Мазмунун көрсөтүү

Азап-кайгыдан арылабызбы?

Азап-кайгыдан арылабызбы?

Сиз кандай деп ойлойсуз?

  • Ооба.

  • Жок.

  • Балким.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:3, 4, «Жаңы дүйнө котормосу»).

МУНУ БИЛҮҮНҮН СИЗГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Кыйынчылыктардын болуп жатканына Кудай күнөөлүү эмес экенине ынанасыз (Жакып 1:13).

Кыйналганыбызда Кудай бизге боору ооруй турганын билип, соороносуз (Закарыя 2:8).

Азап-кайгынын баарынан арыларыңызга үмүт пайда болот (Забур 37:9—11).

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Ооба. Буга, бери дегенде, эки себеп бар:

  • Кудай азап-кайгынын, адилетсиздиктин болушун каалабайт. Байыркы убакта душмандар Жахаба Кудайдын кызматчыларына жаман мамиле кылышканда, ал кандай сезимде болгон? Ыйык Китепте айтылгандай, ал аларга «туш тараптан кысым көрсөтүлгөнүн» көрүп, аябай кайгырган (Бийлер 2:18).

    Кудай башкаларга зыян келтиргендерге көз жумуп койбойт. Мисалы, Ыйык Китепте «жазыксыз кишинин канын төккөн кол» анын көз алдында жийиркеничтүү экени айтылат (Накыл сөздөр 6:16, 17).

  • Кудай ар бирибизге кам көрөт. Адамдын «башына түшкөн кырсыкты, кайгыны» анын өзү эле эмес, Жахаба да жакшы билет (2 Жылнаама 6:29, 30).

Жахаба жакында өзүнүн Падышалыгы аркылуу ар бир адамды азап-кайгыдан арылтат (Матай 6:9, 10). Бүгүнкү күндө болсо ал аны чын ниеттен издегендерди боорукердик менен сооротууда (Элчилер 17:27; 2 Корунттуктар 1:3, 4).

 КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Кудай эмне үчүн азап-кайгынын болушуна жол берүүдө?

Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: РИМДИКТЕР 5:12; 2 ПЕТИР 3:9.