Мазмунун көрсөтүү

Башка диндерге карата Жахабанын Күбөлөрү кандай көз карашта?

Башка диндерге карата Жахабанын Күбөлөрү кандай көз карашта?

 Биз башкаларга мамиле кылууда, алар кайсы гана динди тутпасын, Ыйык Китептеги: «Бардык адамдарды урматтагыла»,— деген кеңешти колдонууга умтулабыз (1 Петир 2:17). Алсак, айрым өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү жүз миңдеп саналат. Ошентсе да биз башка диндердин ишин чектешин же алардын ишине тыюу салышын талап кылып бийлик башындагыларга жана мыйзам чыгаруучуларга кысым көрсөтпөйбүз. Ошондой эле адеп-ахлактуулукка байланышкан көз карашыбызды, диний окууларыбызды коомчулукка таңуулагыдай мыйзамдарды кабыл алдыруу максатын көздөбөйбүз. Башкалар бизди түшүнгөнгө аракет кылгандай эле, биз да башкаларды түшүнгөнгө аракет кылабыз (Матай 7:12).