Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тоолорунда жез кени бар»

«Тоолорунда жез кени бар»

Жүйүт чөлүндөгү капчыгайлар менен үңкүрлөрдү изилдеп жаткан археологдордун тобу асканын боорунан бир үңкүр табат. Ал үңкүрдөн байыркы дүйнөдөн калган калдыктарды же Жансыз деңиз түрмөктөрү сыяктуу баалуу нерселерди таба алышабы? Күтүүсүз жерден алар кийин Нахал Мишмар кенчи деп аталып калган баа жеткис табылга табышат.

САМАНДАН токулган нерсеге оролуп, үңкүрдүн капталындагы жаракага катылган ал кенч 1961-жылдын март айында табылган. Анын ичинде 400дөн ашуун нерсе, алсак, таажынын түрлөрү, падышалардын таяктары, ар кандай шаймандар жана курал-жарактар болгон. Башталыш 4:22де «жез менен темирден ар кандай куралдарды жасаган» Тубалкабыл жөнүндө айтылат. Муну эске алганда, бул табылга Ыйык Китепти окугандарга кызыктуу болору шексиз.

Ал кенчтин тарых-таржымалына байланыштуу көптөгөн суроолор жоопсуз калууда. Анткен менен анын табылышы Ыйык Китепте айтылган жерлерде тээ байыркы убакта эле адамдардын жез казышканын, иштетишкенин, андан ар кандай нерселерди жасашканын көрсөтүп турат.

ИЗРАИЛДЕГИ, АНЫН ТЕГЕРЕК-ЧЕТИНДЕГИ ЖЕЗ КЕНИ

Ысрайылдыктар Кудай убада кылган жерге кирердин алдында Муса пайгамбар аларга: «Ал жердин... тоолорунда жез кени бар»,— деп айткан (Мыйзам 8:7—9). Археологдор Израилдеги жана Иорданиядагы Фейнан, Тимна, Хирбат-эн-Нахас деген аймактардан жез казылып алынган жана иштетилген көп жерлерди табышкан. Ошондой жерлердин болгону эмнени далилдейт?

Фейнан жана Тимна аймактарынан дээрлик 2000 жыл бою жез алынып келген анча терең эмес көптөгөн чуңкурларды көрүүгө болот. Атүгүл бүгүнкү күндө да ал жакка баргандар курамында жез бар жашыл темгилдүү таштардын сыныктарын ар жерден кездештире алышат. Байыркы убактагы кен казгандар жердин үстүнкү катмарынан жез алыш үчүн таштан жасалган шаймандарды колдонуп абдан оор эмгектенишчү. Үстүнкү катмардагы жез кени түгөнгөндө, темир шаймандар менен жерди андан да терең казышкандыктан, чуңкурлар чоңоюп отуруп, шахталар, туннелдер пайда болчу. Ушул сыяктуу казуу иштери жөнүндө Ыйык Китептеги Аюп китебинде айтылып өтөт (Аюп 28:2—11). Жез алуу оңой-олтоң иштерден болгон эмес. 3—5-кылымдарда Римдин башкаруучулары оор кылмыш кылгандарды жана башка кылмышкерлерди Фейнандагы жез казылып алынган жерлердеги жумушка салышчу.

Хирбат-эн-Нахастан («жездин калдыктары» дегенди билдирет) табылган, чоң-чоң дөбө болуп үйүлгөн шлактар ошол жерде жез иштеткен өнөр жай болгонунан кабар берет. Изилдөөчүлөрдүн  айтымында, ал жакка жез кени жакын жердеги Фейнан жана Тимна сыяктуу кен чыккан жерлерден алынып келген. Жез алууда аны жыгачтын көмүрү жагылган, табы 1200 градуска чейин жеткен отто 8—10 саат эритишчү. Оттун табын күчөтүш үчүн каңдагыч аспап жана бут менен басылган көөрүктөр колдонулчу. Адатта, 5 килограмм жез кенинен 1 килограмм таза жез алына турган. Алынган жезден ар кандай нерселер жасалчу.

ЖЕЗДИН БАЙЫРКЫ ЫСРАЙЫЛДА КОЛДОНУЛУШУ

Синай тоосунда Жахаба Кудай ысрайыл элине ыйык чатырды курууда ошол жерден чыккан жалтырак жезди колдонууну буйруган, ошондой эле кийинчерээк Иерусалимдеги ибадаткана курулганда да жез колдонулган (Чыгуу 27-бөлүм). Сыягы, ысрайылдыктар металл иштеткенди Мисирге туткундалып кеткенге чейин же ошол жерде кулчулукта жүргөндө үйрөнүшкөн. Мисирден боштондукка чыгып, чөлдө жүргөн кезде алар музоонун сөлөкөтүн куюп жасай алышкан. Андан тышкары, жезден ыйык чатырда кызмат кылууда керектелчү ар кандай буюмдарды: чоң казандарды, мискейлерди, көмөч казандарды, калактарды, айрыларды жасашкан (Чыгуу 32:4).

Ысрайылдыктар чөл кезип жүргөндө, кыязы, жез көп чыккан Пунонго келгенде (учурдагы Фейнан болушу мүмкүн) манна жеп тажаганын, суу жок экенин айтып наалый башташкан. Жахаба Кудай аларды жазалаш үчүн уулуу жыландарды жибергенде, көп киши өлгөн. Ысрайылдыктар наалыгына өкүнгөндөн кийин, Муса пайгамбар Кудайдан элге ырайым кылышын өтүнгөн. Ошондо Жахаба ага жезден уулуу жыландын сөлөкөтүн жасап, шыргыйга кадап коюуну буйруган. Ыйык Китепте: «Жылан чаккандар жез жыланды карап, тирүү калып жатышты»,— деп айтылат (Сандар 21:4—10; 33:43).

ЖЕЗДИН СУЛАЙМАН ПАДЫШАНЫН УБАГЫНДА КОЛДОНУЛУШУ

Иерусалимдеги ибадаткананын көп бөлүгү жезден жасалган

Иерусалимдеги ибадаткананы курууда Сулайман падыша абдан көп жез колдонгон. Жездин көбү анын атасы Дөөтү сириялыктарды басып алганда алып келинген (1 Жылнаама 18:6—8). Дин кызматчылар жуунуп турушу үчүн жезден жасалган чоң казандын сыйымдуулугу 66 000 литр болгон, ал эми салмагы болжол менен 30 тоннага жеткен (1 Падышалар 7:23—26, 44—46). Ошондой эле ибадаткананын кире беришине жезден асман тиреген ичи көңдөй эки мамы жасалган. Алардын калыңдыгы 7,5 сантиметр, диаметри 1,7 метр, узундугу 8 метр келип, мамылардын үстүнө куюлган таажылардын бийиктиги 2,2 метр болгон (1 Падышалар 7:15, 16; 2 Жылнаама 4:17). Ушул нерселерди эле жасаганга канча жез кеткени таңыркатпай койбойт.

Ыйык Китепте айтылган адамдар жезди күндөлүк турмушунда да көп колдонушкан. Мисалы, ал китепте жезден жасалган курал-жарактар, кишендер жана музыкалык аспаптар жөнүндө айтылат (1 Шемуел 17:5, 6; 2 Падышалар 25:7; 1 Жылнаама 15:19; Забур 107:16). Ошондой эле Иса пайгамбар «жез тыйын» жөнүндө сөз кылган, ал эми элчи Пабыл «жез иштеткен Искендер» тууралуу айтып өткөн (Матай 10:9; 2 Тиметей 4:14).

Археологдор менен тарыхчылар байыркы убакта жезден жасалган көптөгөн нерселердин тарых-таржымалына, Нахал Мишмар кенчине байланыштуу суроолорго жооп таба албай келишет. Кандай болбосун, Ыйык Китепте жазылган билдирүүлөр ысрайыл элине мураска берилген жердин «тоолорунда жез кени бар» «жакшы жер» болгонун тастыктап турат (Мыйзам 8:7—9).