө бай болуп, үй-бүлөмдү баксам деп кыялданчумун.

 Атам менин бутума туруп, эч нерседен кем болбой жашашымды каалачу. Ошол себептен ал мени мейманкана иштетүү боюнча беделдүү бир мектепке алып барып келүүнү сунуштады. Мектеп мага аябай жакты. Ошондуктан ага тапшырууну чечтим. Кудай менин бай болсом, бактылуу болсом деген тилегиме ошентип жооп берип жатат деп ойлогом. Ошентип, ал жерден мейманкана менежменти, соода укугу жана финансыларды башкаруу боюнча 5 жыл билим алдым. Ошол эле учурда Лас-Вегас штатынын Невада шаарындагы казино-мейманканада иштеп жүрдүм.

Менин жумушум казино ойногону келген чириген байларга кызмат кылууну камтычу

 22 жашымда казино-мейманкананын вице-президентинин жардамчысы болуп калдым. Башкалар мени чөнтөгү түптүү, ийгиликтүү ишкер деп эсептешчү. Эл жебеген тамактан жеп, кымбат-кымбат шараптардан, ликёрлордон иччүмүн. Ишкер досторум: «Биринчи кезекте акчаны ойлош керек. Акчаң болсо, баарына жетесиң»,— деп айтышчу. Алар бакыттын сыры акчада деп ойлошчу.

 Менин жумушум Лас-Вегаска казино ойногону келген чириген байларга кызмат кылууну камтычу. Акчасы ашып-ташып турса да, алар бактысыз көрүнчү. Мен да өзүмдү бактысыз сезе баштадым. Акчаны күрөп тапкан сайын, тынчым кетип, уйкум каччу болду. Атүгүл өмүрүмдү кыйсамбы деп ойлогон күндөрүм да болгон. Маңызсыз жашоомо ушунчалык тоюп кеткендиктен Кудайга кайрылып: «Чыныгы бакытты каяктан тапсам болот?» — деп сурадым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

 Ошол кезде Жахабанын Күбөсү болгон эки эжем Лас-Вегаска көчүп келди. Эжелерим берген адабиятты албасам да, алар менен чогуу өзүмдүн Ыйык Китебимди окуганга макул болдум. Менин Ыйык Китебимде Иса Машаяктын сөздөрү кызыл тамгалар менен жазылган болчу. Мен Исанын сөздөрүнө аябай маани берчүмүн. Ошон үчүн эжелерим менин көңүлүмдү Исанын сөздөрүнө бурушчу. Ыйык Китепти өз алдымча да окуй баштадым.

 Ыйык Китептен окуп-билгендерим мени абдан таң калтырды. Мисалы, Иса: «Тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайталай бербе, себеби алар көп сөз айтканда Кудай угат деп ойлошот»,— деп айткан (Матай 6:7). Мурда бир дин кызматчы мага Исанын сүрөтүн берип: «Ушуну карап алып, он жолу „Асмандагы Атабыз“, он жолу „Аве Мария“ деп кайталасаң, Кудай сага канча керек болсо, ошончо акча берет»,— деп айткан болчу. Ошондо: «Бир сөздү кайра-кайра кайталап жатканым Исанын сөздөрүнө карама-каршы келбейби?» — деп ойлондум. Ошондой эле Исанын: «Жер үстүндө эч кимди „Ата“ деп атабагыла, анткени бир эле Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар»,— деген сөздөрүн окуп калдым (Матай 23:9). Бул сөздөрдү окуганда: «Эмне үчүн биздин чиркөөдөгүлөр дин кызматчыларга „Ата“ деп кайрылышат?» — деп ой жүгүрттүм.

 Өзгөчө, Жакып китебинде жазылгандарды окуганда кандай жашап жатканым жөнүндө терең ойлондум. Ал китептин 4-бөлүмүндө: «Дүйнө менен дос болуу Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби? Андыктан ким дүйнө менен дос болгусу келсе, ал Кудайга душман болот»,— деп жазылыптыр (Жакып 4:4). 17-аятта жазылган сөздөр андан да катуу таасир этти. Ал жерде: «Ким кантип туура иш кылыш керектигин билсе, бирок кылбаса, ал күнөө кылган болот»,— деп жазылган. Ошондо эжелериме чалып, казино-мейманканадагы кумар оюндары, ач көздүк сыяктуу нерселер Ыйык Китепке каршы келгендиктен ал жердеги жумушумду таштайын деп жатканымды айттым.

«Өзгөчө, Жакып китебинде жазылгандарды окуганда кандай жашап жатканым жөнүндө терең ойлондум»

 Кудайга жакындап, ата-энем, бир туугандарым менен кайрадан ынак болгум келе баштады. Ошол себептен аларга көбүрөөк убакыт бөлүш үчүн жашоомду өзгөртүүнү чечтим. Бирок бул оңойго турган жок. Мисалы, казино-мейманканадагылар жумушуңдан көтөрөбүз, айлыгыңды эки же үч эсе көбөйтүп беребиз деп сунушташты. Бирок бул тууралуу Кудайдан тиленип, андай жашоодон толугу менен баш тартууну чечтим. Жумушумду таштап, апамдын гаражына көчүп бардым. Аны чакан бөлмө кылып жасап алдым. Анан ошол эле жерде ресторандардын менюсун ламинация кылып иштей баштадым.

 Ыйык Китепте жазылгандар жашоодо маанилүү нерселерди биринчи орунга койгонго жардам берсе да, Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна бара элек болчумун. Ошон үчүн эжелерим менден: «Жахабанын Күбөлөрү сага эмнеси менен жакпайт?» — деп сурады. Мен аларга: «Силердин Жахаба Кудайыңар үй-бүлөлөрдү бөлүп-жарат экен. Силер Рождество менен туулган күндү белгилебейсиңер. Мен үчүн болсо үй-бүлөм менен чогуу боло турган андан башка күндөр жок»,— дедим. Муну укканда бир эжем ыйлап кирди. Ал: «Эмнеге ошол күндөрдү эле биз менен чогуу өткөрүшүң керек? Андан башка күндөр жокпу? Биз сени менен күн сайын чогуу болгубуз келет. Сен болсо ошол майрам күндөрү эле келесиң. Анда да өзүңдү милдеттүү сезгениң үчүн эле келесиң»,— деди. Анын сөздөрү жүрөгүмдү көзөп өткөндөй эле болду. Анан ага кошулуп, мен да ыйлай баштадым.

 Жахабанын Күбөлөрүнүн өз үй-бүлөсүн аябай жакшы көрөрүн, өзүмдүн туура эмес ой жүгүрткөнүмдү түшүнгөндө Падышалык залындагы жолугушууларга барууну чечтим. Ал жерден Ыйык Китепте жазылгандарды жакшы окутуп-үйрөткөн Кевин деген тажрыйбалуу Жахабанын Күбөсү менен тааныштым. Экөөбүз Ыйык Китепти изилдей баштадык.

 Кевин жубайы экөө жөнөкөй жашашчу. Алар убактысынын көбүн башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты билгенге жардам берүүгө арнашчу. Алардын тапкан акчасы Африкага, Борбордук Америкага барып, Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарын курганга жардам бергенге да жетчү. Алардын чындап бактылуу экени көрүнүп турчу. Бири-бирин да аябай жакшы көрүшчү. Аларды көргөндө: «Мен так ушундай жашоону кыялданып келгем»,— деп ойлондум.

 Кевин мага миссионердик кызматтын канчалык кубаныч алып келери жөнүндө бир видео көрсөттү. Ал видеону көргөндөн кийин мен да миссионер болгум келип калды. Ыйык Китепти 6 ай изилдегенден кийин 1995-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Эми Кудайдан байлык сурагандын ордуна: «Мени жакыр да, бай да кыла көрбө»,— деп тиленип калдым (Накыл сөздөр 30:8).

ПАЙДАСЫ

 Азыр мен кадимки байлыкка эмес, рухий байлыкка тунуп жашап жатам. Нуриа деген сонун жубайым бар. Ал экөөбүз Гондурастан таанышканбыз. Экөөбүз Панамада миссионер болуп кызмат кылдык. Азыр болсо Мексикада кызмат кылып жатабыз. Мен Ыйык Китептеги: «Жахабанын батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин түшүндүм (Накыл сөздөр 10:22).