Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса төлөгөн кундун сиз үчүн кандай пайдасы бар?

Иса төлөгөн кундун сиз үчүн кандай пайдасы бар?

 Жыл сайын Жахабанын Күбөлөрү жана алар чакырган миллиондогон кишилер дүйнө жүзү боюнча Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү үчүн чогулушат. Муну Иса өзү осуят кылган (Лука 22:19). Бул азем Иса бүт адамзат үчүн өмүрүн бергенде кандай маанилүү иш кылганын түшүнгөнгө жардам берет. Ошондой эле ал төлөгөн кун биз үчүн азыр да, келечекте да эмнени билдирерин айкын кылат (Жакан 3:16).

 Быйыл Исанын өлгөн күнүн эскерүүгө катыша аласыңарбы же жокпу, силерге ал төлөгөн кундун пайдасы тийиши үчүн, эмне кылсаңар болот? Иса Машаяк өзү эки маанилүү нерсени кылышыбыз керектигин айткан.

  1.  1. Кудай жана Иса жөнүндө билим алуу. Иса асмандагы Атасына — Кудайга — кайрылып тиленип жатканда мындай деген: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл» (Жакан 17:3).

  2.  2. Окуп-билгендерибизди жашоодо колдонуу. Иса өзү үйрөткөн нерселерди жашоодо колдонушубуз керектигин баса белгилеген. Алсак, ал көптөргө белгилүү насаатын кулак каккан жана «аларды аткарган ар бир адамды» мактоо сөздөрү менен жыйынтыктаган (Лука 6:46—48). Дагы бир жолу ал: «Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар»,— деген (Жакан 13:17).

 Кудай менен Иса Машаяк тууралуу көбүрөөк билгиңер келеби? Окуп-билгендериңерди иш жүзүндө колдонгонго жардам керекпи? Силерге төмөнкү маалыматтын пайдасы тийиши мүмкүн:

Ыйык Китепти изилдөө

 Биз Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштайбыз. Мындай изилдөө көптөргө Ыйык Китепти түшүнгөнгө жана окуп-билгендерин жашоодо колдонгонго жардам берип келет.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуулары

 Жахабанын Күбөлөрү жумасына эки жолу Падышалык залына чогулуп турушат. Алардын Кудайга сыйынган жерлери ушинтип аталат. Жыйналыштан алар Ыйык Китепте жазылгандарды жана андан окуп-билгендерин жашоодо кантип колдонсо болорун талкуулашат.

 Жыйналыштардын эшиги бардыгы үчүн ачык. Ал жакка барыш үчүн Жахабанын Күбөсү болуу талап эмес. Жагдай-шартка жараша, жыйналышка бетме-бет же видеобайланыш аркылуу катышсаңар болот.

  •   Жыйналыш кантип өткөрүлөрү жөнүндө жалпы түшүнүк алгыңар келсе, «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген видеону көрүп көрсөңөр болот.

Онлайн макалалар жана видеолор

 Бул веб-сайттагы көптөгөн макалалар менен видеолордон Иса Машаяктын эмнелер жөнүндө окутканын биле аласыңар. Ошондой эле анын өз өмүрүн кун катары бергенине ыраазычылыгыңар артат.

 Алсак, кантип эле бир кишинин өлүмү миллиондогондорго пайдасын тийгизерин билгиңер келсе, «Иса Машаяк кантип куткарат?» жана «Эмне үчүн азап чеккен жана өлгөн?» деген макалаларды окуп көргүлө. Ошондой эле «Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?» деп аталган видеону көрсөңөр болот.