Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Барган сайын жаман болуп, бузулуп кете бердим

Барган сайын жаман болуп, бузулуп кете бердим
  • Туулган жылы: 1971

  • Өлкөсү: Тонга

  • Мурун: Баңгизат колдонгон, түрмөдө отурган

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Биз Тынч океандын түштүк-батышында жайгашкан, 170тей аралдан турган Тонга мамлекетинен болобуз. Тонгада начар турчубуз: электр жарыгы, унаабыз да жок эле. Бирок үйүбүздөн суу чыкчу, анча-мынча тоогубуз да бар болчу. Каникул учурунда байкем, иним болуп атама жерибизди иштеткенге жардам берчүбүз. Биз банан, ямс, таро жана маниока өстүрчүбүз. Атам бизди багыш үчүн ошолорду сатып, ар кандай кошумча жумуштарда иштей турган. Аралдын көптөгөн тургундарындай эле, үй-бүлөбүз менен Ыйык Китепти жогору баалап, дайыма чиркөөгө барып турар элек. Бирок жакшы жашаш үчүн байыраак өлкөгө көчүп кетишибиз керек деп ойлочубуз.

16 жашымда таякем үй-бүлөбүздү Калифорнияга (АКШ) көчүрүп кетти. Ал жактын маданияты такыр башка болгондуктан, бир топ эле кыйналдык. Жашообуз жакшырганы менен, кылмышкерлик, баңгизат колдонуу кеңири тараган жакыр аймакта турчубуз. Түндө ок атылганын көп укчубуз. Кошуналарыбыздын көбү качан кылмыштуу топ кол салып кетет деп коркуп жашачу. Көптөр өздөрүн коргош үчүн курал көтөрүп жүрөр эле. Чыр-чатактарын да ошону менен чечишчү. Бир жолу ошондой уруш-талаш болуп, төшкө ок жегем. Тагы азыркыга чейин бар.

Жогорку класстарда окуп жүргөндө башка балдар кылганды кылгым келе баштады. Бара-бара адеп-ахлаксыз иштер менен коштолгон, ичимдик суудай ичилген, уруш-жаңжалдар көп болгон жана баңгизат колдонулган отуруштарга көп барчу болдум. Кийин кокаинге байланып калдым. Баңгизат сатып алыш үчүн уурулукка да бара баштадым. Үй-бүлөмдөгүлөр динчил адамдар болгондуктан дайыма чиркөөгө барып турчубуз. Бирок ал жерде досторумдун кысымына алдырбаганга үндөгөн эч нерсе айтылчу эмес. Зордук-зомбулукка жаткан иштерди кылганым үчүн көп жолу камакка алындым. Барган сайын жаман болуп, бузулуп кете бердим. Акыры, түрмөгө түштүм.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

1997-жылы түрмөдө чогуу отурган киши бир күнү Ыйык Китеп алып жүргөнүмдү байкап калды. Ал Рождество учуру болчу. Тонгада жашагандардын көбү ал күндү ыйык тутушат. Ал киши менден Исанын качан туулганы жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин билер-билбесимди сурады. Мен ал тууралуу эч нерсе билчү эмесмин. Ал мага Исанын төрөлгөнү жөнүндө жазылган Ыйык Китептеги билдирүүнү көрсөттү. Ошондо Рождествого байланышы бар көптөгөн каада-салттар тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбай турганын түшүндүм (Матай 2:1—12; Лука 2:5—14). Муну билгенде дал болуп эле туруп калдым. Анан Ыйык Китепте дагы эмнелер тууралуу айтылат болду экен деп ойлондум. Ал киши Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөдө жума сайын өткөрүлгөн жолугушууларына барып жүрчү экен. Мен да аны менен чогуу барып көрөйүн дедим. Алар Ыйык Китептеги Аян китебин талкуулап жатышыптыр. Ал жерде айтылгандарды бир аз эле түшүнсөм да, окутуп-үйрөткөндөрү Ыйык Китепке негизделерин байкадым.

Жахабанын Күбөлөрү өзүмдүн Ыйык Китебимди алар менен чогуу изилдеп көрүүнү сунуштаганда, дароо эле макул болдум. Жер бети бейишке айланары жөнүндө айтылган Ыйык Китептеги убада тууралуу ошондо биринчи жолу билдим (Ышая 35:5—8). Ошондой эле Кудайга жагыш үчүн жашоомду түп-тамыры менен өзгөртүшүм керектигине ынандым. Жаман адаттарыман арылбасам, Жахаба Кудайдын Бейишке киришиме жол бербей турганын да түшүндүм (1 Корунттуктар 6:9, 10). Ошондуктан ачуулуу болбогонго, тамекимди таштаганга, ичкиликти такыр оозго албаганга, баңгизаттан арылганга бел байладым.

1999-жылы, жаза мөөнөтүм аяктайын деп калганда, мени башка түрмөгө которушту. Бир жылдан ашык убакыт бою Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша албай жүрдүм. Бирок жашоомду өзгөртө берүүгө чечкиндүү болчумун. 2000-жылы өкмөт Кошмо Штаттарда калышыма уруксат бербей койгондуктан, мени Тонгага депортация кылышты.

Тонгага барарым менен Жахабанын Күбөлөрүн издеп таап, Ыйык Китепти изилдөөнү уланттым. Ыйык Китептен билгендерим аябай жакты. Аралдагы Жахабанын Күбөлөрү, Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрүндөй эле, окутуп-үйрөткөндөрүн Ыйык Жазмага негиздешерин көргөндө аябай таасирлендим.

Атам чиркөөдө жооптуу кызматты аркалагандыктан, аймагыбызда белгилүү киши болчу. Ошон үчүн үй-бүлөм Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштаганымда таң калып, атүгүл жактырбай жүрдү. Бирок Ыйык Китептеги принциптерди колдонгонумдун аркасында оңолуп жатканыма сүйүнүштү.

Тонгадагы эркектердин көбүндөй болуп, жума сайын бир канча саат бою кава иччүмүн

Өзгөрүшүмө тоскоолдук кылган кыйынчылыктардын бири биздин эл көп ичкен ичимдикти таштоо болду. Тонгада жашаган эркектердин көбү кава деп аталган, калемпирдин тамырынан алынган, магдыратып, эс алдыра турган ичимдикти жумалап ичишет. Мекениме кайтып келгенден кийин дээрлик күндө кечинде кава ичкен клубдарга барып, эс учумду билбей мас болгуча ичүүнү адат кылып алдым. Буга Ыйык Китепти баалабаган досторум да себеп болду. Акыры, минтип жүргөнүм Кудайдын жүрөгүн оорутарын түшүндүм. Ошондуктан Кудайга жагып, анын батасын алыш үчүн оңолоюн дедим.

Анан Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларын калтырбай бара баштадым. Кудайга жагууну көздөгөн адамдар менен пикирлешкеним азгырыктарды четке кагууга жардам берди. Ошентип, 2002-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум.

ПАЙДАСЫ

Кудайдын мага чыдамдуулук менен мамиле кылганынын аркасында көп пайда алдым. Анын чыдамдуулугу тууралуу Ыйык Китепте: «Жахаба... эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан силерге чыдамдуулук көрсөтүп жатат»,— деп айтылат (2 Петир 3:9). Ал ыймансыздыкка толгон бул дүйнөнү эчак эле жок кылып коё алмак. Бирок мага окшогон адамдардын аны менен ынак мамиле өрчүтүшүн каалагандыктан узак убакыттан бери чыдап келатат. Ал мендей болгон адамдарга оңолгонго жардам бериш үчүн мени колдонушу мүмкүн деп ойлойм.

Жахабанын күчү менен оңолдум, болбосо жашоомду эчак эле талкалап бүтмөкмүн. Азыр өлүмгө дуушар кыла турган баңгизатты сатып алыш үчүн уурдабай калдым. Анын ордуна, башкалардын да Жахаба менен дос болушуна көмөк кылып жатам. Жахабанын элине кошулганымдын аркасында жанымдай жакшы көргөн жубайым Тиини жолуктурдум. Учурда уулубуз үчөөбүз бактылуу өмүр сүрүп жатабыз. Үй-бүлөм менен чогуу башкаларга Ыйык Китептен тынчтык өкүм сүрө турган заман тууралуу билгенге жардам берип жатам.