Галатиялыктар 2:1—21
2 Кийин, он төрт жыл өткөн соң, Титти да жаныма алып, Барнаба+ менен бирге кайрадан Иерусалимге баргам+.
2 Ал жакка аян алгандыктан баргам+. Куру бекер чуркап бараткандай+ же мурун куру бекер чуркагандай болбошум үчүн+, мен башка элдердин арасында жарыялап жаткан жакшы кабарды көрүнүктүү бир туугандарга жекече айтып бергем+.
3 Алар атүгүл мени менен жүргөн Титти+ да, грек экенине карабастан, сүннөткө отургузулууга+ мажбурлашкан эмес.
4 Бирок ал маселе жыйналышка билинбей кирип алган+ жалган бир туугандардын+ айынан көтөрүлгөн. Машаяк Исанын шакирттери катары ээ болгон эркиндигибиз+ жөнүндө билип алып, бизди толугу менен кулга айландыруу үчүн+, алар тыңчылар сыяктуу арабызга тымызын кирип алышкан.
5 Биз болсо, жакшы кабарда камтылган чындык+ силер менен болушу үчүн, аларга бир азга да моюн сунуп, баш ийген жокпуз+.
6 Ал эми көрүнүктүү деп эсептелгендер+ мага эч кандай жаңы нерсе айтышкан жок. Алардын мурун ким болгону мен үчүн маанилүү эмес+, анткени Кудай адамга сырткы көрүнүшүнө карап баа бербейт+.
7 Петирге сүннөткө отургузулгандарга жакшы кабар айтуу иши тапшырылгандай эле+, мага сүннөткө отургузулбагандарга+ жакшы кабар айтуу иши тапшырылганын+ көрүшкөндө,
8 (анткени Петирге сүннөткө отургузулгандарга элчи катары кызмат кылууга бийлик берген Кудай мага да башка элдерге кызмат кылууга бийлик берген)+
9 ошондой эле мага ырайым+ көрсөтүлгөнүн+ билишкенде жыйналыштын тиреги деп эсептелгендер+: Жакып+, Кейфа жана Жакан биздин башка элдерге барышыбызга, ал эми өздөрүнүн сүннөткө отургузулгандарга барышына макулдугун билдирип+, Барнаба+ экөөбүзгө оң колдорун сунушту.
10 Алар бизге, болгону эле, жакырларды унутпашыбыз керектигин айтышты+. Мен ошого бүт күчүм менен аракет кылып келатам+.
11 Бирок Кейфа+ Антиохияга+ келгенде, мен анын кылганы туура эмес экенин бетине айткам+.
12 Анткени Жакып жиберген кишилер келгенге чейин+, Кейфа башка улуттагылар менен чогуу тамактанып жүргөн+. Бирок сүннөткө отургузулган тиги кишилер келгенде, алардан коркуп+, сүннөткө отургузулбагандардан+ оолактап, бөлүнө баштаган.
13 Ага кошулуп, башка жүйүттөр да анткорлоно башташкан+, аларга атүгүл Барнаба+ да кошулган.
14 Ошондо алардын жакшы кабарда камтылган чындыкка ылайык иш кылбаганын көрүп+, мен баарынын көзүнчө Кейфага+: «Эгер сен жүйүт болуп туруп, жүйүттөрдөй эмес, башка элдердей жашап жатсаң, анда эмнеге аларды жүйүттөрдүн салтына ылайык жашоого мажбурлайсың?» — деп айткам+.
15 Биз башка элдерден чыккан күнөөкөрлөр эмеспиз+, төрөлгөнүбүздөн тартып жүйүтпүз+.
16 Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Машаяк Исага болгон ишеними аркылуу гана адил деп жарыяланарын билип+, биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машаякка болгон ишенимибиз аркылуу+ адил деп жарыяланышыбыз үчүн+ ага ишенип калдык. Анткени мыйзамда талап кылынган иштерди аткаруу менен эч ким Кудайдын алдында адил деп жарыяланбайт+.
17 Эгер Машаяк аркылуу адил деп жарыяланууга умтулуп жатып+ башкалар тарабынан күнөөкөр деп эсептелсек+, анда Машаяк күнөөнүн кызматчысы болуп калабы?+ Эч качан!
18 Эгер бир кезде өзүм талкалаганды кайра куруп жатсам+, анда мыйзам бузуучу экенимди көрсөтүп жатам+.
19 Анткени Кудай үчүн жашайын деп+, мыйзам аркылуу мыйзам үчүн өлгөм+.
20 Мен Машаяк менен бирге устунга кадалгам+. Азыр мен эмес+, мени менен биримдикте болгон Машаяк+ жашап жатат. Ооба, азыр өткөрүп жаткан өмүрүмдү+ мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген Кудай Уулуна+ ишенүү менен өткөрүп жатам.
21 Мен Кудайдын ырайымын+ четке какпайм, анткени адам адилдикке мыйзам аркылуу жетсе+, анда Машаяк бекер эле өлгөн+.