Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү туулган күндү эмне үчүн белгилешпейт?

Жахабанын Күбөлөрү туулган күндү эмне үчүн белгилешпейт?

 Биз, Жахабанын Күбөлөрү, туулган күндү белгилөө Кудайга жакпай турганын билгендиктен аны майрамдабайбыз. Ыйык Китепте туулган күндү белгилөөгө ачыктан-ачык тыю салынбаса да, андан ал майрамга байланыштуу айрым нерселерди жана Кудайдын ага карата болгон көз карашын биле алабыз. Эмесе, туулган күнгө байланыштуу төрт нерсени жана Ыйык Китептеги принциптерди карап көрөлү.

  1.   Туулган күндү белгилөө бутпарастардын каада-салттарынан келип чыккан. Уламыштар түшүндүрүлгөн бир сөздүктө «каардуу рухтар менен күчтөр адамга туулган күнүндө кол салышы мүмкүн», бирок «ошол күнү досторунун анын жанында болуп, жакшы каалоо-тилектерин айтып турганы аны коргойт» дегенге ишенгендиктен аны белгилей баштаганы жазылган («Funk & Wagnalls Standard Dictionary of Folklore, Mythology, and Legend»). Дагы бир китепте байыркы учурда «адамдын туулган күнүн жазуу мистикалык астрология илиминин бир бөлүгү деп эсептелген жылдыз төлгөнү түзүү үчүн зарыл болгону» айтылат. Ошондой эле ал китепте бутпарас элдердин «туулган күндөгү торттун үстүндөгү шамдар каалоолорду орундата турган сыйкырдуу күчкө ээ дегенге ишенишкени» жазылган («The Lore of Birthdays»).

     Бирок Ыйык Китепте сыйкырчылык кылууга, төлгө ачууга, спиритизмге аралашууга жана башка ушу сыяктуу нерселерди кылууга тыю салынат (Мыйзам 18:14; Галатиялыктар 5:19—21). Байыркы Вавилондо жылдызды карап төлгө тартуу кеңири жайылган болчу. Кудай ал шаарды эмне үчүн талкалаганынын бир себеби ушунда (Ышая 47:11—15). Жахабанын Күбөлөрү бардык эле каада-салттардын каяктан келип чыкканын казып изилдей бербейт, бирок Ыйык Жазмадан кайсы бир каада-салттын бутпарас элдин ырым-жырымына негизделгени айкын көрүнсө, буга маани бербей коюшпайт.

  2.   Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары туулган күндү белгилешчү эмес. «Уорлд бук энциклопедиясында» алардын «туулган күндү белгилөө бутпарас элдердин үрп-адатынан келип чыккан майрам деп эсептешкени» айтылат. Ыйык Китептен Иса Машаяктын жолдоочулары элчилердин жана Иса өзү окуткан адамдардын үлгүсүнө бекем карманышы керектигин билүүгө болот (2 Тесалоникалыктар 3:6).

  3.   Иса Машаяктын жолдоочулары туулган күндү эмес, Иса Машаяктын өлгөн күнүн гана белгилеши керек (Лука 22:17—20). Биз буга таң калбайбыз, анткени Ыйык Китепте: «Адамдын өлгөн күнү туулган күнүнөн артык»,— деп жазылган (Насаатчы 7:1). Иса төрөлгөн күнүнүн негизинде эмес, өлгөн күнү кылган ишинин негизинде Кудайдын көз алдында жакшы атка ээ болгон. Андыктан анын төрөлгөн күнүнөн да, өлгөн күнү маанилүү болгон (Еврейлер 1:4).

  4.   Ыйык Китептин эч бир жеринде Кудайдын кызматчыларынын туулган күнүн белгилешкени айтылбайт. Алар туулган күндү белгилешсе, сөзсүз жазылмак. Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылбаган эки кишинин туулган күнүн белгилегени жөнүндө эле айтылат. Бирок ошол эки билдирүүдө тең ал майрамда жаман иш болгонун окуй алабыз (Башталыш 40:20—22; Марк 6:21—29).

Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары туулган күнүн белгилебегине жаман болушабы?

 Бардык жакшы ата-энелердей эле, Жахабанын Күбөсү болгон ата-энелер балдарына аларды жакшы көрөрүн дайыма билдирип, каалаган учурда белек беришет жана чогулуп көңүл ачып турушат. Алар балдарына дайыма жакшы нерселерди берип турган Кудайдан үлгү алууга умтулушат (Матай 7:11). Төмөндө айрым балдардын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары туулган күнүн белгилебегине эч кейишпейт.

  •   «Мага мен күтпөгөн учурда белек беришкенде, абдан сүйүнөм» (Тами, 12 жаш).

  •   «Мен туулган күнүмдү белгилебейм, ошентсе да ата-энем башка учурларда мага белек берип турушат. Алардын мен такыр күтпөгөндө белек бергени аябай жагат» (Грегори, 11 жаш).

  •   «Он мүнөт таттуу бир нерселерди жеп, ыр ырдап коюуну майрам деп ойлойсузбу? Биздин үйгө келсеңиз — чыныгы майрам кандай болорун көрөсүз!» (Эрик, 6 жаш).